Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Дүйнөдө эмне үчүн азап-кайгы көп?

Дүйнөдө эмне үчүн азап-кайгы көп?

1, 2. Көптөр эмнени ойлоп тынчсызданышат?

ДҮЙНӨДӨ күн сайын ар кандай кырсык-каргаша болуп келет. Мисалы, кайсы бир жерди сел алып кеткени, террорчулардын соода борборун жардырып жиберип, көп киши өлгөнү же энеси айыккыс оорудан каза тапкан балдардын жетим калганы сыяктуу жаман кабарларды көп угабыз.

2 Табигый кырсык же дагы башка жамандык болгондо көптөр: «Эмне үчүн ушундай болду?» — деп бушайман болушат. Адамдар дүйнөдө азап-кайгы, кастык эмне үчүн мынчалык көп экенин ойлоп тынчсызданышат. Бул силердин да жүрөгүңөрдү өйүйбү?

3, 4. а) Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө суроонун эч жаман жери жок экенин кайдан билебиз? Түшүндүргүлө. б) Жамандык менен азап-кайгыга Жахаба кандай карайт?

3 Ыйык Китептен мындай нерселер Кудайдан корккон, ага бекем ишенген адамдарга да тынчтык бербей келгенин билебиз. Маселен, Хабакук пайгамбар Кудайдан тиленгенде: «Эмнеге мага кыянат иштерди көрсөтүп жатасың? Эмнеге кырсык-каргашаларды унчукпай карап турасың? Эмнеге талап-тоноочулук, зордук-зомбулук, чыр-чатак, уруш-талаштар болуп жатат?» — деп айткан (Хабакук 1:3).

4 Хабакук пайгамбар жазган китептин 2:2, 3-аяттарынан Кудайдын анын суроолоруна жооп бергенин жана чара көрүүнү убада кылганын окуйбуз. Жахаба өзү жараткан пенделерин сүйөт. Ыйык Китепте анын бизге кам көрөрү жазылган (1 Петир 5:7). Эгер биз адамдардын азап тартышын каалабасак, Кудай аны андан бетер каалабайт (Ышая 55:8, 9). Анда эмне үчүн дүйнөдө азап-кайгы мынчалык көп? Келгиле, ушул суроого жооп алалы.

ЭМНЕ ҮЧҮН АЗАП-КАЙГЫ МЫНЧАЛЫК КӨП?

5. Диний жетекчилер азап-кайгынын себебин эмне деп түшүндүрүшөт? Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

5 Диний жетекчилер көбүнчө адамдардын азап тартышы Кудайдын эрки деп айтышат. Айрымдар Кудай баарын, анын ичинде каргашалуу кырсыктарды да, маңдайга жазып коёрун жана анын себебин адам эч качан түшүнө албай турганын айтышат. Башкалар болсо Кудай адамдарды бул дүйнөгө сынаш үчүн жараткан дешет. Же адам өлгөндө аны Кудай алып кетти деп коюшат. Бирок, чынында, андай эмес. Ыйык Китепте: «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» — деп жазылган (Аюп 34:10).

6. Эмне үчүн көптөр дүйнөдө болуп жаткан жамандыкка Кудайды күнөөлөшөт?

6 Көптөр дүйнөнү Кудай башкарат деп ойлогондуктан болуп жаткан жамандыкка аны күнөөлөшөт. Бирок 3-бөлүмдөн билгенибиздей, дүйнө Шайтан Ибилистин кол алдында.

7, 8. Дүйнөдө эмне үчүн азап-кайгы көп?

7 Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» жазылган (1 Жакан 5:19). Бул дүйнөнүн төрөсү Шайтан абдан каардуу, мыкаачы. Ал «бүт жер жүзүн адаштырууда» (Аян 12:9). Көптөр Шайтанга мүнөздүү сапаттарды чагылдырышат. Дүйнөдө алдамчылыктын, кастыктын жана мыкаачылыктын күч алганынын бир себеби ушунда.

