Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

133-БӨЛҮМ

Машаяктын сөөгү коюлат

Машаяктын сөөгү коюлат

МАТАЙ 27:57—28:2; МАРК 15:42—16:4; ЛУКА 23:50—24:3; ЖАКАН 19:31—20:1

  • МАШАЯКТЫН СӨӨГҮ УСТУНДАН ТҮШҮРҮЛӨТ

  • СӨӨКТҮ КОЮУГА ДАЯРДАШАТ

  • МҮРЗӨ БОШ КАЛАТ

14-нисан, жума, кеч бешим. Күн уясына батканда, 15-нисан, Ишемби, башталат. Иса Машаяк эбак эле жан берген, ал эми эки каракчы али тирүү. Мыйзамга ылайык, кишинин сөөгү «түнү бою устунда калбай», «ошол эле күнү» коюлушу керек (Мыйзам 21:22, 23).

Жума күн Даярдык көрүү күнү болчу. Эл Ишембиге чейин тамак-ашын даярдап, иштерин бүтүрүп алышы керек эле. Ал эми күн батканда, кош Ишемби — «улуу Ишемби» — башталмак (Жакан 19:31). Негизи, 15-нисан 7 күнгө созулган Калама майрамынын алгачкы күнү болчу, ал эми ошол күн дайыма Ишемби (майрам күнү) болуп эсептеле турган (Лебилер 23:5, 6). Ошол жылдагы Калама майрамынын алгачкы күнү жума сайынкы Ишембиге туура келгендиктен, ал Ишемби «улуу Ишемби» деп аталып калган.

Жүйүттөрдүн Пилатты Машаяк менен эки каракчыны тезирээк өлтүрүүгө шаштырганынын себеби ушунда эле. Кылмышкерлер тезирээк өлүшү үчүн, адатта, алардын буттарын сындырышчу. Ошондо алар дем алыш үчүн дене-боюн көтөрө албай, тез эле өлүп калышчу. Машаяк өлүп калгандыктан, жоокерлер анын буттарын сындырбай, берки экөөнүкүн сындырышат. Бул Забур 34:20дагы: «Ал анын сөөктөрүнүн баарын сактайт, бири да сынбайт»,— деген сөздөрдүн аткарылышы болгон.

Иса Машаяктын өлгөн-өлбөгөнүнө ынаныш үчүн бир жоокер аны найза менен капталга, жүрөктүн тушуна, саят. «Ошол замат анын денесинен кан менен суу чыгат» (Жакан 19:34). Бул болсо: «Алар өздөрү найза менен сайган кишини карашат»,— деген сөздөрдүн аткарылышы болгон (Закарыя 12:10).

Машаяк жазага тартылып жатканда, элдин арасында Синедриондун кадыр-барктуу мүчөсү болгон ариматаялык Жусуп деген бай киши да бар болчу (Матай 27:57). Ал «Кудайдын Падышалыгын күтүп жүргөн» «ак ниет, адил» киши эле. Жусуп «жүйүттөрдөн корккондуктан» Машаяктын шакирти экенин жашырып жүрчү. Бирок ал соттун чечимин колдогон эмес (Лука 23:50; Марк 15:43; Жакан 19:38). Жусуп тайманбастан Пилатка барат да, пайгамбардын сөөгүн сурайт. Пилат жүз башыны чакырып, анын өлгөн-өлбөгөнүн тактайт да, сөөктү алып кетүүгө уруксат берет.

Жусуп жогорку сапаттагы зыгыр кездеме сатып алат да, сөөктү устундан түшүрөт. Иса пайгамбарга «биринчи жолу түн жамынып» барган Никедим Жусупка жардам берет (Жакан 19:39). Никедим 33 килограммдай кымбат «мирра жана алой салынган түйүнчөк алып келет». Алар, салтка ылайык, сөөктү жыпар жыттуу чөптөрдү кошуп кепиндешет.

Жусуп асканын бооруна оюлган жаңы мүрзө сатып алган эле. Алар сөөктү ошол жерге коюп, оозун чоң таш менен жабышат. Сөөктү кепиндегенге магдалалык Мариям менен кичи Жакыптын энеси Мариям да жардам берсе керек. Алар Ишемби бүткөндөн кийин сөөктү майлаш үчүн «жыпар жыттуу чөптөр менен майларды даярдап келгенге» үйлөрүнө шашкан бойдон кетишет (Лука 23:56).

Эртеси, Ишембиде, жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер Пилатка барып: «Биз жанагы алдамчынын тирүү кезинде: „Үч күндөн кийин тирилем“,— деп айтканын эстедик»,— дешет. Анан мындай талап коюшат: «Мүрзөнү үч күнгө чейин кайтарууга буйрук бер. Шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип, элге: „Ал тирилди“,— деп айтышпасын. Ошондо акыркы калп мурункусунан да жаман болот». Пилат аларга: «Сакчыларды алгыла да, барып, өз билгениңердей кайтара бергиле»,— деп коёт (Матай 27:63—65).

Жекшемби күнү таң атары менен магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана башка аялдар Иса Машаяктын сөөгүн жыпар жыттуу майлар менен майлаш үчүн мүрзөгө барышат. Жолдо алар: «Мүрзөнүн оозундагы ташты бизге ким жылдырып берет?» — деп өз ара сүйлөшүшөт (Марк 16:3). Алар келгенге чейин катуу жер титирейт да, асмандан Жахабанын периштеси түшүп, мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырат. Ошондо сакчылар качып кетет. Мүрзө болсо бош калат.