Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Өлгөндөр тирилет!

Өлгөндөр тирилет!

1—3. Баарыбыз эмненин туткунубуз жана Жахаба андан бизди кантип бошотот?

ЭЧ КАНДАЙ кылмыш кылбасаңар да түрмөгө кесилип кеткениңерди элестетсеңер. Эми ал жактан өмүрүңөрдүн аягына чейин бошоно албайсыңар. Жакшылыктан үмүт жок. Колуңардан эч нерсе келбейт. Ошентип үмүтүңөрдүн акыркы шооласы өчкөндө, силерди эркиндикке чыгара ала турган бирөө табылып калат! Ошондо кандай сезимде болот элеңер?

2 Баарыбыз өлүмдүн туткунубуз. Канча аракет кылбасын, өлүмдөн эч ким качып кутула албайт. Бирок Жахабанын бизди өлүмдөн куткарууга кудурети жетет. Ал: «Акыркы душман — өлүм — жок кылынат»,— деп убада берген (1 Корунттуктар 15:26).

3 Өлүмдү ойлоп коркпой турган убак келгенде канчалык кубанарыңарды элестетсеңер! Бирок Жахаба бизди тек гана өлүмдөн куткарып эле койбойт. Ал көзү өтүп кеткендерге да кайрадан өмүр тартуулайт. Бул эмнени билдирерин ойлоп көрсөңөр. Жахаба Кудай өлгөндөрдүн кайрадан жашай турганын убада кылган (Ышая 26:19).

ЖАКЫНЫБЫЗДАН АЙРЫЛГАНДА

4. а) Жакындарыбыз каза болгондо бизди эмне жубатышы мүмкүн? б) Иса пайгамбардын жакын досторунун айрымдары кимдер эле?

4 Үй-бүлөбүздөн кимдир бирөө же жакын досубуз каза болгондо күйүтүбүз күч болуп, өзүбүздү алсыз сезебиз. Анткени, эмне кылсак да, аны кайтара албайбыз. Бирок Ыйык Китепте бизди жубата ала турган нерселер жазылган. (Окугула: 2 Корунттуктар 1:3, 4.) Эмесе, көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын кайрадан өмүр сүрүшүн Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын канчалык каалаарын көрсөткөн бир окуяга токтололу. Иса пайгамбар жерде жүргөн кезде Лазар менен анын бир туугандары Марта, Мариямдыкына көп барчу. Үчөө тең Иса пайгамбардын жакын достору болгон. Ыйык Китепте: «Иса Марта менен Мариямды жана Лазарды жакшы көрчү»,— деп жазылган (Жакан 11:3—5).

5, 6. а) Лазардын үй-бүлөсүнүн жана досторунун кайгысын көргөндө Иса пайгамбар эмне кылган? б) Исанын жүрөгү сыздап, кайгырганынан эмнени билүүгө болот?

5 Бир күнү Лазар каза болуп калат. Иса пайгамбар Марта менен Мариямды жубатканы барат. Анын келатканын уккан Марта шаардын сыртына аны тосуп чыгат. Ал анын келгенине ыраазы болот, бирок өтө эле кеч болуп калды деп ойлогондуктан ага: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу»,— деп айтат. Андан кийин Иса Мартанын бир тууганы Мариямга жолугат. Мариям да агасын жоктоп боздойт. Ал жердегилердин баарынын ыйлап жатканын көргөндө Иса пайгамбар да көзүнө жаш алат (Жакан 11:21, 33, 35). Аларды көрүп анын да каңырыгы түтөгөн.

6 Исанын күйүт тарткандардын сезимин түшүнгөнүн билгенибиз абдан жубатат. Анткени ал Атасы Жахабага абдан окшош. Демек, күйүт тартып жүрөгүбүз сыздаганда, Жахаба да ошондой сезимде болот (Жакан 14:9). Жахаба өлүмдү жок кыла алат жана жакында жок кылат.

«ЛАЗАР, ЧЫК!»

7, 8. Марта Лазардын мүрзөсүнүн оозундагы ташты жылдырышын эмне үчүн каалаган эмес, бирок Иса эмне кылган?

7 Иса пайгамбар Лазардын сөөгү коюлган мүрзөгө барат. Анын оозу чоң таш менен жабылып турган. Ал: «Ташты алып салгыла»,— дейт. Бирок Марта ага Лазардын сөөгү коюлганына төрт күн болуп калганын айтат (Жакан 11:39). Анткени ал Исанын эмне кылганы жатканын билген эмес.

