Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

124-БӨЛҮМ

Жүйүт Мырзасын душмандарга салып берет

Жүйүт Мырзасын душмандарга салып берет

МАТАЙ 26:47—56; МАРК 14:43—52; ЛУКА 22:47—53; ЖАКАН 18:2—12

  • ЖҮЙҮТ ИСКАРИОТ МЫРЗАСЫНА ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛАТ

  • ПЕТИР БИРӨӨНҮН КУЛАГЫН ШЫЛЫЙ ЧАБАТ

  • МАШАЯКТЫ КАРМАП КЕТИШЕТ

Түн бир оокум. Жүйүт Искариот дин кызматчылар менен макулдашып, 30 күмүш тыйынга Мырзасын алардын колуна салып бермей болду. Ал бир топ кишини: жогорку дин кызматчыларды, фарисейлерди, куралданган Рим жоокерлери менен аскер башчысын Машаякка алып бармакчы болот.

Машаяк аны үстүнкү бөлмөдөн кетиргенден кийин, ал түз эле жогорку дин кызматчыларга барган көрүнөт (Жакан 13:27). Алар жан сакчылар менен жоокерлерди бир заматта чогулта калышат. Жүйүт аларды адегенде Мырзасы Пасахты өткөргөн үйгө алып барса керек. Ал жерде эч ким жок болгондуктан, Кидрон өзөнүн кечип, бакчага жөнөшөт. Алар куралдангандан тышкары, шамана, чырак алып алышат.

Мырзасынын каякта экенин билген Жүйүт топ кишини Зайтун тоосуна ээрчитип жөнөйт. Өткөн жумада Машаяк элчилерин ээрчитип, Бетаниядан Иерусалимге барып-келип турган. Ошондо алар Гетсемани багына көп токтошкон эле. Түн ортосу болгондуктан, Машаяк зайтун бактарынын көлөкөсүнөн көрүнбөй калышы мүмкүн болчу. Мурун-кийин көрбөгөн жоокерлер аны кантип таанышмак? Жүйүт: «Мен кимди өпсөм, ал — ошол. Ошону кармагыла да, жакшылап кайтарып алып кеткиле» — деп, белги берерин айтат (Марк 14:44).

Жүйүт бакчадан элчилери менен турган Мырзасын көрөрү менен топ кишини баштап барып: «Кандайсың, Устат!» — дейт да, акырын өөп коёт. Мырзасы: «Дос, бул жерге эмнеге келдиң?» — деп сурайт (Матай 26:49, 50). Анан жообун күтпөй эле: «Жүйүт, адам Уулун өөп туруп сатканы жатасыңбы?» — дейт (Лука 22:48). Ошондон кийин ал анын чыккынчылык кылганына көңүл топтогон эмес.

Иса пайгамбар жарыгыраак жерге чыгып: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп сурайт. Келгендер: «Назареттик Исаны»,— деп жооп беришет. Эр жүрөк пайгамбар: «Ал менмин»,— дейт (Жакан 18:4, 5). Андан ары эмне болорун билбей, коркуп кеткен кишилер артка кетенчиктеп, жерге жыгылышат.

Караңгыга сүңгүп, качып кеткендин ордуна, пайгамбар: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп дагы бир жолу сурайт. Тигилер: «Назареттик Исаны»,— деп жооп бергенде, пайгамбар эч коркпой: «„Ал менмин“,— деп айттым го. Эгер мени издеп жүрсөңөр, анда буларды коё бергиле»,— дейт. Ушундай оор жагдайда да ал: «Мага бергендериңдин бирин да жоготкон жокмун» — деп, мурун айткан сөздөрүн кайталайт (Жакан 6:39; 17:12). Ооба, ал «өлүм уулунан башка» бир да элчисин жоготкон эмес (Жакан 18:7—9). Ошон үчүн аларды коё беришин суранган.

Жоокерлер Мырзасын көздөй басканда гана элчилер эмне болуп жатканын түшүнүшөт. Алар: «Мырзам, кылыч менен чаап салалыбы?» — дешет (Лука 22:49). Аңгыча болбой Петир элчилер алып алган 2 кылычтын бирин сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын Малкос деген кулунун оң кулагын шылый чабат.

Бирок Машаяк анын кулагын айыктырып коёт. Анан Петирге: «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт» — деп буйруп, элчилерин маанилүү нерсеге үйрөтөт. Ал колго түшкөндөн корккон эмес. Ошон үчүн: «Ушундай болушу керектигин көрсөткөн Ыйык Жазмадагы сөздөр кантип аткарылмак?» — дейт (Матай 26:52, 54). Анан: «Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем?» — деп айтат (Жакан 18:11). Ооба, ал өлүүгө туура келсе да, Кудайдын эркин аткаруудан баш тарткан эмес.

Аны кармаганы келгендерге болсо: «Каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл көтөрүп келгениңер кандай? Күн сайын ибадатканада отуруп, элди окутуп жүргөнүмдө кармаган жок элеңер го. Бирок мунун баары пайгамбарлар жазган сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду»,— дейт (Матай 26:55, 56).

Ошентип, аскер башы, жоокерлер, жүйүттөрдүн сакчылары пайгамбарды байлап кетишет. Элчилер качып жөнөшөт. Бирок «бир жаш жигит», сыягы, Марк деген шакирт алардын артынан ээрчип жөнөйт (Марк 14:51). Топ киши анын Машаяктын шакирти экенин билип калып, кармаганга аракет кылат. Ошондо ал зыгыр кийимин чече салып, качып кетет.