Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Дүйнөнүн акырына аз калдыбы?

Дүйнөнүн акырына аз калдыбы?

1. Келечекте эмне болорун каяктан билсе болот?

ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ көрүп жатып: «Деги, заман эмне болуп баратат?» — деп ойлогон учурларыңар болду беле? Барган сайын кырсык-каргаша, мыкаачылык күч алып бараткандыктан, айрымдар дүйнөнүн акырына чын эле аз калса керек деп ойлошот. Чынында эле ошондойбу? Келечекте эмне болорун билүүгө болобу? Ооба. Аны адамдар биле албаганы менен, Жахаба Кудай билет. Ал адамзаттын да, Жердин да келечегин Ыйык Китепке жаздырып койгон (Ышая 46:10; Жакып 4:14).

2, 3. Исанын шакирттери эмнени билгиси келген жана Иса аларга эмнелерди айткан?

2 Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык, дүйнөнүн акыры Жер планетасынын жок болорун эмес, жамандыктын жок болорун билдирет. Иса пайгамбар Кудайдын Падышалыгы бүт жер жүзүн башкарарын айткан (Лука 4:43). Шакирттери Кудайдын Падышалыгынын качан бийлик жүргүзөрүн билгиси келип, андан: «Бул качан болот? Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Матай 24:3). Иса пайгамбар аларга белгилүү бир күндү айткан эмес. Ал дүйнөнүн акырына аз калганда кандай окуялар болорун айткан. Анын айткандары так биз жашап жаткан учурда аткарылып жатат.

3 Бул бөлүмдө биз дүйнөнүн акыры жакындап калган учурда жашап жатканыбыздын далилдерине токтолобуз. Бирок жер бетинде эмне үчүн жамандык мынчалык көп болуп жатканын түшүнүш үчүн адегенде асманда болгон бир окуя жөнүндө билишибиз керек.

АСМАНДАГЫ СОГУШ

4, 5. а) Иса Падыша болгондон көп өтпөй асманда кандай окуя болгон? б) Аян 12:12ге ылайык, Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөндөн кийин жердеги жашоо кандай болмок?

4 8-бөлүмдөн Иса Машаяктын 1914-жылы асманда Падыша болгонун билгенбиз (Даниел 7:13, 14). Ошондо кандай окуя болгону жөнүндө Аян китебинде мындай деп жазылган: «Асманда согуш чыкты: Микеил [Иса] менен анын периштелери ажыдаар [Шайтан] менен согушушту» *. Шайтан менен анын жин-перилери ал согушта жеңилип, жерге куулуп түшүрүлгөн. Ошондо периштелердин канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер! Ал эми жердеги адамдар жөнүндө эмне деп айтууга болот? Ыйык Китепте ал убак адамзаттын тарыхындагы аябай оор убак болору айтылган. Анткени «убактысынын аз калганын билген» Шайтан жерге бүт каарын төкмөк (Аян 12:7, 9, 12).

5 Ошондуктан Шайтан ушу тапта адамдарды азапка салууга бүт күчүн жумшоодо. Кудай аны жакында жок кыларын билгендиктен ал болгон заарын чачууда. Келгиле анда, Иса пайгамбардын ушул акыркы күндөргө байланыштуу эмнелерди айтканын карап көрөлү. (24-тиркемени карагыла.)

АКЫРКЫ КҮНДӨР

6, 7. Исанын согуш жана ачарчылык жөнүндө айткандары азыркы учурда кандайча аткарылууда?

6 Согуш. Иса пайгамбар: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт»,— деп айткан (Матай 24:7). Азыркы учурда согуштун айынан мурун тарыхта болуп көрбөгөндөй көп киши курман болууда. Дүйнөдөгү окуяларды иликтеген бир уюм билдиргендей, 1914-жылдан тартып согуштан 100 миллиондон ашуун киши каза тапкан. 1900-жылдан 2000-жылга чейинки 100 жыл ичинде ага чейинки 1900 жыл убакыт аралыгындагыга караганда үч эсе көп киши өмүрүнөн айрылган. Ал эми согуштун кесепетинен дагы башка миллиондогон адамдардын канчалык кайгы-муңга батканын элестетүү кыйын эмес («Worldwatch Institute».)

7 Ачарчылык. Иса пайгамбар: «Жер-жерлерде ачарчылык болот»,— деген (Матай 24:7). Бүгүнкү күндө мурун болуп көрбөгөндөй көп азык өндүрүлүп жатса да, көптөр тоё жешпейт. Эмне үчүн? Ага тамак-аш же иштете турган жер сатып алууга акчанын тартыш болгону себеп болууда. Бир миллиарддан ашуун киши бир күндө бир долларга жетпеген акчага күн көрөт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, тамак-аштын жетишсиздигинен ден соолугу начарлап, жыл сайын 5 миллиондон ашык бала каза табат.