Лазар тирилгенде үй-бүлөсү менен досторунун канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер! (Жакан 11:38—44)

8 Ташты жылдырышкандан кийин, Иса пайгамбар үнүн катуу чыгарып: «Лазар, чык!» — деп айтат. Ошондо Марта менен Мариям көргөн көзүнө ишене албай туруп калышат! «Буту-колу кепинделип, бети-башы оролгон Лазар мүрзөдөн чыгып келет» (Жакан 11:43, 44). Ооба, Иса аны тирилткен! Лазардын үй-бүлөсү, достору аны кайрадан кучактап, аны менен кайрадан сүйлөшө аларына канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер. Бул, чынында эле, керемет болгон!

«КЫЗ, САГА АЙТАМ: ТУР»

9, 10. а) Өлгөндөрдү тирилтүүгө Исага күчтү ким берген? б) Тирилгендер жөнүндөгү маалыматты баалуу деп эмне үчүн айтууга болот?

9 Иса пайгамбар өлгөндөрдү өз күчү менен тирилткенби? Жок. Алсак, Лазарды тирилтерде ал Жахабадан күч сурап тиленген. (Окугула: Жакан 11:41, 42.) Иса жалгыз эле Лазарды тирилткен эмес. Ыйык Китепте он эки жашар бир кыз жөнүндө жазылган. Анын атасы Жайыр өлүм алдында жаткан ал кызын айыктырышын суранып Иса пайгамбарга жалбарат. Ал анын жалгыз кызы болчу. Жайыр Иса менен сүйлөшүп жатканда, кишилер келип: «Кызың өлүп калды. Эми устатты убара кылбай эле кой»,— деп суук кабар угузушат. Бирок Иса пайгамбар Жайырга: «Коркпо. Болгону эле, ишен. Ошондо кызың тирүү калат»,— деп айтат. Андан кийин Жайыр менен анын үйүнө жөнөйт. Үйүнө жакындап калганда ызы-чуу түшүп, боздоп ыйлап жаткан элди көрөт. Ал аларга: «Ыйлабагыла. Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,— дейт. Кыздын атасы менен апасы анын айткандарына таң калышкандыр. Иса пайгамбар баарына үйдөн чыгып турушун айтып, кыздын ата-энесин кыз жаткан бөлмөгө алып кирет. Анан акырын кыздын колунан кармап: «Кыз, сага айтам: тур»,— дейт. Кыз ордунан дароо туруп, баса баштайт. Ошондо ата-энесинин сүйүнгөнүнөн жүрөгү жарылып кете жаздаса керек! Ооба, алардын кызы тирилген (Марк 5:22—24, 35—42; Лука 8:49—56). Ошол күндөн тартып алар кызын көргөн сайын Жахабанын Иса пайгамбар аркылуу кылган кереметин эстеп турушканына шек жок *.

10 Иса пайгамбар тирилткен адамдар кийин кайра эле өлүшкөн. Бирок алар тууралуу жазылгандарды баалуу маалымат деп айтууга болот, себеби бизге үмүт берет. Жахаба өлгөндөрдү тирилтүүнү абдан каалайт жана сөзсүз тирилтет.

ТИРИЛГЕНДЕР ЖӨНҮНДӨГҮ МААЛЫМАТТАН ЭМНЕНИ БИЛЕ АЛАБЫЗ?

Элчи Петир Дорка деген аялды тирилткен (Элчилер 9:36—42)

Илияс пайгамбар жесир аялдын баласын тирилткен (1 Падышалар 17:17—24)

11. Лазар өлгөндө кандай абалда болгонун Насаатчы 9:5 кандайча көрсөтүп турат?

11 Ыйык Китепте «өлгөндөр эч нерсе билбей» турганы жазылган. Лазар да так ушундай абалда болгон (Насаатчы 9:5). Иса пайгамбар айткандай, Лазар өлгөндө катуу уктап жаткандай эле болгон (Жакан 11:11). Мүрзөдө жатканда ал эч нерсени сезген эмес.

12. Лазардын чын эле тирилгенин эмнеден билүүгө болот?

