Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

139-БӨЛҮМ

Машаяк тапшырылган ишти соңуна чыгарат

Машаяк тапшырылган ишти соңуна чыгарат

1 КОРУНТТУКТАР 15:24—28

  • КОЙЛОР МЕНЕН ЭЧКИЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

  • ЖЕР БЕТИНДЕГИ БЕЙИШ

  • ИСА МАШАЯК ЖОЛ, ЧЫНДЫК, ӨМҮР БОЛОТ

Иса Машаяк чөмүлгөндөн көп өтпөй душманы, Ибилис, менен бетме-бет көрүшкөн. Ал аны кызматын баштаганга чейин эле жок кылууну көздөгөн. Ооба, ал аны бир нече жолу азгырууга аракет кылган. Кийинчерээк Иса Машаяк ошол кара өзгөй душман жөнүндө: «Бул дүйнөнүн башкаруучусу келатат. Менин үстүмөн анын бийлиги жок»,— деп айткан (Жакан 14:30).

Элчи Жакан болсо «байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаардын» эмне болорун аян аркылуу көргөн. Адамзаттын айыгышкан душманы асмандан жерге кулатылмак. Ал «убактысынын аз калганын билгендиктен» катуу каары менен түшмөк (Аян 12:9, 12). «Ажыдаардын», «Ибилис жана Шайтан делген байыркы жыландын», жок кылынарына аз эле убакыт калды. Ал түпсүз туңгуюкка ыргытылып, Машаяктын 1000 жылдык башкаруусунун убагында камакта болот. Биз ушулардын сөзсүз аткарыларына жүйөлүү себептерден улам бекем ишенебиз (Аян 20:1, 2).

Үйүбүз болгон Жер планетасында миң жыл ичинде эмнелер болот? Жерде кимдер жашашат? Жашоо кандай болот? Бул суроолордун жообу Иса Машаяктын койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалында камтылат. Ал анын «бир туугандарына» жакшылык кылып, алар менен кызматташкан кой мүнөздүү адил кишилердин келечеги кандай болорун айткан. Ошондой эле тескери иш кылган, эчкилерге окшогон кишилердин да келечеги жөнүндө айткан. Ал: «Алар [эчкилер] түбөлүккө жок кылынат, ал эми адил адамдар [койлор] түбөлүк өмүргө ээ болушат»,— деген (Матай 25:46).

Бул сөздөр Иса пайгамбардын устунга кадалган кылмышкерге айткандарын түшүнүүгө жардам берет. Пайгамбар күнөөсү үчүн өкүнгөн ал кылмышкерге ишенимдүү элчилерине убадалаган сыйлыкты, тактап айтканда, асмандагы Падышалыкта бийлик кылуу сыйлыгын убадалаган эмес. Ал ага: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деген (Лука 23:43). Кылмышкер чоң, ажайып кооз бакчадай болгон Бейиште жашоого үмүттөнө алган. Демек, келечекте койлор тарапка бөлүнө турган кишилер «түбөлүк өмүргө ээ болуп», Бейиште жашайт деп айтууга болот.

Бул элчи Жакандын жердеги жашоонун кандай болору тууралуу жазгандарына шайкеш келет. Ал мындай деген: «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:3, 4).

Машаяк менен кошо устунга кадалган кылмышкер Бейиште жашашы үчүн тирилиши керек. Бирок жалгыз эле ал тирилбейт. Бул Иса Машаяктын: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүр сүрүш үчүн, жамандык кылгандар соттолуш үчүн тирилет»,— деген сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат (Жакан 5:28, 29).

Ал эми Машаяк менен бирге асманда боло турган майлангандар, алардын ичинде ишенимдүү элчилер жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепте: «Алар Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары болуп, Машаяк менен 1 000 жыл падышалык кылышат»,— делген (Аян 20:6). Машаяк менен кошо бийлик кыла тургандар мурун жерде жашаган эркектер жана аялдар болгондуктан, алардын боорукер, түшүнө билген падышалардан болору шексиз (Аян 5:10).

Иса Машаяк куткаруу курмандыгынын негизинде адамзатты тукум кууп өткөн, азапка салган күнөөдөн арылтат. Ал кошо башкара турган падышалар менен бирге адамдарды жеткилеңдикке жеткирет. Ошондо Кудайдын эң башындагы ниети аткарылып, жер бети Адам ата менен Обо эненин урпактарына толот. Атүгүл Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепети болгон өлүм да жок болот.

Ошентип, Иса Машаяк Жахаба тапшырган ишти толугу менен аткарат. Ал Миң жылдык башкаруусунун соңунда Падышалыкты жана жеткилең адамзатты Атасынын колуна тапшырат. Машаяктын бийликти момундук менен Кудайга өткөрүп берери жөнүндө элчи Пабыл: «Баары Уулуна баш ийдирилгенде, Кудай баарынын башчысы болушу үчүн, Уулу өзү да ага баарын баш ийдиргенге баш иет»,— деп жазган (1 Корунттуктар 15:28).

Ооба, Кудайдын кереметтүү ой-максаттарынын ишке ашырылышында Иса Машаяктын салымы чоң. Ал Кудайдын эркин түбөлүккө аткара берет. Андыктан анын өзү жөнүндө: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»,— деп айткан сөздөрүнө ылайык иш кыла берерине эч шек жок (Жакан 14:6).