Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

70-БӨЛҮМ

Тубаса сокур кишини айыктырышы

Тубаса сокур кишини айыктырышы

ЖАКАН 9:1—18

  • ТУБАСА СОКУР БОЛГОН КАЙЫРЧЫ АЙЫГАТ

Ишемби күн. Иса пайгамбар Иерусалимде. Ал шакирттери менен шаар аралай кетип баратканда тубаса сокур кайырчыны көрөт. Шакирттери: «Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өзүнүн күнөөсү себеп болгонбу же ата-энесиникиби?» — деп сурашат (Жакан 9:2).

Алар адамдын өлбөс, көзгө көрүнбөгөн жаны жок экенин билишет. Андыктан сокур киши курсакта жатканда эле күнөө кылганбы деп ойлошкон көрүнөт. Устаты: «Буга өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон эмес. Ал аркылуу Кудайдын иштери көрсөтүлүшү үчүн ушундай болгон»,— деп жооп берет (Жакан 9:3). Ооба, анын сокур болушуна өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон эмес. Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан адамзат жеткилеңсиз болуп, оору-дарттын чеңгелинде калган. Иса пайгамбар сокур кишинин көзүн ачып, элге Кудайдын зор иштерин көрсөтөт.

Кудайдын улуу иштерин жарыялоо шашылыш экенин баса белгилеп, пайгамбар: «Жарык болуп турганда, мени жибергендин иштерин аткарышыбыз керек. Анткени түн кирип келатат. Ал убакта эч ким эч нерсе кыла албай калат. Бул дүйнөдө жүргөнүмдө мен дүйнөнүн жарыгымын»,— деп айтат (Жакан 9:4, 5). Анткени ал жакында өлүп, көрдүн кою караңгылыгына батмак. Көрдөн ал эч нерсе кыла алмак эмес. Ошого чейин Машаяк дүйнөнүн жарыгы болмок.

Иса пайгамбар сокур кишини кантип айыктырат? Ал жерге түкүрүп, түкүрүгүн топуракка аралаштырат да, тиги кишинин көздөрүнө сүйкөйт. Анан: «Барып, Силоом көлмөсүнө жуун»,— деп айтат (Жакан 9:7). Ошентип, жуунар замат, көзү көрүп калат. Төрөлгөндөн бери коюу караңгылыкта жүргөн кишинин канчалык сүйүнгөнүн элестетсең!

Аны билгендер: «Бул баягы кайыр сурап отурган киши эмеспи?» — деп таң калышат. Айрымдары: «Ошол»,— десе, башкалары: «Жок, ал эмес. Жөн эле окшош экен»,— дешет. Тиги киши болсо аларды: «Ошол менмин»,— деп ынандырат (Жакан 9:8, 9).

Чуру-чуу түшкөн эл: «Көзүң кантип көрүп калды?» — деп сурайт. Ал: «Иса деген киши түкүрүгүн топуракка аралаштырып, көздөрүмө сүйкөдү да: „Силоомго барып, жуун“,— деди. Мен барып, жуундум эле, көзүм көрүп калды»,— дейт. Тигилер: «Ал өзү кайда?» — деп сурашканда, кайырчы: «Билбейм»,— деп жооп берет (Жакан 9:10—12).

Эл аны фарисейлерге ээрчитип барат. Алар да анын көзү кантип көрүп калганын билгиси келет. Кайырчы: «Ал көздөрүмө ылай сүйкөдү. Анан жуунгандан кийин, көзүм көрүп калды» — деп, болгонун болгондой айтып берет. Кайырчынын көзү көрүп калганына сүйүнгөндүн ордуна, фарисейлер пайгамбарды айыптап киришет. Айрымдары: «Ал Кудайдан келген эмес, анткени ишемби күн жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатат»,— десе, башкалары: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?!» — деп айтышат (Жакан 9:15, 16). Ошентип, ортодо пикир келишпестик пайда болот.

Талашып-тартышкан фарисейлер кайырчыдан: «Көзүңдү ачкан ал адам жөнүндө эмне дейсиң?» — деп сурашат. «Ал — пайгамбар»,— деп жооп берет тиги киши (Жакан 9:17).

Жүйүттөр буга да ишенишпейт. Алар Иса пайгамбар, элди алдаш үчүн, кайырчы менен сүйлөшүп алган деп ойлошсо керек. Андыктан талашты чечиш үчүн, анын ата-энесин чакыртып, уулунун мурун чын эле сокур болгон-болбогонун тактоону чечишет.