8, 9. Исанын жер титирөө, оору тууралуу айткандары аткарылып жатканын эмнелер көрсөтүүдө?

8 Жер титирөө. Иса пайгамбар жер-жерлерде «катуу жер титирөөлөр» болорун алдын ала айткан (Лука 21:11). Учурда катуу жер титирөөлөрдүн болушу жыл сайын күтүлүүдө. 1900-жылдан тартып жер титирөөдөн улам 2 миллиондон ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Заманбап технологиянын жардамы менен азыркы кезде жер титирөөнү мурунку убакка салыштырмалуу эртерээк алдын ала айтуу мүмкүн болуп жатканы менен, жер титирөөдөн каза тапкандар дагы деле көп болууда.

9 Оору. Иса пайгамбар «жугуштуу оорулардын» болорун айткан. Коркунуч туудурган оорулар желдей тез тарап, көптөрдүн өмүрүн кыймак (Лука 21:11). Ушу тапта доктурлар көптөгөн оорулар менен ийгиликтүү күрөшүп жатса да, адамзат айыккыс оорулардан дагы деле арылбай келет. Бир билдирүүгө ылайык, жыл сайын миллиондогон адамдар туберкулёз, рак жана башка ушу сыяктуу оорулардан көз жумууда. Мындан тышкары, доктурлар акыркы 40 жылдын ичинде жаңы 30 оору пайда болгонун аныкташкан. Кейиштүүсү, алардын айрымдарынын дабасы табыла элек.

АКЫРКЫ КҮНДӨРДӨ АДАМДАР КАНДАЙ БОЛОТ?

10. 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда жазылгандар бүгүнкү күндө кандайча аткарылууда?

10 Ыйык Китепте: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил»,— деп жазылган (2 Тиметей 3:1—5). Элчи Пабыл акыркы күндөрдө адамдардын көбүнүн төмөндөгүдөй болорун айткан:

  • өзүмчүл

  • акчаны сүйгөн

  • ата-энесине баш ийбеген

  • ишенимсиз

  • жакындарын сүйбөгөн

  • өзүн өзү кармай албаган

  • ырайымсыз, ачуулуу

  • Кудайга караганда рахатты сүйгөн

  • Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок ага баш ийбеген

11. Забур 92:7ге ылайык, ыймансыз адамдар эмне болот?

11 Силер жашаган жерде да адамдардын ушундай терс сапаттары байкалып жатабы? Ооба, бул бүт дүйнө жүзү боюнча байкалууда. Бирок Кудай жакында чара көрөт. Ыйык Китепте: «Ыймансыздар чөптөй өссө да, кыянаттык кылгандардын баары гүлдөсө да, алар акыр-аягы түбөлүккө жок болушат»,— деп жазылган (Забур 92:7).

АКЫРКЫ КҮНДӨРДӨГҮ ЖАКШЫ КАБАР

12, 13. Акыркы күндөрдө Жахаба бизге эмнелерди ачып берүүдө?

12 Ыйык Китепте акыркы күндөрдө дүйнөдө азап-кайгы көбөйөрү жазылганы менен, жакшы нерселердин болору да жазылган.

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат» (Матай 24:14).

13 Ыйык Китепти түшүнүү. Даниел пайгамбар акыркы күндөрдө «чыныгы билим көбөйөрүн» айткан (Даниел 12:4). Кудай өзүнүн элине Ыйык Китепти тагыраак түшүнүүгө жардам бермек. Бул, өзгөчө, 1914-жылдан тартып ишке ашууда. Маселен, ал бизге өзүнүн ысымынын маанисине, жерге карата болгон ой-ниетине, биз үчүн төлөнгөн кундун баалуулугуна, адам өлгөндө эмне болоруна, ошондой эле өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу чындыктарды ачып берди. Биз Кудайдын Падышалыгы гана бардык көйгөйүбүздү чечип берерин билдик. Андан сырткары, канткенде бактылуу болорубузду жана Кудайга жаккандай жашаш үчүн эмне кылышыбыз керектигин да түшүндүк. Кудайдын кызматчылары Ыйык Китептен түшүнүп-билгендерин кантип колдонмоктугун дагы бир пайгамбарлык сөздөн билүүгө болот. (21, 25-тиркемелерди карагыла.)

14. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кимдер жана каякта жарыялоодо?

