Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

132-БӨЛҮМ

«Бул киши, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»

«Бул киши, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»

МАТАЙ 27:45—56; МАРК 15:33—41; ЛУКА 23:44—49; ЖАКАН 19:25—30

  • ИСА МАШАЯК УСТУНДА ЖАН БЕРЕТ

  • МАШАЯК ӨЛГӨНДӨН КИЙИН, УКМУШТУУ ОКУЯЛАР БОЛОТ

Түшкө маал, «алтынчы саатта», бүт аймакты бир укмуштуудай «караңгылык басып, тогузунчу саатка [түштөн кийинки үчтөргө] чейин каптап турат» (Марк 15:33). Үрөйдү учурган бул караңгылык күндүн тутулушунан улам болгон эмес. Себеби күн ай толуп турган убакта эмес, ай жаңырган убакта тутулат. Пасах майрамы ай толгон мезгилде өткөрүлчү. Анын үстүнө, ал караңгылык күн тутулгандагыдай бир нече эле мүнөткө созулган эмес. Демек, ошол караңгылыкты Кудай каптаткан.

Ошондо Машаякты шылдыңдагандардын кандай сезимде болгонун элестетсең. Караңгылык каптап турганда, устундун жанына Машаяктын энеси, Саломе, магдалалык Мариям жана кичи Жакыптын энеси Мариямдар келишет.

Машаяктын кан жутуп турган энесинин жанында элчи Жакан да бар. Мариям кан-жанынан жаралган, ак сүтүн берип чоңойткон уулунун азап чегип жатканын көрүп, жүрөгү зырп-зырп этип, «чоң кылыч сайылгандай» эле болот (Жакан 19:25; Лука 2:35). Уулунун жаны кейип турса да, энесин ойлоп, тынчсызданат. Ал Жаканды көрсөтүп, энесине: «Мына, ушундан тартып бул сенин уулуң болот!» — дейт. Анан Жаканга: «Мына, ушундан тартып бул сенин энең болот!» — дейт (Жакан 19:26, 27).

Ошентип, ал, кыязы, жесир калган энесин өзгөчө жакшы көргөн элчисине тапшырат. Инилери ошол учурда анын Машаяк экенине ишене элек болчу. Андыктан кам көрүп, ишенимин бекемдеп турушу үчүн, энесин Жаканга табыштаган. Ооба, ал бизге бул жагынан мыкты үлгү калтырган.

Караңгылык тарап баратканда, пайгамбар: «Суусадым»,— дейт. Ушундайча дагы бир пайгамбарлык аткарылган (Жакан 19:28; Забур 22:15). Ошол убакта, кынтыксыздыгы акыр-аягына чейин сыналышы үчүн, Атасы аны таштап койгондой сезилген. Ал арамей тилинде: «Эли, Эли, лама сабактани?» — деп кыйкырат. Бул сөздөр: «Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?» — дегенди билдирген. Ошол жерде тургандардын айрымдары аны жакшы түшүнбөй: «Уксаңар, Илиясты чакырып жатат»,— дешет. Алардын бири чуркап барып, соргучту кычкыл шарапка малат да, таяктын учуна илип, Иса пайгамбарга берет. Башкалар: «Жөн койгула. Илияс келип, аны устундан түшүрөр бекен, көрөлү»,— дешет (Марк 15:34—36).

Анан пайгамбар: «Аткарылды!» — деп кыйкырат (Жакан 19:30). Ал Атасынан эмне тапшырма алса, ошонун баарын толугу менен аткарган. Акырында: «Ата, рухумду сенин колуңа тапшырам»,— дейт (Лука 23:46). Ооба, Машаяк өмүрүн Атасынын колуна тапшырып, Анын кайрадан өмүр берерине бекем ишенген. Ошентип, Иса Машаяк Кудайга акырына чейин таянып, жан берет.

Ошол маалда катуу жер титиреп, аскалар жарылат. Жер ушунчалык катуу силкингендиктен, Иерусалимдин сыртындагы мүрзөлөр ачылып, сөөктөр сыртка чыгып калат. Мүрзөлөрдүн жанынан өтүп бараткандар «ыйык шаарга» кирип, көргөндөрүн элге айтып беришет (Матай 12:11; 27:51—53).

Иса Машаяк өлгөндө, Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган узун, оор көшөгө үстүнөн астына чейин айрылып, экиге бөлүнүп калат. Бул таң каларлык окуя Уулун өлтүргөндөргө Кудайдын каарданып жатканын жана Ыйыктын ыйыгына, башкача айтканда, асмандын өзүнө жол ачылганын далилдеп турган (Еврейлер 9:2, 3; 10:19, 20).

Ошондо элдин үрөйү учканы шексиз. Ал эми өлүм жазасынын ишке ашышын көзөмөлдөгөн жүз башы: «Бул киши, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»,— дейт (Марк 15:39). Машаяктын Кудайдын Уулу болгон-болбогону териштирилип жатканда, ошол жүз башы Пилаттын жанында турса керек. Ошондуктан ал Машаяктын чын эле адил киши жана Кудайдын Уулу болгонуна көзү жетет.

Адаттан тыш окуяларга күбө болгондор болсо уялганынан, кайгырганынан «төштөрүн ургулап», үйлөрүнө тарай башташат (Лука 23:48). Машаякты алыстан карап тургандардын арасында мурда аны ээрчип жүргөн көптөгөн аялдар да бар эле. Ошол окуялар алардын эсинен кеткис болгону шексиз.