12 Иса пайгамбардын Лазарды тирилткенине көптөр күбө болушкан. Ал тургай Исанын душмандары да анын ушундай керемет жасаганын билишкен. Лазардын тирүү жүргөнү ал кереметтин талашсыз далили болчу (Жакан 11:47). Андан сырткары, Лазарды көргөнү барган көптөгөн адамдар да Иса пайгамбарды чын эле Кудай жибергенине ишене башташкан. Исанын душмандарына бул жакпагандыктан, алар аны да, Лазарды да өлтүрмөкчү болушкан (Жакан 11:53; 12:9—11).

13. Жахабанын өлгөндөрдү тирилте аларына эмне үчүн ишенсек болот?

13 Иса пайгамбар «эстелүүчү мүрзөлөрдө жаткандардын баары» тирилерин айткан (Жакан 5:28, шилт.). Бул Жахаба анын эсиндегилердин баарын тирилтерин билдирет. Кимдир бирөөнү тирилтиш үчүн Жахабанын эсинде ал тууралуу маалыматтын баары болушу керек. Бул мүмкүнбү? Маселен, ааламда миллиарддаган жылдыздар бар. Ыйык Китепте Жахаба жылдыздардын ар биринин атын билери айтылат. (Окугула: Ышая 40:26.) Эгер ал ар бир жылдыздын атын билсе, анда тирилте турган адам тууралуу бардык нерсени эсине сактап каларына да шек жок. Баарынан маанилүүсү, Жахаба бүт баарын жараткан. Ошондуктан өлгөндөрдү тирилтүүгө кудурети жетерине күмөн санабасак болот.

14, 15. Аюп пайгамбардын сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?

14 Аюп пайгамбар да өлгөндөрдүн тирилерине ишенген. Ал: «Өлгөн киши кайра жашайбы?» — деген суроо берип, андан кийин Жахабага: «Сен чакырасың — мен жооп берем. Колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деген. Ооба, Аюп пайгамбар Жахаба Кудай өлгөндөрдү тирилте турган убакты чыдамсыздык менен күтөрүн билген (Аюп 14:13—15).

15 Өлгөндөрдүн тирилерин билгенде кандай сезимде болдуңар? Балким: «Менин да көзү өтүп кеткен жакындарым, досторум тирилеби?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар. Жахабанын өлгөндөрдү тирилтүүнү каалаарын билүү баарыбызды жубатат. Келгиле, кимдердин тирилери, алар каякта жашаары жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп жазылганын карап көрөлү.

«МҮРЗӨЛӨРДӨ ЖАТКАНДАРДЫН БААРЫ АНЫН ҮНҮН УГА ТУРГАН УБАК КЕЛЕТ»

16. Тирилген адамдардын жашоосу кандай болот?

16 Байыркы убакта тирилгендердин баары кайрадан үй-бүлөсү, достору менен бирге бактылуу жашап калышкан. Келечекте болсо андан да жакшы болот. Себеби тирилгендердин баарына түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Ал заманда жашоо азыркыдан кыйла айырмаланат. Анткени согуш да, кылмыштуулук да, оору-сыркоо да болбойт.

17. Кимдер тирилет?

17 Анда кимдер тирилет? Иса пайгамбар: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деген (Жакан 5:28, 29). Аян 20:13тө: «Деңиз өзүндөгү өлүктөрдү кайрып берди, өлүм менен көр да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди»,— деп жазылган. Ооба, миллиарддаган адамдар кайрадан жер бетинде жашашат. Элчи Пабыл «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерин» айткан. (Окугула: Элчилер 24:15.)

Жер бейишке айланганда, өлгөндөр тирилип, жакындары менен көрүшөт

18. Тириле турган адил адамдар кимдер?

18 Адил адамдардын катарына Иса пайгамбар жерге келгенге чейин жашаган Жахабанын ишенимдүү кызматчылары кирет. Нух, Ыбрайым, Муса пайгамбарлар жана Кудайдан корккон Саара, Рут, Эстер сыяктуу аялдар жер бетинде жашаш үчүн тирилет. Алардын айрымдары жөнүндө Еврейлер китебинин 11-бөлүмүнөн окуй аласыңар. Ал эми Жахабага биздин күндөрдө кызмат кылып жүрүп көзү өтүп кеткендер тууралуу эмне деп айтууга болот? Адил деп эсептелгендиктен алар да тирилишет.

19. Адил эместер кимдер? Жахаба аларга кандай мүмкүнчүлүк берет?

