Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Периштелер жана жиндер тууралуу чындык

Периштелер жана жиндер тууралуу чындык

1. Периштелер тууралуу эмне үчүн билишибиз керек?

ЖАХАБА КУДАЙ периштелер тууралуу билишибизди каалайт. Анткени периштелер Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп эсептелет. Алар Ыйык Китепте «Кудайдын уулдары» деп айтылат (Аюп 38:7). Периштелер эмне иш кылышат? Алар байыркы учурда адамдарга кантип жардам беришкен? Бүгүнкү күндө бизге жардам бере алабы? (8-тиркемени карагыла.)

2. Периштелерди ким жараткан? Алардын саны канча?

2 Периштелерди ким жараткан? Колосалыктар 1:16да Жахаба Иса Машаякты жараткандан кийин «асмандагы жана жердеги калган нерселердин баарын» жаратканы айтылат, алардын ичинде периштелер да бар. Алардын саны канча? Ыйык Китептен периштелердин саны жүз миллиондон ашуун экенин билүүгө болот (Забур 103:20; Аян 5:11).

3. Аюп 38:4—7-аяттардан периштелер тууралуу эмнени билүүгө болот?

3 Мындан тышкары, Ыйык Китепте Жахаба периштелерди жерди жаратканга чейин жаратканы айтылган. Алар жерди көргөндө кандай сезимде болушкан? Аюп китебинен билгенибиздей, алар абдан кубанышкан. Периштелердин баары бир үй-бүлөдөй болуп биримдикте Жахабага кызмат кылышкан (Аюп 38:4—7).

ПЕРИШТЕЛЕР КУДАЙДЫН ЭЛИНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

4. Периштелердин адамдардын жашоосуна кызыгарын кайдан билебиз?

4 Периштелер адамдарга жардам берүүнү каалашат, ошондой эле Жахабанын жерге жана адамзатка карата болгон ой-ниетинин кандайча аткарылып жатканына дайыма кызыгып келишет (Накыл сөздөр 8:30, 31; 1 Петир 1:11, 12). Ошондуктан Адам ата менен Обо эненин Кудайга баш ийбей койгону аларды абдан капалантса керек. Бүгүнкү күндө да адамзаттын басымдуу бөлүгүнүн Кудайга баш ийбей жатканы аларды андан бетер кайгыртары шексиз. Ал эми кимдир бирөө кылган күнөөсүнө өкүнүп, Кудайдын жолуна түшсө, периштелер сүйүнүшөт (Лука 15:10). Периштелер өзгөчө Кудайга кызмат кылгандарга жардам берүүгө дилгир. Жахаба периштелерин жиберип, жердеги кызматчыларына жардам берип, аларды коргоп турат (Еврейлер 1:7, 14). Буга байланыштуу айрым мисалдарды карап көрөлү.

«Кудайым периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койгондуктан, мага зыян келтиришкен жок» (Даниел 6:22).

5. Байыркы учурда периштелер Кудайдын кызматчыларына кантип жардам беришкен?

5 Содом менен Амор шаары кыйратылганда Лотту жана анын үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн Жахаба эки периштесин жөнөткөн (Башталыш 19:15, 16). Мындан жүздөгөн жылдар мурун Даниел пайгамбарды арстандар жаткан орго ыргытышканда, ал эч кандай зыян тарткан эмес, анткени Кудай «периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койгон» (Даниел 6:22). Кийинчерээк болсо Жахаба периштесин жөнөтүп, элчи Петирди түрмөдөн бошоткон (Элчилер 12:6—11). Мындан сырткары, периштелер Иса пайгамбарга да жардам беришкен. Алсак, Иса пайгамбар чөмүлгөндөн кийин, периштелер ага кызмат кылышкан (Марк 1:13). Ошондой эле Иса пайгамбардын өлөрүнө аз калганда бир периште келип, аны «бекемдеген» (Лука 22:43).

