Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

136-БӨЛҮМ

Галилея деңизинин жээгинде

Галилея деңизинин жээгинде

ЖАКАН 21:1—25

  • ИСА МАШАЯК ГАЛИЛЕЯ ДЕҢИЗИНИН ЖЭЭГИНЕН ШАКИРТТЕРИНЕ КӨРҮНӨТ

  • ПЕТИР ЖАНА БАШКАЛАР МАШАЯКТЫН КОЙЛОРУН КАЙТАРЫШЫ КЕРЕК

Иса Машаяк элчилери менен акыркы жолу чогулганда: «Тирилгенимден кийин силерден мурун Галилеяга барам»,— деген эле (Матай 26:32; 28:7, 10). Андыктан шакирттер Галилеяга бет алат. Алар ал жактан эмне кылышат?

Петир 6 элчиге: «Мен балык кармаганы баратам»,— дейт. Алтоо тең: «Биз да сени менен барабыз»,— дешет (Жакан 21:3). Бирок түнү бою эчтеке кармай алышпайт. Таң сүрө баштаганда, Машаяк жээктен пайда болот, бирок аны эч ким тааныбайт. Ал: «Балдар, жегенге бир нерсеңер барбы?» — деп сурайт. Алар: «Жок!» — дешет. «Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар»,— дейт ал (Жакан 21:5, 6). Балыктын көптүгүнөн шакирттер торду тартып чыгара албай коюшат.

Жакан Петирге: «Бул — Мырзабыз!» — дейт (Жакан 21:7). Чечинип алган Петир сырт кийимин кие калып, сууга секирет да, жээкке чейин 90 метрдей сүзүп барат. Калгандары торду тартып, жээкке шашпай сүзүп келишет.

Алар жээктен «чокту жана анын үстүндө жаткан балыкты» көрүшөт. Мырзасы: «Кармаган балыгыңардан алып келгиле»,— дейт. Петир чоң-чоң 153 балык түшкөн торду жээкке сүйрөйт. Иса элчилерин: «Келгиле, тамактанып алгыла»,— деп чакырат. Эч ким: «Сен кимсиң?» — деп сурабайт, себеби анын ким экенин билип эле турушкан (Жакан 21:10—12). Бул Исанын шакирттерине үчүнчү жолу көрүнүшү эле.

Ал ар бир элчисине нан менен балык берет. Анан, кыязы, балыктарды карап: «Жакандын уулу Симон, буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп сурайт. Петир Мырзасы тапшыра турган иштен да балык уулоону көбүрөөк жакшы көргөнбү? Петир: «Ооба, Мырзам. Сени абдан жакшы көрөрүмдү билесиң да»,— дейт. Мырзасы ага: «Козуларымды бак»,— деп айтат (Жакан 21:15).

Анан: «Жакандын уулу Симон, мени жакшы көрөсүңбү?» — деп экинчи жолу сурайт. Кыязы, аны жакшы түшүнбөй калган Петир: «Ооба, Мырзам. Сени абдан жакшы көрөрүмдү билесиң да»,— дейт. Машаяк ага: «Койлорумду кайтар»,— деп айтат (Жакан 21:16).

Ал Петирден үчүнчү жолу: «Жакандын уулу Симон, мени жакшы көрөсүңбү?» — деп сурайт. Петир Мырзасы анын берилгендик сактаар-сактабасына шектенип жатабы деп ойлосо керек. Андыктан: «Мырзам, сен баарын билесиң. Сени абдан жакшы көрөрүмдү да билесиң»,— деп жооп берет. Мырзасы дагы бир жолу: «Койлорумду бак»,— дейт (Жакан 21:17). Ооба, жоопкерчиликти колго алгандар Кудайдын оторуна кызмат кылууга тийиш.

Иса Машаяк Кудайдын ишин аткарганы үчүн колго түшүп, өлүм жазасына тартылган эле. Эми ал Петирдин да ушу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болорун айтып: «Жаш кезиңде өзүң кийинип, каалаган жагыңа барчусуң. Ал эми карыганыңда колуңду сунуп бересиң, ошондо башка бирөө кийиндирип, каалабаган жагыңа алып барат»,— дейт. Ошентсе да ал аны: «Мындан ары да менин артымдан ээрчи»,— деп үндөйт (Жакан 21:18, 19).

Петир Жаканды карап: «Мырзам, булчу?» — деп сурайт. Чын эле, Исанын өзгөчө жакшы көргөн элчисинин келечеги кандай болмок? Мырзасы: «Анын мен келгенге чейин болушун кааласам, сага эмне?» — деп жооп берет (Жакан 21:21—23). Ырас, Петир башкаларды ойлоп тынчсызданбай, Мырзасынын жолун жолдой бериши керек эле. Жакан башка элчилерге караганда узагыраак жашап, падышалык бийликке ээ болгон Машаяктын келери тууралуу аян көрмөк. Мырзасы Петирге ушуну айткысы келген.

Ооба, Исанын бардык иштерин жазып отурса, түрмөктөр бул дүйнөгө батпай кетмек.