Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

119-БӨЛҮМ

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

ЖАКАН 14:1—31

  • ИСА МАШАЯК ОРУН ДАЯРДАГАНЫ КЕТЕРИН АЙТАТ

  • ЖАРДАМЧЫНЫ ЖИБЕРЕРИН УБАДАЛАЙТ

  • АТАСЫ ИСА МАШАЯКТАН УЛУК

Иса пайгамбар Эскерүү кечесин негиздегенден кийин элчилерин: «Жүрөк заада болбогула. Кудайга ишенгиле, мага да ишенгиле»,— деп бекемдейт (Жакан 13:36; 14:1).

Ал жакында асманга кетет. Бирок элчилери буга кайгырбашы керек. Ал: «Атамдын үйүндө орун көп... Мен силерге орун даярдаганы баратам. Барып, орун даярдаганымда кайра келем да, силер да менин жанымда болушуңар үчүн, силерди алып кетем»,— дейт. Бирок элчилер анын асманга кетери жөнүндө айтып жатканын түшүнүшпөйт. Томас: «Мырзам, биз сенин каякка баратканыңды билбейбиз. Анан кантип ал жолду билмек элек?» — деп сурайт (Жакан 14:2—5).

Мырзасы: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»,— деп жооп берет. Ооба, Машаяктын окууларына ылайык жашап, изи менен баскандар гана анын Атасынын асмандагы үйүнө кире алышат. Ошондуктан ал: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— дейт (Жакан 14:6).

Кунт коюп угуп турган Филип: «Мырзам, Атаңды көрсөтчү, бизге ошол эле жетиштүү»,— дейт. Ал, сыягы, Муса, Илияс, Ышая пайгамбарлардай болуп, Кудайдын улуулугун чагылдырган аян көргүсү келген окшойт. Бирок элчилер андан да сонун нерсени көрө алышкан. Мырзасы: «Филип, мен ушунча убактан бери силер менен жүрөм, ошондо да мени биле элексиңби? Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— дейт. Ал Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан, аны менен чогуу жүргөндөр, жүрүм-турумун байкагандар анын Атасын көргөндөй эле болушкан. Албетте, Атасы андан улук, андыктан ал: «Мен силерге өз оюман айтып жаткан жокмун»,— дейт (Жакан 14:8—10). Ал мыкты Устат болсо да, бардык даңкты Атасына ыйгарганын элчилер көрүп эле жүрүшкөн.

Алар анын кереметтерине күбө болушкан, жакшы кабарды жарыялаганын угушкан. Эми Устаты аларга: «Ким мага ишенсе, мен жасаган иштерди ал да жасай алат. Атүгүл андан да чоң иштерди жасайт»,— дейт (Жакан 14:12). Бул элчилердин Устатынан да көп кереметтерди жасаарын билдирген эмес. Алар жакшы кабарды чоң аймакта узак убакыт бою, алда канча көп элдерге жарыялашмак.

Машаяктын асманга кетери аларды таштап коёрун билдирген эмес. Себеби ал: «Менин атыман эмне сурабагыла, аны аткарам»,— дейт. Анан: «Мен Атамдан суранам, ошондо ал силерге башка жардамчыны [чындык рухун] берет. Ал силер менен түбөлүккө болот»,— деп айтат (Жакан 14:14, 16, 17). Ооба, ал ыйык рух берилерин убада кылган. Ыйык рух Элүүнчү күн майрамында төгүлмөк.

Машаяк: «Бир аздан кийин дүйнө мени көрбөй калат, ал эми силер көрөсүңөр, анткени мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар»,— дейт (Жакан 14:19). Ал тирилгенден кийин шакирттерине көрүнмөк. Кийин болсо аларды асманда жашоого тирилтмек.

Иса пайгамбар элчилерине: «Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт. Ал эми мени сүйгөндү Атам сүйөт. Аны мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем»,— деп айтат. Ошондо Тадай деп да коюшкан Жүйүт: «Мырзам, эмнеге өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге ачып бергени жатасың?» — деп сурайт. Мырзасы: «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат. Ошондуктан Атам аны сүйөт... Ал эми ким мени сүйбөсө, ал менин сөздөрүмдү аткарбайт»,— деп жооп берет (Жакан 14:21—24). Машаяктын жолдоочуларынан айырмаланып, бул дүйнө анын жол, чындык жана өмүр экенине ишенбейт.

Иса Машаяк асманга кеткенден кийин, шакирттер анын айткандарын кантип эстешмек? Ал: «Кийин Атам менин атыман жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерге баарын үйрөтүп, айткандарымдын бардыгын эсиңерге салат»,— дейт. Буга чейин алар ыйык рухтун канчалык кубаттуу күч экенин көргөндүктөн, бул сөздөр аларды бекемдесе керек. Машаяк: «Мен силерге тынчтык калтырып жатам, өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам... Жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын»,— деп кошумчалайт (Жакан 14:26, 27). Ооба, коркууга себеп жок болчу. Кудай аларды жетектеп, коргомок.

Шакирттер Кудайдын коргоп жатканына көп өтпөй эле ынанышмак. Иса пайгамбар: «Бул дүйнөнүн башкаруучусу келатат. Менин үстүмөн анын бийлиги жок»,— дейт (Жакан 14:30). Ибилис Жүйүттүн ичине кирип, аны бийлеп алган эле. Бирок ал Машаякты Кудайга каршы иш кылууга түртүш үчүн андан эч кандай кынтык таба алган эмес. Ал аны көрдө түбөлүккө кармап кала да алмак эмес. Эмне үчүн? Машаяк: «Атам мага эмнени осуят кылса, ошону аткарам»,— деген. Ал эми Атасы аны сөзсүз тирилтмек (Жакан 14:31).