Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Иса Машаяк деген ким?

Иса Машаяк деген ким?

1, 2. а) Кайсы бир белгилүү кишинин атын билгениңер аны жакшы тааный турганыңарды билдиреби? Түшүндүргүлө. б) Адамдар Иса Машаякты ким деп эсептешет?

ДҮЙНӨДӨ атактуу адамдар көп. Балким, алардын айрымдарынын атын билеттирсиңер. Бирок бул аларды жакшы тааный турганыңарды, алардын жашоосунда болгон нерселердин баарын жана чынында кандай киши экенин билериңерди билдирбейт.

2 Иса Машаяк мындан 2 000 жылдай мурун жашаса да, ал жөнүндө уккан болушуңар керек. Чынында, көптөр анын ким болгонун билишпейт. Айрымдар аны жөн эле жакшы киши болгон деп ойлошсо, башкалары пайгамбар болгон дешет. Дагы бирөөлөр аны Кудай тутушат. Ал эми силер кандай ойдосуңар? (12-тиркемени карагыла.)

3. Жахабаны жана Иса Машаякты таанып-билгениңер эмне үчүн маанилүү?

3 Иса пайгамбар жөнүндө чындыкты билгениңер маанилүү. Себеби Ыйык Китепте: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп жазылган (Жакан 17:3). Ооба, Жахаба Кудай жана Иса Машаяк жөнүндө чындыкты билүүнүн аркасында бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашай аласыңар (Жакан 14:6). Ошондой эле Исаны таанып-билүүнүн азыр да пайдасы көп, анткени ал кантип жашаш керектигине жана башкаларга кандай мамиле кылыш керектигине байланыштуу эң мыкты үлгү калтырган (Жакан 13:34, 35). Бул китептин 1-бөлүмүнөн Кудай жөнүндө чындыкты билгенбиз. Ал эми бул бөлүмдөн Иса Машаяк тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын билебиз.

«БИЗ МАШАЯКТЫ ТАПТЫК»

4. «Машаяк» деген сөз эмнени билдирет?

4 Иса төрөлгөнгө чейин көп жылдар мурун эле Жахаба Машаякты жиберерин Ыйык Китепке жаздырып койгон. «Машаяк» деген сөз «Майланган», тактап айтканда, «Кудайдан өзгөчө тапшырма алган» дегенди билдирет. Кудай Исаны маанилүү тапшырма аткарууга тандап алып, ага өзгөчө даража ыйгаргандыктан, ал Машаяк деп аталат. Машаяк аркылуу Кудайдын убадаларынын баары аткарылат. Бирок Иса төрөлгөнгө чейин көптөр: «Ким Машаяк болот?» — деп ойлонуп келишкен.

5. Исанын шакирттери анын Машаяк экенине ишенишкенби?

5 Исанын шакирттери анын Кудай убада кылган Машаяк экенине эч күмөн санашкан эмес (Жакан 1:41). Алсак, элчи Петир ага: «Сен Машаяксың»,— деп айткан (Матай 16:16). Исанын Машаяк экенине эмне үчүн шектенбесек болот?

6. Кудай жүрөгү таза адамдарга Машаякты жазбай таанууга кантип жардам берген?

6 Иса төрөлгөнгө чейин, Кудайдын пайгамбарлары Машаякты так аныктоого өбөлгө түзгөн көптөгөн пайгамбарлык сөздөрдү жазышкан. Ал жазылгандар Машаяк ким экенин аныктоого кандайча жардам бермек? Мисалы, аялдамадан мурда такыр көрбөгөн кишини тосуп келишиңер керек дейли. Эгер кимдир бирөө аны жакшылап сүрөттөп берсе, ал кишини оңой табарыңар бышык. Анын сыңарындай, Жахаба Машаяктын эмнелерди кыларын жана ага кандай мамиле кылынарын пайгамбарларына жаздырган. Ал сөздөрдүн аткарылганы жүрөгү таза адамдарга Исанын Машаяк экенине ынанууга жардам берип келет.

7. Исанын Машаяк экенин кайсы эки пайгамбарлык сөз далилдеп турат?

7 Эмесе, эки пайгамбардын айткандарына токтололу. Микей пайгамбар Иса төрөлөрдөн 700 жыл мурун Машаяктын Бетлехем деген чакан шаарда төрөлөрүн айткан (Микей 5:2). Иса так ошол шаарда төрөлгөн (Матай 2:1, 3—9). Ал эми Даниел пайгамбар Машаяктын б.з. 29-жылы дайындаларын айткан (Даниел 9:25). Булар Исанын Кудай убада кылган Машаяк экенинин эки гана далили (13-тиркемени карагыла).