14 Бүт дүйнө жүзүндө жүргүзүлүп жаткан жакшы кабар айтуу иши. Иса пайгамбар акыркы күндөр жөнүндө айтып жатканда мындай деген: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат» (Матай 24:3, 14). Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар учурда 230дан көп өлкөдө жана аймакта, 700дөн ашык тилде жарыяланууда. Ар кайсы улуттагы Жахабанын Күбөлөрү бүт дүйнө жүзү боюнча башкаларга Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин жана ал адамзат үчүн эмнелерди кыларын түшүнүүгө жардам берип жатышат (Аян 7:9). Алар бул ишти аткарганы үчүн акы алышпайт. Көптөр аларды жек көрүп, куугунтуктаса да, Иса пайгамбар айткандай, жакшы кабардын таралышына эч нерсе тоскоол боло албайт (Лука 21:17).

СИЛЕР ЭМНЕ КЫЛАСЫҢАР?

15. а) Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга ишенесиңерби жана эмне үчүн? б) Жахабага баш ийгендер эмнени көрүшөт, ал эми ага баш ийбегендер эмне болот?

15 Чын эле акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга ишенесиңерби? Ыйык Китепте акыркы күндөр жөнүндө алдын ала айтылгандар аткарылып жатат. Жахаба Кудай жакында жакшы кабарды таратуу ишин соңуна чыгарат, ошондо дүйнөнүн «акыры» келет (Матай 24:14). Бул эмнени билдирет? Кудай бардык ыймансыз адамдарды жок кыла турган Армагедон согушу башталганда, азыркы замандын акыры келет. Жахаба Кудай ага жана Иса Машаякка баш ийүүдөн баш тарткандарды жок кылууну Иса Машаякка жана периштелерге тапшырган (2 Тесалоникалыктар 1:6—9). Армагедондон кийин Шайтан менен анын жин-перилери адамдарды азгырып-адаштыра албай калат. Ал эми Кудайга баш ийип, анын Падышалыгын колдогондор Кудайдын убадаларынын аткарылганын өз көзү менен көрүшөт (Аян 20:1—3; 21:3—5).

16. Дүйнөнүн акырына аз калгандыктан эмне кылышыңар керек?

16 Шайтан башкарып жаткан дүйнө жакында соңуна чыгат. Ошондуктан ар бирибиз: «Мен эмне кылышым керек?» — деп ойлонуп көрүшүбүз кажет. Жахаба силердин Ыйык Китептен мүмкүн болушунча көбүрөөк нерселерди билишиңерди каалайт. Аны изилдөөгө олуттуу кароо зарыл (Жакан 17:3). Жахабанын Күбөлөрүнүн жума сайын өткөрүлгөн жыйналыштары Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берет. Ал жыйналыштарга дайыма барууга аракет кылгыла. (Окугула: Еврейлер 10:24, 25.) Эгер жашооңордо кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү кылыш керек экенин билсеңер, аларды кылуудан коркпогула. Ошондо Жахаба менен болгон мамилеңер барган сайын бекемделе берет (Жакып 4:8).

17. Дүйнөнүн акыры эмне себептен көптөр үчүн капыстан келет?

17 Элчи Пабыл ыймансыз адамдар жок кылына турган күндүн «түн жамынган уурудай болуп» көпчүлүк күтпөгөн маалда келерин айткан (1 Тесалоникалыктар 5:2). Иса пайгамбар да көптөрдүн, акыркы күндөрдө жашап жатканынын далилдери болсо да, аларды көңүлгө албай коёрун алдын ала айткан. Ал мындай деген: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да [акыркы күндөрдө] ошондой болот. Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес» (Матай 24:37—39).

18. Иса пайгамбар эмне деп эскерткен?

18 Иса пайгамбар «ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү» сыяктуу нерселерге алаксып кетүүдөн сак болушубуз керектигин эскерткен. Ал дүйнөнүн акыры капысынан келип, «тор сыяктуу басып каларын» жана ал күндүн «жер бетинде жашагандардын бардыгына келерин» айткан. Андан соң: «Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн жана адам Уулунун алдында туруш үчүн, дайыма жалындуу тиленип, сергек болгула»,— деп кошумчалаган (Лука 21:34—36). Исанын эскертүүсүнө кулак кагуу абдан маанилүү. Анткени Шайтандын азыркы ыймансыз дүйнөсүнүн жок кылынарына аябай эле аз калды. Ал күн келгенде Жахаба Кудай менен Иса Машаякка жаккан адамдар гана аман калып, жаңы заманда түбөлүк жашашат (Жакан 3:16; 2 Петир 3:13).

^ 4-абз. Микеил — Иса Машаяктын дагы бир аты. 23-тиркемени карагыла.