Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

69-БӨЛҮМ

Алардын атасы Ыбрайымбы же Ибилиспи?

Алардын атасы Ыбрайымбы же Ибилиспи?

ЖАКАН 8:37—59

  • ЖҮЙҮТТӨР ЫБРАЙЫМ ПАЙГАМБАРДЫ АТАБЫЗ ДЕП ЭСЕПТЕШКЕН

  • ИСА МАШАЯК ЫБРАЙЫМ ПАЙГАМБАРГА ЧЕЙИН ЭЛЕ БАР БОЛГОН

Алачык майрамы бүтө элек. Иса пайгамбар элди окутуп жүрөт. Жүйүттөр: «Биз Ыбрайымдын тукумдарыбыз жана эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз»,— дешкен эле. Пайгамбар аларга: «Ыбрайымдын тукумдары экениңерди билем. Бирок силер мени өлтүргөнгө аракет кылып жатасыңар, анткени менин сөздөрүм жүрөгүңөргө жеткен жок. Мен Атамдын жанында жүргөндө көргөндөрүм жөнүндө айтып жатам. Силер болсо өзүңөрдүн атаңардан укканды кылып жатасыңар»,— деген (Жакан 8:33, 37, 38).

Машаяктын Атасы менен жүйүттөрдүн атасы — эки башка. Сөздүн төркүнүн аңдабаган жүйүттөр: «Биздин атабыз — Ыбрайым»,— дешет (Жакан 8:39; Ышая 41:8). Жүйүттөр, негизи, Ыбрайым пайгамбардын тукумунан болушкан. Ошондуктан аныкындай ишенимге ээбиз деп ойлошкон.

Иса пайгамбардын: «Ыбрайымдын балдары болсоңор, ал жасаган иштерди жасагыла»,— деген сөздөрү аларды таң калтырат. Уул атасын туурайт эмеспи. Андыктан пайгамбар: «Силер мени — Кудайдан уккан чындыкты айткан адамды — өлтүргөнгө аракет кылып жатасыңар. Ыбрайым минткен эмес»,— дейт. Андан соң: «Силер өзүңөрдүн атаңардын иштерин кылып жатасыңар»,— деп айтат. Бул сөздөр элди ойго салат (Жакан 8:39—41).

Жүйүттөр Исанын ким жөнүндө айтып жатканын дагы деле түшүнүшкөн жок. Алар: «Биз бузуктуктан төрөлгөн эмеспиз. Биздин бир эле атабыз бар: ал — Кудай»,— деп ишенимдүү айтышат. Алардын Атасы Кудай беле? Иса ачык эле: «Атаңар Кудай болсо, мени жакшы көрмөксүңөр, анткени мен Кудайдан келип, ушул жерде турам. Мен өзүмөн өзүм келген жокмун, мени Ал жиберди»,— деп айтат. Анан: «Менин айткандарымды эмне үчүн түшүнбөй жатасыңар?» — деп, жообун күтпөй эле: «Анткени сөздөрүмдү уккуңар келбейт»,— дейт (Жакан 8:41—43).

Ал жүйүттөрдүн Машаякты четке какканы кесепеттүү экенин көрсөтүш үчүн: «Силердин атаңар — Ибилис. Силер атаңардын каалоосун аткаргыңар келет»,— деп айтат. Алардын атасы кандай эле? Иса пайгамбар: «Ал башынан эле киши өлтүргүч болгон жана чындыктан четтеп кеткен» — деп, анын ким экенин айкын көрсөткөн. Андан соң: «Ким Кудайдан болсо, ал анын сөзүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпай жатасыңар»,— дейт (Жакан 8:44, 47).

Ошондо жүйүттөрдүн заары бетине чыгып: «„Сен самариялыксың, ичиңде жин бар“,— деп жөн жерден айтып жатабызбы?» — дешет. Алардын аны «самариялык» дегени аны сыйлабай турганын көрсөткөн. Бирок Машаяк буга көңүл бурбай: «Менин ичимде жин жок. Мен Атамды урматтайм, силер болсо мени кордоп жатасыңар»,— деп айтат. Жүйүттөрдүн аны кордогону чоң жаңылыштык болгондуктан, Иса пайгамбар аларды таң калтырып: «Ким менин сөздөрүмдү аткарса, ал эч качан өлбөйт»,— дейт. Албетте, ал шакирттеринин эч качан өлбөй турганын айткан эмес. Анын сөздөрү алардын түбөлүккө жок болбой турганын — «экинчи өлүмдү» көрбөй турганын — билдирген (Жакан 8:48—51; Аян 21:8).

Бирок көшөргөн жүйүттөр баарын түзмө-түз түшүнүп алып: «Ичиңде жин бар экенине эми чындап көзүбүз жетти. Ыбрайым өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен болсо: „Ким менин сөздөрүмдү аткарса, ал эч качан өлбөйт“,— деп жатасың. Эмне, сен атабыз Ыбрайымдан да чоңсуңбу? Ал... өлгөн. Өзүңдү деги ким деп эсептейсиң?» — дешет (Жакан 8:52, 53).

Иса пайгамбар элдин анын Машаяк экенин түшүнүшүн каалайт. Бирок аларга түз эле жооп бербестен: «Эгерде мен өзүмдү өзүм даңктасам, даңкым эч нерсеге татыбайт. Мени Атам даңктап жатат. Силер аны Кудайыбыз дейсиңер, бирок, чындыгында, аны билбейсиңер. Мен болсо билем. Эгер билбейм десем, силер сыяктуу жалганчы болмокмун»,— дейт (Жакан 8:54, 55).

Андан соң ишенимдүү Ыбрайым пайгамбар жөнүндө сөз кылып: «Атаңар Ыбрайым менин күнүмдү көрүүгө үмүттөнүп, абдан кубанган. Ал аны көрдү да, кубанды»,— дейт. Ооба, Кудайдын убадасына бекем ишенген Ыбрайым пайгамбар Машаякты чыдамсыздык менен күткөн. Машаяктын сөзүнө ишенбеген жүйүттөр: «Сен элүүгө да чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүң беле?» — дешет. Иса пайгамбар: «Мен Ыбрайымга чейин эле бар болгом»,— деп жооп берет. Муну менен ал мурун асманда жашаганын айткан (Жакан 8:56—58).

Анын бул сөздөрүнө каарданган жүйүттөр аны таш бараңга алып коё жаздашат. Бирок Иса пайгамбар акырын кетип калат.