Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын ой-ниети ушундай беле?

Кудайдын ой-ниети ушундай беле?

ГЕЗИТ окуйбузбу, телевизор көрөбүзбү, радио угабызбы же Интернетке киребизби, жаңылыктардын баары эле кылмыштуулук, согуш, террорчулук жөнүндө болуп калды. Андан тышкары, ар кимдин жеке кыйынчылыктары болот. Балким, силер ооруп жаткандырсыңар же жакын адамыңардан айрылып, күйүт тартып жүргөндүрсүңөр.

Ойлонуп көрсөңөр:

  • Кудай жашообуздун ушундай болушун каалады беле?

  • Көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген кеңештерди кайдан тапса болот?

  • Качандыр бир убакта жер бетине тынчтык орнойбу?

Ыйык Китепте ушул суроолордун жообу бар.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ КУДАЙДЫН ЖЕР БЕТИНДЕГИ ЖАШООНУ УКМУШТУУДАЙ ӨЗГӨРТӨРҮ АЙТЫЛАТ

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДӨӨНҮН ПАЙДАСЫ

Мурунку бетте айтылган нерселерди куру кыял деп четке кагууга шашылбагыла. Кудай ал убадаларын жакында жүзөгө ашырат. Алардын кандайча жүзөгө ашырылары Ыйык Китепте түшүндүрүлөт.

Мындан сырткары, Ыйык Китепте канткенде азыр да бактылуу жашай аларыбыз айтылат. Бир азга токтоп, жүрөгүңөрдү өйүгөн нерселер тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Балким, оорунун айынан, акчанын тартыштыгынан, үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдөн улам же жакыныңардан айрылгандыктан кыйналып жүргөндүрсүңөр. Ыйык Китеп ушу сыяктуу кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет жана андан төмөнкүдөй суроолорго жооп алууга болот:

Бул адабиятты окуп жатканыңардын өзү эле Ыйык Китепте чынында эмнелер жазылганын билүүнү каалаарыңарды көрсөтүп турат. Бул китептен көп пайдалуу нерселерди биле аласыңар. Ар бир абзацка суроолор берилген. Алардын жардамы менен Ыйык Китепти жакшыраак түшүнө аласыңар. Миллиондогон адамдар Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен ушундай ыкманы колдонуп изилдешет. Мындай ыкма силерге да жагат деп үмүттөнөбүз. Ыйык Китепти изилдеп көрүүгө жумшаган аракетиңерге Кудай батасын берсин!