Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Сиз кандай деп ойлойсуз?

  • Каймана мааниде айтылган нерсеби?

  • Асмандагы өкмөтпү?

  • Же дагы башка нерсеби

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот» (Даниел 2:44, «Жаңы дүйнө котормосу»).

«Ага бийлик, даңк, падышалык берилди. Анын... падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык» (Даниел 7:14).

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ СИЗ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛАТ?

  • Ал адилеттүү өкмөт сизге да пайда алып келет (Ышая 48:17, 18).

  • Келаткан жаңы дүйнөдө ден соолугуңуз чың болуп, бактылуу өмүр сүрөсүз (Аян 21:3, 4).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Ооба. Буга, бери дегенде, эки себеп бар:

  • Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырарын көрсөткөн. Ал жолдоочуларына ошол Падышалыктын келишин жана Кудайдын эркинин жерде да аткарылышын сурап тилениши керектигин айткан (Матай 6:9, 10). Ошондой эле Кудайдын андай тиленүүлөргө кантип жооп берерин көрсөткөн.

    Машаяк жерде жүргөндө ачкаларды тойгузган, оорулууларды айыктырган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен! (Матай 15:29—38; Жакан 11:38—44). Ошентип, Кудайдын Падышалыгынын келечектеги башкаруучусу катары ал ошол Падышалыктын өзүнүн эли үчүн эмнелерди кыларын алдын ала көрсөтүп кеткен (Аян 11:15).

  • Дүйнөдөгү окуялар Кудайдын Падышалыгынын келерине аз калганын далилдеп турат. Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы жерге тынчтык орнотордун алдында дүйнө жүзүндө согуш, ачарчылык, жер титирөө көп болорун айткан (Матай 24:3, 7).

    Биз учурда булардын баарын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Ошондуктан Кудайдын Падышалыгы жакында бүт кыйынчылыктарды толугу менен жок кыларына шектенбесек болот.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Кудайдын Падышалыгы башкарганда, жашоо кандай болот?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: ЗАБУР 37:29; ЫШАЯ 65:21—23.