Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

1, 2. а) Кандай белекти баалуу деп эсептейсиңер? б) Кун Кудайдын эң баалуу белеги деп эмне үчүн айтууга болот?

ЖАШООҢОРДО алган белектердин кайсынысын баалуу деп эсептейсиңер? Балким, ал өтө кымбат болбосо да, кубаныч тартуулагандыр.

2 Кудай берген белектердин арасында биз абдан муктаж болгон бир белек бар. Ал — Кудайдын адамзатка берген эң баалуу белеги. Бул бөлүмдөн биз адамзат түбөлүк жашай алышы үчүн Жахаба өзүнүн Уулу Иса Машаякты жерге жибергенин билебиз. (Окугула: Матай 20:28.) Кудай Иса Машаякты ал өз өмүрүн кун катары бериши үчүн жиберген. Ошентүү менен бизди чындап сүйөрүн далилдеген.

КУН ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Адамдар эмне үчүн өлөт?

3 Кун — Жахабанын адамзатты күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн көргөн чарасы (Эфестиктер 1:7). Эмне үчүн кун төлөнүшү керек болгондугун түшүнүү үчүн миңдеген жылдар мурун Эйден багында кандай окуя болгонун билишибиз керек. Түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо эне күнөө кетиришкендиктен өлүшкөн. Күнөө тукум кууп өткөндүктөн, биз да өлөбүз. (9-тиркемени карагыла.)

4. Ыйык Китептен Адам ата жөнүндө эмнелерди билебиз?

4 Жахаба Кудай Адам атаны жеткилең кылып жараткан. Бул анын акылы да, денеси да жеткилең болгонун билдирет. Ал эч качан оорумак да, карымак да, өлмөк да эмес. Кудай Адам атаны жараткандыктан анын Атасы болгон (Лука 3:38). Жахаба аны менен дайыма сүйлөшүп турган жана андан эмне талап кылынарын айкын түшүндүргөн, ошондой эле ага канааттануу тартуулаган иш тапшырган (Башталыш 1:28—30; 2:16, 17).

5. Адам атаны Кудай «өзүнө окшош кылып жаратканы» эмнени билдирет?

5 Кудай Адам атаны «өзүнө окшош кылып жараткан» (Башталыш 1:27). Жахаба аны өзүнүкүндөй сапаттарды, анын ичинде сүйүү, күч, акылмандык жана адилеттүүлүк деген касиет-сапаттарды, чагылдыра алгыдай кылып жараткан. Кудай ага чечим чыгаруу эркиндигин да берген. Адам ата робот сыяктуу болгон эмес. Кудай аны жакшы менен жаманды өзү тандай ала тургандай кылып жараткан. Эгерде ал Кудайга баш ийүүнү тандаса, Бейиште түбөлүк жашамак.

6. Адам ата Кудайга баш ийбей койгондо эмнелерден айрылган? Анын кесепети кандай болгон?

6 Адам ата Кудайга баш ийбей койгондуктан, ага өлүм өкүмү чыгарылган. Натыйжада Жахаба менен болгон мамилеси бузулган, жеткилең өмүрүнөн айрылган жана Бейиштен куулуп чыгарылган (Башталыш 3:17—19). Ошондой эле Обо эне экөө түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн биротоло айрылышкан. Адам ата күнөө кылганынын кесепетинде «дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган» (Римдиктер 5:12). Адам ата күнөө кетиргенде өзүн жана урпактарын күнөө менен өлүмдүн кулчулугуна «сатып» жиберген (Римдиктер 7:14). Бирок Жахаба чара көрүп, биз үчүн кун төлөгөн.

7, 8. Кун деген эмне?

7 Кун деген эмне? Бул сөздүн эки негизги мааниси бар. Биринчиден, ал бир нерсени кайтарып алуу же кимдир бирөөнү бошотуп алуу үчүн төлөнчү бааны билдирет. Экинчиден, келтирилген зыяндын ордун толугу менен жаба турган бааны билдирет.

8 Адам атанын күнөөсүнүн кесепетин жеткилең эмес бир да адам жоё албайт. Ошондуктан Жахаба бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткарыш үчүн кун төлөгөн. Келгиле анда, кундун кантип төлөнгөнүн жана анын кандай пайдасы бар экенин карап көрөлү.

КУН КАНДАЙЧА ТӨЛӨНГӨН?

9. Кандай кун төлөнүшү керек эле?