6. а) Периштелер бүгүнкү күндө Кудайга кызмат кылгандарга жардам берерин кайдан билебиз? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

6 Бүгүнкү күндө периштелер мурункудай болуп адамдарга көрүнбөйт. Бирок Кудай ага кызмат кылгандарга периштелер аркылуу жардам берип турат. Ыйык Китепте: «Жахабанын периштеси Андан корккондорду коргоп турат, аларды куткарат»,— деп жазылган (Забур 34:7). Периштелердин коргоп турушуна биз эмне үчүн муктажбыз? Анткени бизге зыян келтирүүнү каалаган күчтүү душмандарыбыз бар. Алар кимдер жана кантип пайда болушкан? Алар бизге кантип зыян келтириши мүмкүн? Бул суроолорго жооп алыш үчүн, келгиле, Адам ата менен Обо эне жаралгандан кийин көп өтпөй кандай окуя болгонун карап көрөлү.

КӨЗГӨ КӨРҮНБӨГӨН ДУШМАНДАРЫБЫЗ

7. Шайтан адамдарды эмне кылганга түрткөн?

7 3-бөлүмдөн Кудайга каршы чыккан жана бийликти көксөгөн бир периште тууралуу окуганбыз. Ыйык Китепте ал Шайтан Ибилис деп аталат (Аян 12:9). Шайтан адамдардын да Кудайга каршы чыгышын каалаган. Ал Обо энени, андан кийин башкаларды да ошого түрткөн. Анткен менен Абыл, Энох, Нух пайгамбар сыяктуу адамдар Жахабага берилгендигин сакташкан (Еврейлер 11:4, 5, 7).

8. а) Айрым периштелер кандайча жин болуп калышкан? б) Топон суу болгондо жиндер эмне кылышкан?

8 Нух пайгамбардын күндөрүндө айрым периштелер адам кейпин кийип, асмандан жерге түшүшкөн. Ыйык Китепте алардын аялдарга үйлөнгүсү келгени айтылат. (Окугула: Башталыш 6:2.) Бирок периштелердин андай кылганы туура эмес болгон (Жүйүт 6). Ал убакта, ошол бузулган периштелерге окшоп, көптөр адеп-ахлаксыз иштерди кылышкан жана зөөкүр болуп кетишкен. Ошондо Жахаба ал ыймансыздарды жок кылыш үчүн жер бетине топон суу каптаткан, бирок ага берилген адамдарды аман алып калган (Башталыш 7:17, 23). Ал эми бузулган периштелер жанын сактап калыш үчүн кайрадан асманга кетишкен. Ыйык Китепте алар жиндер деп аталат. Жиндер Шайтан тарапка өтүп, ага баш ийип калышкан (Матай 9:34).

9. а) Жиндер асманга кайтып барганда эмне болгон? б) Азыр эмнеге токтолобуз?

9 Козголоң чыгарган жиндерди Жахаба асмандагы үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары кайра кабыл алган эмес (2 Петир 2:4). Азыр жиндер мурункудай болуп адам кейпин кие алышпайт, бирок дагы деле «бүт жер жүзүн адаштырууда» (Аян 12:9; 1 Жакан 5:19). Келгиле анда, алар көптөрдү кантип алдап-адаштырарына токтололу. (Окугула: 2 Корунттуктар 2:11.)

ЖИНДЕР АДАМДАРДЫ КАНТИП АЛДАШАТ?

10. Жиндер адамдарды алдаш үчүн эмне кылышат?

10 Жиндер адамдарды алдаш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Адамдар жиндер менен түзмө-түз же кимдир бирөө, алсак, бүбү-бакшы, көзү ачык же дуба окуп табыпчылык кылгандар аркылуу байланышат. Жиндер менен байланышуу спиритизм деп аталат. Ыйык Китепте жиндер менен байланышы бар нерселердин баарынан алыс болушубуз керектиги жазылган (Галатиялыктар 5:19—21). Аңчы жаныбарды кармаш үчүн тузак койгондой эле, жиндер да адамдарды алдап, аларды бийлеп алыш үчүн ар кандай тузак коюшат. (26-тиркемени карагыла.)

11. Адамдар келечекти алдын ала айтыш үчүн эмне кылышат?

11 Алар тарткан тузактардын бири — төлгө. Төлгө ачуу — жиндердин күчү менен келечекти же белгисиз бир нерсени билүү үчүн жасалуучу иш-аракет. Айрымдар түш жоруп, алакан ачып, ар кандай белгилерди карап, тамыр кармап төлгө ачышат. Башкалары жылдыз карап же таш менен төлгө тартышат. Көптөр мунун эч кандай зыяны жок деп ойлошот, бирок, чынында, бул абдан коркунучтуу. Маселен, Ыйык Китептен адамдар жиндердин күчү менен төлгө ачарын билүүгө болот. Элчилер 16:16—18-аяттарда бир кыздын ичинде «көзү ачыктык кылдыруучу жин» бар болгону жазылган. Элчи Пабыл кыздын ичиндеги жинди кууп чыккандан кийин, ал кыз келечекти алдын ала айта албай калган.