Иса чөмүлгөндө Машаяк болгон

8, 9. Иса чөмүлгөндө анын Машаяк экенин далилдеген кандай окуя болгон?

8 Жахаба Исанын Машаяк экенин дагы айкыныраак ачып берген. Исанын күндөрүндө Жакан деген пайгамбар болгон. Көптөр Жакан пайгамбарга ал аларды сууга чөмүлтүшү, тактап айтканда, бүт денесин сууга чумкутушу үчүн келишчү. Бул алардын күнөөлөрү үчүн өкүнгөнүн билдирген. Кудай Жакан пайгамбарга Машаяктын ким экенин так аныктоого жардам бере турган белги берерин убада кылган. Жакан пайгамбар ошол белгини б.з. 29-жылы Иордан дарыясынан көргөн. Иса Жакан пайгамбарга ал аны чөмүлтүшү үчүн барган. Бирок Исанын сууга чөмүлгөнү күнөөсү үчүн өкүнгөнүн эмес, өзүн Кудайдын эркин аткарууга арнаганын билдирген. Ыйык Китепте бул тууралуу мындай делет: «Иса чөмүлтүлөрү менен суудан чыкты. Ошол учурда асман ачылып, Жакан Кудайдын рухунун Исага көгүчкөндөй болуп түшүп келатканын көрдү. Анан асмандан: „Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм“,— деген үн угулду» (Матай 3:16, 17). Бул окуяга күбө болгондон кийин Жакан пайгамбар Исаны Кудай жибергенине толук көзү жеткен (Жакан 1:32—34). Так ошол күнү, Кудайдын ыйык руху Исага түшкөндө, ал Машаяк болгон, тактап айтканда, Кудай аны Жол башчы жана Падыша кылуу үчүн тандаган (Ышая 55:4).

9 Пайгамбарлардын Ыйык Китепке жазгандары, Жахаба Кудайдын асмандан сүйлөгөнү жана Иса чөмүлгөндө берген белгиси Исанын Машаяк экенин далилдеп турат. Бирок ал кайдан келген жана кандай адам болгон? Келгиле, Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү.

КАЙДАН КЕЛГЕН?

10. Исанын жерге келгенге чейинки жашоосу тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

10 Ыйык Китепте Исанын жерге келгенге чейин көп убакыт бою асманда жашаганы айтылат. Микей пайгамбар анын «эзелки заманда» эле болгонун жазган (Микей 5:2). Иса өзү да адам болуп төрөлгөнгө чейин асманда жашаганын көп жолу айткан. (Окугула: Жакан 3:13; 6:38, 62; 17:4, 5.) Ал жерге келгенге чейин эле Жахаба менен абдан ынак мамиледе болгон.

11. Эмне үчүн Жахаба Исаны абдан жакшы көрөт?

11 Жахаба Исаны аябай жакшы көрөт. Анткени аны эч ким, эч нерсе жаратыла электе эле жараткан. Ошондуктан ал «бардык жаратылгандардын тунгучу» деп аталат (Колосалыктар 1:15). Жахаба Исаны жалгыз өзү жараткандыктан да абдан жакшы көрөт. Ошо себептен аны «жалгыз Уулум» * деп атаган (Жакан 3:16). Калган нерселердин баарын Кудай аны менен бирге жараткан (Колосалыктар 1:16). Андан сырткары, Иса гана «Сөз» деп аталат, себеби Кудай ал аркылуу периштелерге, адамдарга кабарын жеткирип, көрсөтмөлөрүн берип турган (Жакан 1:14).

12. Кудай менен Иса бир эмес экенин кайдан билебиз?

12 Айрымдар Кудай менен Иса бир дегенге ишенишет. Бирок Ыйык Китепте андай деп айтылбайт. Анда Исаны Кудай жаратканы жазылган. Демек, Кудай Исадан жогору турат. Кудайга тең болуу Исанын оюна да келген эмес. Ыйык Китепте Кудайдын өз Уулунан жогору турары так-айкын айтылган. (Окугула: Жакан 14:28; 1 Корунттуктар 11:3.) Жахаба гана «Кудурети Күчтүү Кудай» (Башталыш 17:1). Ааламда андан улуу, андан күчтүү эч ким жок. (14-тиркемени карагыла.)