9 Эч кимибиз Адам ата айрылган жеткилең өмүрдүн кунун төлөп бере албайт болчубуз. Анткени баарыбыз тең жеткилең эмеспиз (Забур 49:7, 8). Жеткилең өмүрдүн баасы төлөнүшү үчүн, «ылайыктуу кун» — башка жеткилең адамдын өмүрү — талап кылынган (1 Тиметей 2:6). Демек, Адам ата айрылган өмүргө тең келген баадагы кун төлөнүшү керек болчу.

10. Кун төлөнүшү үчүн Жахаба эмне кылган?

10 Кун төлөнүшү үчүн Жахаба эмне кылган? Ал жалгыз өзү жараткан асмандагы сүйүктүү Уулун — Иса Машаякты — жерге жиберген (1 Жакан 4:9, 10). Иса Машаяк Атасынын жанынан кетүүгө жана асмандагы ээлеген абалын таштап, жерге келүүгө даяр болгон (Филипиликтер 2:7). Жахаба анын асмандагы өмүрүн жердеги Мариям деген кыздын боюна көчүргөн. Ошентип, ал күнөөсүз, жеткилең адам болуп төрөлгөн (Лука 1:35).

Жахаба сүйүктүү Уулун биз үчүн кун катары берген

11. Кандайча бүт адамзат үчүн бир эле адам кун төлөй алган?

11 Адам ата күнөө кетиргенде жеткилең өмүрдөн өзү эле эмес, урпактары да айрылган. Кимдир бирөө анын урпактарын өлүмдөн куткара алат беле? Ооба. (Окугула: Римдиктер 5:19.) Бир да күнөө кылбаган Иса Машаяк жеткилең өмүрүн кун катары берген (1 Корунттуктар 15:45). Ошонун аркасында Адам атанын урпактары өлүм кулчулугунан бошонушкан (1 Корунттуктар 15:21, 22).

12. Иса Машаяк эмне үчүн аябай кыйналып өлгөн?

12 Ыйык Китепте Исанын өлөр алдында кандай азап тартканы сүрөттөлөт. Аны мыкаачылык менен сабашкан жана кыйналып өлүшү үчүн устунга кадап салышкан. (Жакан 19:1, 16—18, 30; 15-тиркемени карагыла.) Иса эмне үчүн мынчалык кыйналышы керек эле? Анткени Шайтан бир да адам катуу сыналганда Жахабага болгон берилгендигин сактабай турганын айткан. Иса болсо жеткилең адам жан чыдагыс кыйноого туш болгондо да Кудайга берилгендигин сактай аларын далилдеген. Ошондо Жахабанын Иса Машаяк менен канчалык сыймыктанганын элестетип көрсөңөр! (Накыл сөздөр 27:11).

13. Кун кандайча төлөнгөн?

13 Кун кандайча төлөнгөн? Жүйүт календары боюнча, б. з. 33-жылынын 14-нисанында Кудай Исанын душмандарына аны өлтүрүүгө жол берген (Еврейлер 10:10). Өлгөнүнө үч күн болгондо, Жахаба аны рух кылып тирилткен. Бирок Иса жерде жеткилең адам болуп жашоо укугунан айрылган эмес. Жахаба анын ошол укугун Адам атанын урпактарын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотууга колдоно алышы үчүн, Иса асманга кайтып барып, ал укугун Жахабага тапшырган (Еврейлер 9:24). Жахаба Кудай Иса төлөгөн ал кунду кабыл алган. Ошентип, күнөө менен өлүмдөн арылышыбызга жол ачылган. (Окугула: Римдиктер 3:23, 24.)

КУНДУН ПАЙДАСЫ

14, 15. Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн эмне кылышыбыз керек?

14 Кун Кудайдын эң чоң белеги экенин билдик. Эми болсо, келгиле, анын азыр да, келечекте да кандай пайдасы тиерине токтололу.

15 Күнөөлөрүбүз кечирилет. Бизге дайыма туура иш кылуу оңойго турбайт. Баарыбыз эле жаңылабыз, ошондой эле кээде туура эмес сүйлөп, туура эмес иш кылып алабыз (Колосалыктар 1:13, 14). Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн эмне кылышыбыз керек? Чын жүрөктөн өкүнсөк жана Жахабага жалынып, күнөөбүздү кечиришин сурап тиленсек, ал бизди кечирет (1 Жакан 1:8, 9).