12. а) Өлгөндөр менен сүйлөшүүгө аракет кылуу эмне үчүн коркунучтуу? б) Чыныгы Кудайга кызмат кылгандар өлгөндөргө байланыштуу белгилүү бир каада-салттарга эмне үчүн карманышпайт?

12 Жиндер адамдарды тузакка түшүрүш үчүн дагы бир ыкманы колдонот. Алар бизди өлгөндөр менен сүйлөшө аларыбызга, өлгөндөр кайсы бир жакта жашаарына, колдооруна же зыян келтире аларына ишендиргиси келет. Мисалы, тууганынан же досунан айрылгандар өлгөндөр менен сүйлөшө алам деген көзү ачыктарга кайрылганда, алар маркум тууралуу кызыктуу бир нерсе айтышы, атүгүл маркумдун үнүнө окшоштуруп сүйлөшү ыктымал. Ошондо тигилер өлгөн киши менен сүйлөшүп жатам деп ойлошу мүмкүн, бирок, чынында, жиндер менен байланышып жаткан болот (1 Шемуел 28:3—19). Мындан тышкары, маркумдун жаны башка жакта жашоосун уланта берет деген ишенимге негизделген сөөк коюуга байланышкан көптөгөн каада-салттар бар. Аларга адам өлгөндөн кийин кайсы бир күндөрдү белгилөө, арбакка багыштап мал союу сыяктуу каадалар кирет. Ал салттардын баары жиндер менен байланыштуу. Ошондой эле аларга сөөк кайтаруу менен жесирлик каадаларынын жиндер менен байланышы бар түрлөрү да кирет. Эгер кимдир бирөө ушу сыяктуу каада-салттарга катышуудан баш тартса, үй-бүлөсү жана башкалар аны сындашы, каршы чыгышы, атүгүл мамилесин үзүшү мүмкүн. Бирок чыныгы Кудайга кызмат кылгандар адам өлгөндөн кийин жаны башка жакта жашабай турганын жана өлгөндөр менен байланышуу мүмкүн эмес экендигин билишет. Өлгөндөр эч кандай зыян келтире албайт (Забур 115:17). Ошондуктан өлгөндөр же жиндер менен сүйлөшүүгө эч качан аракет кылбашыбыз жана жогоруда айтылгандагыдай каада-салттарга аралашуудан сак болушубуз зарыл. (Окугула: Мыйзам 18:10, 11; Ышая 8:19.)

13. Мурда жиндерден коркуп жашагандар эмне кыла алышкан?

13 Жиндер адамдарды алдап эле койбостон, жүрөгүнүн үшүн алып келишет. Шайтан менен анын жин-перилери «убактысынын аз калганын», жакында Кудай аларды жер бетинен жок кыларын билгендиктен ого бетер жаалданып, каарын төгүүдө (Аян 12:12, 17). Ошентсе да мурда алардан коркуп жашаган миңдеген адамдар алардан коркпой калышкан. Алар эмненин аркасында жиндердин туткунунан бошоно алышкан?

ЖИНДЕРГЕ КАРШЫ ТУРУУ ЖАНА АЛАРДЫН ТУЗАГЫНАН БОШОНУУ

14. Жиндердин таасиринен арылыш үчүн, Эфестегилерге окшоп, эмне кылышыбыз керек?

