Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

114-БӨЛҮМ

Машаяктын койлорду эчкилерден бөлүшү

Машаяктын койлорду эчкилерден бөлүшү

МАТАЙ 25:31—46

  • КОЙЛОР ЖАНА ЭЧКИЛЕР ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Иса пайгамбар Зайтун тоосунда 10 кыз жана таланттар жөнүндө мисалдарды айтып берди. Ал катышуусунун убагына жана дүйнөнүн акырына байланыштуу суроого берген жообун койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисал менен корутундулайт.

Пайгамбар сөзүн: «Адам Уулу өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат»,— деп баштайт (Матай 25:31). Анын «адам Уулу» деп өзү жөнүндө айтканы шексиз. Анткени ал көп учурда өзүн ушинтип атачу (Матай 8:20; 9:6; 20:18, 28).

Пайгамбарлык мааниси бар бул мисал качан аткарылат? Иса Машаяк «өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурганда», аткарылат. Ал буга чейин «адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө күч-кубат жана улуу даңк менен» периштелердин коштоосунда келери жөнүндө айткан болчу. Бул качан болот? Алаамат бүтөр замат (Матай 24:29—31; Марк 13:26, 27; Лука 21:27). Демек, бул пайгамбарлык, Машаяк келечекте «даңк менен» келгенде, аткарылат. Ошондо ал эмне кылат?

«Адам Уулу... келгенде», «алдына бүт элдер чогултулат. Ал, койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге бөлөт. Койлорду оң жагына, эчкилерди сол жагына топтойт» (Матай 25:31—33).

Падышанын ырайымына ээ болгон койлор эмне болот? «Падыша оң жагындагыларга: „Атамдан бата алгандар, келгиле, дүйнө негизделгенден бери силер үчүн даярдалган Падышалыкты мурастагыла“,— дейт» (Матай 25:34). Койлор эмне үчүн Падышанын ырайымына ээ болушат?

Падыша: «Ачка болгонумда, мага тамак бергенсиңер. Суусаганымда, суусунумду кандыргансыңар. Жолоочу болуп жүргөнүмдө, меймандостук көрсөткөнсүңөр. Жылаңач калганымда, кийинткенсиңер. Ооруганымда, кам көргөнсүңөр. Түрмөдө отурганымда, келип тургансыңар»,— дейт. Койлор, «адил адамдар», ушуларды качан кылышканын сураганда, Падыша: «Буларды менин эң кичине бир туугандарымдын бирине кылганыңар — мага кылганыңар»,— деп жооп берет (Матай 25:35, 36, 40, 46). Алар мындай жакшы иштерди Машаяктын жердеги «бир туугандарына» кылышса керек, себеби асманда ооруган же ачка болгондор жок.

Падышанын сол жагына коюлган эчкилер эмне болот? «[Падыша] сол жагындагыларга: „Каргышка калгандар, кеткиле жанымдан! Ибилис менен анын периштелерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө. Анткени ачка болгонумда, силер мага эч нерсе берген эмессиңер. Суусаганымда, суусунумду кандырган эмессиңер. Жолоочу болуп жүргөнүмдө, меймандостук көрсөткөн эмессиңер. Жылаңач калганымда, кийинткен эмессиңер. Ооруганымда да, түрмөдө отурганымда да, мага кам көргөн эмессиңер“»,— дейт (Матай 25:41—43). Эчкилерге ушундай өкүм чыгарылганы туура, себеби алар Машаяктын «бир туугандарына» жакшы мамиле кылышы керек болчу, бирок антишкен эмес.

Элчилер сот күнүндө ар бир кишинин келечеги биротоло чечилерин түшүнүшкөн. Машаяк аларга мындай дейт: «Падыша [эчкилерге]: „Буларды менин эң кичине бир туугандарымдын бирине кылбаганыңар — мага кылбаганыңар“,— деп жооп берет. Ошентип, алар түбөлүккө жок кылынат, ал эми адил адамдар түбөлүк өмүргө ээ болушат» (Матай 25:45, 46).

Ооба, Машаяктын ар бир жолдоочусу Зайтун тоосунда айтылгандар жөнүндө терең ойлонушу керек. Ошондой эле көз карашын, иштерин текшергени маанилүү.