16. Абийирибиз таза болушу үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Абийирибиз таза болот. Туура эмес иш кылып алганыбызда абийирибиз кыйнайт. Өзүбүздү күнөөлүү сезип, кетирген катабызды оңдоо мүмкүн эместей туюлат. Бирок андайда баары бүттү деп үмүт үзүп койбош керек. Эгер Жахабага жалбарып, кечиришин сурансак, ал үнүбүздү угуп, күнөөбүздү кечирет (Еврейлер 9:13, 14). Жахаба ага бардык көйгөйлөрүбүздү, алсыз жактарыбызды жашырбай айтышыбызды каалайт (Еврейлер 4:14—16). Ушундай кылсак, Кудай менен болгон мамилебиз бузулбайт.

17. Иса биз үчүн өмүрүн бергенинин аркасында эмнеге жол ачылган?

17 Түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз. «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Римдиктер 6:23). Иса биз үчүн өмүрүн бергенинин аркасында чың ден соолукта түбөлүк өмүр сүрүшүбүзгө жол ачылган (Аян 21:3, 4). Бирок түбөлүк жашаш үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

КУНГА ЫРААЗЫ ЭКЕНИҢЕРДИ БИЛДИРЕСИҢЕРБИ?

18. Жахабанын бизди сүйөрүн кайдан билебиз?

18 Кимдир бирөө жакшы белек бергенде абдан кубанганыңар шексиз. Кун эң баалуу белек болгондуктан, ал үчүн Жахабага терең ыраазы болушубуз керек. Жакан 3:16да: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун... берди»,— деп айтылган. Ооба, Жахаба бизди ушунчалык сүйгөндүктөн жакшы көргөн Уулун, Исаны, кун катары берген. Иса да бизди сүйгөндүктөн биз үчүн өмүрүн бергенге даяр болгон (Жакан 15:13). Кун Жахаба менен Исанын силерди чындап сүйөрүнүн далили экенине бекем ишенсеңер болот (Галатиялыктар 2:20).

Жахабаны таанып-билген сайын ага жакындап, сүйүүбүз арта берет

19, 20. а) Канткенде Жахабага жакын боло аласыңар? б) Исанын өмүрүн кун катары бергенине ишенериңерди кантип көрсөтө аласыңар?

19 Кудайдын зор сүйүүсү тууралуу билгенден кийин, балким, силер да аны сүйүүгө түрткү алаттырсыңар. Бирок кимдир бирөөнү жакшы көрүп, аны менен дос болуш үчүн адегенде аны жакшы таанышыбыз абзел. Жакан 17:3тө Жахаба Кудайды таанып-билүү зарыл экени айтылган. Эгер Кудайды таанып-билсеңер, ага болгон сүйүүңөр артып, ага жагууга умтула баштайсыңар жана аны менен жакын мамиледе боло аласыңар. Андыктан мындан ары да Ыйык Китепти изилдеп, Жахаба тууралуу биле бергиле (1 Жакан 5:3).

20 Исанын куткаруу курмандыгына ишенериңерди көрсөткүлө. Ыйык Китепте: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деп айтылган (Жакан 3:36). Ишенүү деген эмнени билдирет? Бул Иса Машаяктын айткандарына ылайык жашоону билдирет (Жакан 13:15). Иса Машаякка ишенерибизди сөз менен эле айтып койгонубуз жетишсиз. Анын биз үчүн өмүрүн кун катары бергенине ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүшүбүз кажет. Жакып 2:26да: «Ишсиз ишеним... өлүк»,— деп жазылган.

21, 22. а) Эмне үчүн жыл сайын өткөрүлгөн Эскерүү кечесине барып турушубуз керек? б) 6, 7-бөлүмдөрдө эмне жөнүндө айтылат?

21 Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине баргыла. Иса өлөр алдындагы түнү анын өлгөн күнүн эскерип турушубуз керектигин айткан. Биз аны жыл сайын өткөрүлгөн Эскерүү кечесинде же «Мырзабыздын кечки тамагы» деп аталган аземде эскерип турабыз (1 Корунттуктар 11:20; Матай 26:26—28). Иса жеткилең өмүрүн кун катары бергенин эстеп жүрүшүбүздү каалайт. Ал: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айткан. (Окугула: Лука 22:19.) Эскерүү кечесине баруу менен кунду жана Жахаба менен Исанын адамзатка болгон сүйүүсүн баалаарыңарды көрсөтөсүңөр. (16-тиркемени карагыла.)

22 Кун, чынында эле, Жахаба берген баа жеткис белек (2 Корунттуктар 9:14, 15). Ал атүгүл көзү өтүп кеткен миллиондогон адамдарга да пайда алып келет. Бул жөнүндө 6, 7-бөлүмдөрдө айтылат.