Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

121-БӨЛҮМ

«Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»

«Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»

ЖАКАН 16:1—33

  • ЖАКЫНДА ЭЛЧИЛЕР МЫРЗАСЫН КӨРБӨЙ КАЛЫШАТ

  • ЭЛЧИЛЕРДИН КАЙГЫСЫ КУБАНЫЧКА АЙЛАНАТ

Иса пайгамбар элчилери менен Пасах майрамын өткөргөн үйдөн кеткени жатат. Пайгамбар аларга көп насаат айтты. Ал: «Бул сөздөрдү силерге ишенимден тайбашыңар үчүн айттым»,— дейт. Эмне үчүн бул орундуу болгон? Мунун себеби тууралуу: «Силерди синагогалардан чыгарышат. Ал тургай, силерди өлтүрүп жаткандардын ар бири „Кудайга ыйык кызмат кылып жатам“ деп ойлой турган убак келет»,— дейт (Жакан 16:1, 2).

Муну уккан элчилер түпөйүлдөнүшсө керек. Себеби Мырзасы мурун дүйнөнүн аларды жек көрөрүн айтса да, аларды өлтүрөрүн ачык айта элек болчу. Эмне үчүн? «Араңарда жүргөндүктөн буларды башында айткан эмесмин»,— дейт ал (Жакан 16:4). Бирок азыр ылайыктуу убак, анткени жакында асманга кетет. Анын алдын ала эскерткени кийин элчилерине ишенимден тайбоого жардам бермек.

Машаяк андан ары: «Азыр болсо мени жибергенге баратам. Эч кимиңер менден: „Каякка баратасың?“ — деп сураган жоксуңар»,— дейт. Мурунку күнү алар андан каякка кетери жөнүндө сурашкан болчу (Жакан 13:36; 14:5; 16:5). Бирок куугунтук жөнүндө укканда коркунуч басып, капа болуп отуруп калышат. Ошондуктан келечекте кандай даңкка ээ болору жана Кудайдын кызматчыларынын кандай бата алары тууралуу сурашпайт. Иса пайгамбар: «Айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөрдү кайгы басты»,— дейт (Жакан 16:6).

Анан ал мындай деп түшүндүрөт: «Менин кеткеним силер үчүн жакшы. Анткени кетпесем, жардамчы келбейт. Ал эми кетсем, аны силерге жиберем» (Жакан 16:7). Иса Машаяк өлүп, асманга кеткенден кийин гана ыйык рухту жардамчы катары бүт дүйнө жүзүндөгү шакирттерине жибере алмак.

Ыйык рух «дүйнөгө күнөө, адилдик, сот деген эмне экенин айкын көрсөтмөк» (Жакан 16:8). Ооба, ыйык рух дүйнөнүн Кудайдын Уулуна ишенбегенин ачыкка чыгармак. Иса Машаяк асманга көтөрүлгөндө, анын адил болгону жана «бул дүйнөнүн башкаруучусунун», Шайтандын, катуу жазаланууга тийиш экени далилденмек (Жакан 16:11).

Пайгамбар сөзүн: «Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар»,— деп улайт. Ал кийин шакирттерине ыйык рух төкмөк. Ыйык рух аларга «чындыкты толук түшүнүүгө», ага ылайык жашоого жардам бермек (Жакан 16:12, 13).

Элчилер Мырзасынын: «Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр»,— дегенине таң калат. Андыктан бул сөздөрдүн эмнени билдирерин бири-биринен сурай башташат. Муну байкаган Мырзасы: «Силер боздоп ыйлайсыңар, дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат»,— дейт (Жакан 16:16, 20). Машаяк 14-нисанда өлтүрүлгөндө, диний жетекчилер кубанышмак, шакирттер болсо кайгырышмак. Ал эми ал тирилгенде, шакирттердин кайгысы кубанычка айланмак. Андан кийин алар дайыма кубанып жүрмөк, анткени Кудайдын ыйык руху төгүлмөк.

Мырзасы элчилеринин жагдайын толготуп жаткан аялдын жагдайына салыштырып: «Ай-күнү жетип, төрөп жатканда аял кыйналат. Бирок төрөгөндөн кийин дүйнөгө адам келгенине кубанып, кыйналганын унутуп коёт»,— дейт. Анан аларды: «Силер да азыр кайгырып жатасыңар, бирок мен силерди кайрадан көргөндө, жүрөгүңөр кубанычка толот жана ал кубанычыңарды эч ким тартып ала албайт»,— деп бекемдейт (Жакан 16:21, 22).

Ушул күнгө чейин элчилер Кудайга Иса Машаяктын атынан кайрылышкан эмес. Ал аларга: «Ошол күнү Атамдан менин атымдан сурайсыңар»,— дейт. Эмне үчүн? Атасынын аларды уккусу келбегени үчүнбү? Жок. Машаяк: «Мени жакшы көрүп, Атамдан келгениме ишенгениңер үчүн, Атам да силерди жакшы көрөт»,— дейт (Жакан 16:26, 27).

Мырзасынын сөздөрү элчилерине күч-кайрат берсе керек. Андыктан алар: «Биз сенин... Кудайдан келгениңе ишенебиз»,— дешет. Бирок жакында алардын ишеними сыналмак. Алдыда кандай окуялар болмок? Мырзасы: «Мына, ар кимиңер өз үйүңөргө качып, мени жалгыз калтырып кете турган убак келатат, атүгүл келип да калды»,— дейт. Бирок аларды бекемдеп, мындай дейт: «Мунун баарын мен аркылуу тынчтыкка ээ болушуңар үчүн айттым. Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим» (Жакан 16:30—33). Албетте, Мырзасы аларды таштап коймок эмес. Ал жолдоочуларынын да дүйнөнү жеңе аларынан эч шектенген эмес. Ошондой эле кынтыксыздыгынан тайдырууга аракет кылган Шайтан менен анын дүйнөсүнүн чабуулуна туруштук берерине жана Кудайдын эркин ишенимдүүлүк менен аткарарына ишенген.