13. Эмне үчүн Ыйык Китепте Иса «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» деп аталат?

13 Жахаба Уулу Иса менен бирге периштелерди, ай-ааламды жаратып, миллиарддаган жылдар бою чогуу эмгектенишкен. Андыктан алардын бири-бирин абдан сүйөрү күмөнсүз (Жакан 3:35; 14:31). Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан Ыйык Китепте Иса Машаяк «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» деп аталган (Колосалыктар 1:15).

14. Жахабанын сүйүктүү Уулу кандайча адам болуп төрөлгөн?

14 Жахабанын сүйүктүү Уулу асмандагы ордун таштап, адам болуп төрөлүп, жерде жашоого жан-дили менен макул болгон. Ал кандайча адам болуп төрөлгөн? Жахаба Уулунун өмүрүн кереметтүү түрдө Мариям аттуу жүйүт кыздын жатынына көчүргөн. Ушундайча, Исанын төрөлүшүнө эркектин эч кандай катыштыгы болгон эмес. Ошентип, Мариям жеткилең уул төрөп, атын Иса койгон (Лука 1:30—35).

КАНДАЙ АДАМ БОЛГОН?

15. Канткенде Жахабаны жакшыраак таанып-биле аласыңар?

15 Ыйык Китептеги Инжилдер деп аталган Матай, Марк, Лука, Жакан жазган китептерден Иса жөнүндө, анын жашоосу, сапаттары жөнүндө биле аласыңар. Иса Атасына окшош болгондуктан, ал тууралуу окуганыңарда Жахабаны жакшыраак таанып-билесиңер. Иса Машаяк өзү да: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айткан (Жакан 14:9).

16. Иса Машаяк эмне тууралуу окуткан? Ал кимдин насааттарын айткан?

16 Көптөр Исаны «Устат» деп аташкан (Жакан 1:38; 13:13). Ал окуткан нерселердин негизгиси «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар» болгон. Падышалык деген эмне? Ал — бүт жер жүзүнө асмандан бийлик жүргүзө турган өкмөт. Кудай өзүнө баш ийген адамдарга ал өкмөт аркылуу батасын төгөт (Матай 4:23). Иса пайгамбар элге Жахабанын насааттарын үйрөткөн. Ал: «Мен үйрөткөн окуулар меники эмес, мени жибергендики»,— деген (Жакан 7:16). Иса Жахабанын Падышалыгы жер үстүнө бийлик жүргүзөрүн бүт адамзат угушу керектигин жакшы билген. Анткени бул Жахабанын эрки болгон.

17. Иса Машаяк элди кайсы жерлерде окуткан? Ал элди окутууга эмне үчүн бүт күчүн жумшаган?

17 Иса Машаяк Падышалык жөнүндө бардык жерде: айыл-кыштактарда, шаарларда, базарларда, сыйынуу жайларында, үйлөрдө окуткан. Ал башкалардын келишин күтүп отурбастан, көп учурда аларга өзү барган (Марк 6:56; Лука 19:5, 6). Иса элди окутуп-үйрөтүүгө көп убакыт, көп күч жумшаган. Анткени Кудай анын ошондой кылышын каалаарын билген жана ага дайыма баш ийген (Жакан 8:28, 29). Ошондой эле Иса элге боор ооругандыктан да кабар айткан. (Окугула: Матай 9:35, 36.) Ал диний жетекчилердин элге Кудай жана анын Падышалыгы жөнүндө эч нерсе айтышпаганын көргөн. Ошондуктан мүмкүн болушунча көп адамдарга жакшы кабарды айтууга умтулган.

18. Иса Машаяктын кайсы сапаттары силерге өзгөчө жагат?

18 Иса пайгамбар адамдарды абдан сүйгөн жана аларга кам көргөн. Ал боорукер болгон, башкалар ага оңой кайрыла алган. Ага атүгүл балдар да жакын болгон (Марк 10:13—16). Иса дайыма калыс болгон жана адилетсиздикти жек көргөн, ошондой эле бийлигин кыянат колдонгондорду ашкерелеген (Матай 21:12, 13). Анын убагында аялдар басынтылып, укуктары тебеленген. Бирок Иса аларга урмат-сый менен мамиле кылган (Жакан 4:9, 27). Ал абдан момун болгон. Бир жолу атүгүл элчилеринин бутун жууп, адатта кулдар кылчу ишти кылган (Жакан 13:2—5, 12—17).