14 Ыйык Китептен жиндерге каршы туруш үчүн жана алардын тузагынан чыгыш үчүн эмне кылышыбыз керектигин биле алабыз. Маселен, байыркы Эфес шаарынын айрым тургундары Кудай жөнүндө чындыкты билгенге чейин жиндер менен байланышта болушкан. Алар жиндердин таасиринен кантип арылышкан? Ыйык Китепте: «Сыйкырчылык кылгандардын бир тобу китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишти»,— деп айтылган (Элчилер 19:19). Алар Кудайга жагууну каалашкандыктан сыйкырчылыкка байланыштуу китептеринин баарын жок кылышкан. Бүгүнкү күндө да ушундай иш-аракет кылышыбыз керек. Жахабага кызмат кылгысы келгендер жиндер менен байланышы бар нерселердин баарынан арылууга тийиш. Андай нерселерге сыйкырчылыкты, жиндер менен байланышууну жана табияттан тыш нерселерди зыяны жоктой же кызыктуу кылып көрсөткөн китеп-журналдар, жылдыз төлгө, тасмалар, ырлар, оюндар, сүрөт-жарнамалар кирет. Ошондой эле жамандыктан коргойт деп эсептелген тумар сыяктуу нерселер да кирет (1 Корунттуктар 10:21).

15. Шайтанга жана жиндерге каршы туруш үчүн дагы эмне кылышыбыз керек?

15 Эфестиктер сыйкырчылыкка байланыштуу китептеринен арылганынан бир нече жыл өткөндөн кийин, элчи Пабыл аларга «каардуу рухий күчтөргө» каршы турууну уланта бериши керектигин жазган (Эфестиктер 6:12). Ооба, алар китептерин өрттөгөндөн кийин да, жиндер аларга зыян келтирүүгө аракет кыла беришкен. Анда алар дагы эмне кылышы керек эле? Элчи Пабыл аларга: «Кара өзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрө [же майтара] алышыңар үчүн чоң ишеним калканын алгыла»,— деп айткан (Эфестиктер 6:16). Согуш учурунда калкан жоокерди коргогондой эле, ишеним да бизди коргойт. Эгер Жахабанын бизди коргой аларына толук ишенсек, Шайтанга жана жиндерге каршы тура алабыз (Матай 17:20).

16. Жахабага болгон ишенимибизди канткенде бекемдей алабыз?

16 Жахабага болгон ишенимибизди канткенде бекемдей алабыз? Ан үчүн Ыйык Китепти күндө окушубуз зарыл жана Кудайга таянганды үйрөнүшүбүз кажет. Эгер Жахабага болгон ишенимибиз күчтүү болсо, Шайтан менен жиндер бизге зыян келтире албайт (1 Жакан 5:5).

17. Бизди жиндерден дагы эмне коргойт?

17 Эфестин тургундары дагы эмне кылышы керек болгон? Алар жиндер уялаган шаарда жашашкан. Ошо себептен элчи Пабыл аларга: «Ар дайым... тиленгиле»,— деп айткан (Эфестиктер 6:18). Алар Жахабадан дайыма коргоп турушун сурап тилениши керек болчу. Биз жөнүндө эмне деп айтууга болот? Биз да жиндер менен байланышуу күч алган дүйнөдө жашап жатабыз. Ошондуктан бизди коргошун сурап Жахабага жалынышыбыз жана тиленгенде анын ысымын айтышыбыз зарыл. (Окугула: Накыл сөздөр 18:10.) Эгер Шайтандын таасиринен арылтышын сурап Жахабадан тиленсек, ал тилегибизге жооп берет (Забур 145:19; Матай 6:13).

18, 19. а) Шайтан жана жиндерге каршы күрөштө канткенде жеңишке жете алабыз? б) Кийинки бөлүмдөн кайсы суроого жооп алабыз?

18 Эгер жиндер менен байланышы бар бардык нерселерден арылсак жана Жахабанын бизди коргой аларына бекем ишенсек, Шайтан менен жиндерге каршы тура алабыз. Алардан коркпой эле койсок болот. (Окугула: Жакып 4:7, 8.) Жахаба жиндерге караганда алда канча күчтүү. Нух пайгамбардын күндөрүндө Жахаба аларды жазалаган, ал эми келечекте биротоло жок кылат (Жүйүт 6). Жиндер менен болгон күрөштө жалгыз эмес экениңерди эсиңерден чыгарбагыла. Жахаба бизди периштелери аркылуу коргойт (2 Падышалар 6:15—17). Ал күрөштө Жахабанын жардамы менен жеңишке жете аларыбызга толук ишенсек болот (1 Петир 5:6, 7; 2 Петир 2:9).

19 Эгер Шайтан менен жиндер азап-кайгынын көп болушуна себепкер болуп жатса, Кудай аларды эмне үчүн жок кылып салбайт? Бул суроого кийинки бөлүмдөн жооп алабыз.