Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

128-БӨЛҮМ

Пилат да, Ирод да күнөөсүз деп табат

Пилат да, Ирод да күнөөсүз деп табат

МАТАЙ 27:12—14, 18, 19; МАРК 15:2—5; ЛУКА 23:4—16; ЖАКАН 18:36—38

  • МАШАЯКТЫ ПИЛАТ, АНАН ИРОД СУРАККА АЛАТ

Иса пайгамбар Пилаттан өзүнүн Падыша экенин жашырбайт. Бирок анын Падышалыгы Рим өкмөтүнө эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— дейт (Жакан 18:36). Ооба, Машаяктын Падышалыгы бул дүйнөгө таандык эмес.

Бирок Пилат унчукпай калбайт. Ал: «Демек, сен Падыша экенсиң да?» — деп сурайт. Иса пайгамбар Пилатка туура тыянак чыгарганын айтып: «Падыша экенимди өзүң айтып жатасың. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн төрөлүп, ошол үчүн дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал менин үнүмө кулак салат»,— деп жооп берет (Жакан 18:37).

Ал Томаска: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»,— деген болчу. Эми болсо Пилатка жерге Падышалыкка байланыштуу «чындык» жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келгенин айтып отурат. Ал ишенимдүүлүгүн сактап, ошол чындык үчүн атүгүл өмүрүн берүүгө даяр. Пилат: «Чындык деген эмне?» — деп сурайт, бирок жообун деле күтпөйт. Себеби уккандарын жетиштүү деп ойлойт (Жакан 14:6; 18:38).

Пилат кайрадан сыртка чыгат. Ал жогорку дин кызматчылар менен алардын таламдаштарына: «Мен бул кишиден эч кандай айып тапкан жокмун»,— дейт. Ошондо Иса пайгамбар анын жанында турса керек. Анын чечимине кыжырданган эл: «Бул өзүнүн окуусу менен бүт Жүйүт аймагында, атүгүл Галилеядан тартып ушул жерге чейин элди дүрбөтүп жатат»,— деп чуу көтөрөт (Лука 23:4, 5).

Пилат элдин айтканынан кайтпай, өжөрлөнүп жатканына таң калса керек. Жогорку дин кызматчылар менен аксакалдар жарыша кыйкырып киришет. Ошондо ал Иса пайгамбарга: «Сага канча айып коюп жатышканын угуп жатасыңбы?» — дейт (Матай 27:13). Пайгамбар үндөбөйт. Пилат анын сабырдуулугуна таң калбай койбойт.

Ал жүйүттөрдүн: «Галилеядан тартып... элди дүрбөтүп жатат»,— деген сөздөрүнөн Машаяктын галилеялык экенин шак эле билип алат. Муну ал аны соттоодон качуунун жолу катары көрөт. Ирод Улуунун уулу Ирод Антиппа — Галилеянын өкүмдары. Ал Пасахты белгилеш үчүн Иерусалимге келгендиктен, Пилат Иса пайгамбарды ага жиберет. Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын алдырган так ошол Ирод эле. Ал Иса пайгамбардын кереметтери жөнүндө укканда Жакан тирилип келгенби деп кооптонгон эле (Лука 9:7—9).

Эми болсо Машаякты көрөм деп сүйүнүп кетет. Бирок ал ага жардам бериш үчүн же айыптын чын-төгүнүн териштириш үчүн эмес, «кандайдыр бир керемет көрүүгө» куштар болгону үчүн ошентет (Лука 23:8). Бирок Иса пайгамбар анын ою менен болбойт. Ирод суроолорду жаадырганда, пайгамбар бир да сөз айтпайт. Кыжырданган Ирод жоокерлери менен аны кемсинтет (Лука 23:11). Ага кымбат кийим кийгизип, мазакташат да, кайра Пилатка жөнөтүшөт. Демейде өч болуп жүргөн Пилат менен Ирод дос боло калышат.

Иса пайгамбар келгенде, Пилат жогорку дин кызматчыларды, жүйүт элинин башкаруучуларын жана элди чакырып, мындай дейт: «Бул кишини мага элди көтөрүлүш чыгарганга тукуруп жатат деп алып келгенсиңер. Бирок муну силердин көзүңөрчө суракка алып, койгон айыптарыңардын бирин да тапкан жокмун. Ирод да таппай, кайра бизге жөнөтүптүр. Демек, бул киши өлүм жазасына тартылгыдай эч кандай күнөө жасаган эмес. Ошондуктан жазалап туруп, коё берем» (Лука 23:14—16).

Пилат дин кызматчылардын Иса пайгамбарды көрө албастыктан улам алып келгенин жакшы билет. Андыктан аны бошоткусу келет. Анын үстүнө, сот тактысында отурганда, аялы: «Бул адил адамга тие көрбө, анткени анын айынан бүгүн түшүмдө [кыязы, бул түш Кудайдан болгон] аябай кыйналып чыктым»,— деп айттырып жиберет (Матай 27:19).

Пилат жазага тартпашы керек болгон бейкүнөө кишини бошото алабы?