19 Адил эместердин катарына Жахаба Кудайды таанып-билүүгө мүмкүнчүлүгү болбой көзү өтүп кеткен миллиарддаган кишилер кирет. Кудай аларды да унутта калтырбайт. Ал аларды тирилтип, аны таанып-билүүгө жана ага кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берет.

20. Кимдер тирилбейт?

20 Бул өлгөндөрдүн баары тирилерин билдиреби? Жок. Иса пайгамбар айрымдардын тирилбей турганын айткан (Лука 12:5). Кимдир бирөөнүн тирилер-тирилбесин ким чечет? Эң жогорку Сот — Жахаба Кудай — чечет. Бирок ал «тирүүлөр менен өлгөндөргө сот» жүргүзүүгө Иса пайгамбарга да бийлик берген (Элчилер 10:42). Оңолууну каалабаган ыймансыз адам деп табылгандар тирилбейт. (19-тиркемени карагыла.)

АСМАНДА ЖАШАШ ҮЧҮН ТИРИЛГЕНДЕР

21, 22. а) Айрымдардын асманда жашаш үчүн тирилери эмнени билдирет? б) Биринчи болуп рух катары ким тирилген?

21 Ыйык Китепте айрымдардын асманда жашаш үчүн тирилери да жазылган. Алар адам катары эмес, рух катары тирилишет.

22 Биринчи болуп рух катары Иса тирилген (Жакан 3:13). Жахаба аны ал өлгөндөн үч күн өткөндөн кийин тирилткен (Забур 16:10; Элчилер 13:34, 35). Анын денеси адамдыкындай болгон эмес. Элчи Петир муну: «Ал адам катары өлүп, кайра рух катары тирилген»,— деп түшүндүргөн (1 Петир 3:18). Ооба, Иса зор күч-кубатка ээ рух катары тирилген! (1 Корунттуктар 15:3—6) Бирок Ыйык Китептен асманда жашаш үчүн башкалар да тирилмектигин билүүгө болот.

23, 24. Иса айткан «кичине оторго» кимдер кирет жана алардын саны канча?

23 Өлөр алдында Иса пайгамбар өзүнүн шакирттерине: «Мен силерге орун даярдаганы баратам»,— деп айткан (Жакан 14:2). Бул сөздөр анын жолдоочуларынын айрымдары аны менен бирге асманда жашаш үчүн тириле турганын билдирген. Алардын саны канча болмок? Иса пайгамбар аларды «кичине отор» деп атап, алардын аз эле санда болорун айткан (Лука 12:32). Ал эми элчи Жакан алардын так санын жазган, себеби аян алганда «[асмандагы] Сион тоосунда турган» Иса Машаяктын жанында 144 000 турганын көргөн (Аян 14:1).

24 Исанын 144 000 жолдоочусу качан тирилмек? Ыйык Китепте алардын Иса Машаяк асманда башкара баштагандан кийин тирилери жазылган (1 Корунттуктар 15:23). Биз азыр так ошол маалда жашап жатабыз. 144 000 кишинин көбү тирилген, азыр алар асманда. Ал эми учурда жерде жашап жаткан алардын катарына кирген адамдар өлөрү менен асманда жашаш үчүн тирилет. Бирок келечекте тириле тургандардын басымдуу бөлүгү жер бетиндеги Бейиште жашоо үчүн тирилет.

25. Кийинки бөлүмдөн эмнени билебиз?

25 Жакында Жахаба бүткүл адамзатты өлүмдүн туткунунан бошотот, өлүм түбөлүккө жок болот! (Окугула: Ышая 25:8.) Асманда жашай тургандар ал жакта эмне кылышат? Ыйык Китепте алардын Иса Машаяк менен бирге асмандан бийлик жүргүзөрү жазылган. Асмандагы ал өкмөт жөнүндө кийинки бөлүмдө айтылат.

^ 9-абз. Ыйык Китепте тирилгендердин арасында чоңдор да, кичинелер да, эркектер да, аялдар да, ысрайылдыктар да, бөтөн жерликтер да болгону жазылган. Алар жөнүндө бул китептерден окуй аласыңар: 1 Падышалар 17:17—24; 2 Падышалар 4:32—37; 13:20, 21; Матай 28:5—7; Лука 7:11—17; 8:40—56; Элчилер 9:36—42; 20:7—12.