Иса Машаяк бардык жерде жакшы кабар айткан

19. Исанын адамдар эмнеге муктаж экенин билгенин, аларга жардам берүүгө ынтызар болгонун кайсы окуя көрсөтүп турат?

19 Иса адамдар эмнеге муктаж экенин билген жана аларга жардам берүүгө ынтызар болгон. Бул, айрыкча, Кудайдын күчү менен оорулууларды айыктырганынан айкын көрүнгөн (Матай 14:14). Алсак, бир жолу пес оорулуу киши ага келип: «Эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деген. Аны көргөндө Исанын зээни кейип, боору ачыган. Анан ага колун тийгизип: «Каалайм. Айык»,— деген. Ал киши ошол замат айыгып кеткен (Марк 1:40—42). Сакайганда анын кандай сезимде болгонун элестетсеңер!

ДАЙЫМА АТАСЫНА БЕРИЛГЕНДИГИН САКТАГАН

20, 21. Кудайга баш ийүү жагынан Иса Машаяк мыкты үлгү калтырган деп эмне үчүн айтууга болот?

20 Кудайга баш ийүү жагынан Иса Машаяк мыкты үлгү калтырган. Кандай гана сыноого туш болбосун, душмандары ага эмне кылбасын, ал Атасына ишенимдүү бойдон калган. Алсак, Шайтан аны азгырууга аракет кылганда, күнөө кылган эмес (Матай 4:1—11). Уялаш бир туугандары ага ишенбей, «акылынан айнып калган» деп ойлошкон, бирок ал эч нерсеге карабай Кудай тапшырган ишти аткара берген (Марк 3:21). Душмандары аны кордоп, жаман мамиле жасаганда да, Кудайга берилгендигин сактаган жана алардан өч алууга аракет кылган эмес (1 Петир 2:21—23).

21 Иса пайгамбар атүгүл жаны көзүнө көрүнүп кыйналып турганда да акыркы деми чыкканга чейин Жахабага берилгендигин сактаган. (Окугула: Филипиликтер 2:8.) Өлөр күнү анын кандай азап тартканын элестетип көрсөңөр: ал камакка алынган, жалган күбөлөр Кудайга акарат кылды деп ага жалаа жабышкан, адилетсиз соттор өлүм өкүмүн чыгарышкан, калың топ шылдыңдаган, жоокерлер аны кыйнап, акырында устунга кадап салышкан. Бирок ал үчүн баарынан да Кудайдын эркин аткаруу маанилүү болгондуктан, өлөр алдында үнүн катуу чыгарып: «Аткарылды!» — деп айткан (Жакан 19:30). Ал өлгөндөн үч күн өткөндөн кийин, Жахаба аны рух катары тирилткен (1 Петир 3:18). 40 күндөн кийин Иса асманга кайтып барып, «Кудайдын оң жагына отурган» да, падышалык бийлик бериле турган убакты күтө баштаган (Еврейлер 10:12, 13).

22. Иса Машаяктын Атасына берилгендик сактаганынын аркасында эмнеге жол ачылган?

22 Иса Машаяктын өмүрүнүн акырына чейин Атасына ишенимдүү бойдон калганынын аркасында, Жахаба башында ниет кылгандай, бейишке айланган жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө жол ачылган. Кийинки бөлүмдөн бул тууралуу кененирээк билебиз.

^ 11-абз. Бирок бул Кудайдын түз мааниде аялга үйлөнүп, балалуу болорун билдирбейт. Анткени Кудай — рух. «Уул» деген сөздү, «ата», «ага» деген сөздөр сыяктуу эле, өтмө мааниде да колдонсо болот. Мисалы, улуу кишилер кимдир бирөөгө, баласы болбосо деле, «балам», «уулум», «кызым» деп кайрыла беришет. Кээде кимдир бирөөнү «баланча айылдын уулу» деп коюшат, бирок бул түз мааниде аны ошол айыл төрөгөн дегенди билдирбейт. Бул, болгону, анын кайсы айылдан экенин билдирет. Ошо сыңары, Жахаба баарын жараткандыктан «Ата» деп аталат (Ышая 64:8). Иса аны Кудай жараткандыктан Кудайдын Уулу деп аталат. Периштелер да, Адам ата да Кудайдын уулдары деп айтылат (Аюп 1:6; Лука 3:38).