8 Азап-кайгынын көп болушунун дагы башка себептери бар. Адам ата менен Обо эне Кудайга каршы чыккандан кийин, алардын күнөөсү, тактап айтканда, жаман иш кылууга жакындыгы урпактарына өткөн. Ошондуктан адамдар бири-бирин кайгыга салып келишет жана көп учурда башкаларга үстөмдүк кылууну каалашат. Ошонун айынан дүйнөдө согуш-жаңжалдардын, зордук-зомбулуктун, кордуктун азабын тарткандар көп (Насаатчы 4:1; 8:9). Кээде болсо «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылгандыктан» да азап тартабыз (Насаатчы 9:11). Башкача айтканда, ылайыксыз учурда ылайыксыз жерде болуп калгандыктан кандайдыр бир кырсыкка же дагы башка жаман нерсеге туш болобуз.

9. Кудайдын азап-кайгыга жол беришине олуттуу себеп бар экенинен эмне үчүн шектенбесек болот?

9 Кудай адамдарды эч качан азапка салбайт. Дүйнөдө болуп жаткан согуштарга, кылмыштуулукка жана башка жамандыкка ал себепкер эмес. Жер титирөө, куюн, сел сыяктуу табигый кырсыктарды Кудай жибербейт. Балким, силер: «Эгер Жахаба ааламдагы эч ким тең келгис, кудурети күчтүү Кудай болсо, эмне үчүн жамандыкты токтотуп койбойт?» — деп ойлоноттурсуңар. Биз Кудайдын адамзатты сүйөрүн билебиз. Демек, анын азап-кайгыга жол берип жатканына олуттуу себеп бар (1 Жакан 4:8).

КУДАЙ АЗАП-КАЙГЫГА ЭМНЕ ҮЧҮН ЖОЛ БЕРҮҮДӨ?

10. Шайтан Жахабаны эмне деп каралаган?

10 Эйден багында Шайтан Адам ата менен Обо энени түз жолдон чыгарган. Ал Кудайды жаман башкаруучу деп каралап, адамдардан жакшы бир нерсени жашырып жатат деген ойду айткан. Ошондой эле Жахаба Кудайга караганда ал жакшы бийлик жүргүзөрүнө жана адамдар Кудайсыз эле жакшы жашай аларына ишендиргиси келген. (Башталыш 3:2—5; 27-тиркемени карагыла.)

11. Кайсы суроого жооп алышыбыз керек?

11 Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей, ага каршы чыгышкан. Алар эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүбүз чечүүгө укуктуубуз деп ойлошкон. Жахаба алардын жаңылып жатканын жана адамдар канткенде бактылуу болорун ал гана жакшы билерин кантип далилдеген?

12, 13. а) Жахаба Адам ата менен Обо энени эмне үчүн дароо жок кылып салган эмес? б) Жахаба Шайтанга бул дүйнөгө бийлик жүргүзүүгө жана адамдарга өз өкмөттөрүн түзүүгө эмне үчүн жол берген?

12 Жахаба Адам ата менен Обо энени дароо жок кылып салган эмес. Ал алардын балалуу болушуна жол берген. Андан кийин алардын урпактарына да кимге баш иерин тандоого мүмкүнчүлүк берген. Жахаба жер бетинде жеткилең адамдардын жашашын ниет кылган. Анын бул ой-ниети, Шайтан кандай аракет кылбасын, сөзсүз ишке ашышы керек болчу (Башталыш 1:28; Ышая 55:10, 11).

13 Шайтан Жахабаны миллиондогон периштелердин алдында каралаган (Аюп 38:7; Аян 5:11). Андыктан Жахаба Шайтанга өзүнүн айткандарынын чын экенин далилдөөгө убакыт берген. Ошондой эле адамдарга Шайтан башкарган дүйнөдө өздөрүнүн өкмөттөрүн орнотуп, Кудайсыз эле ийгиликке жете аларын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берген.

14. Убакыт эмнени далилдеди?

14 Адамзат миңдеген жылдар бою өзүн өзү башкарууга аракет кылып келатса да, ийгиликке жеткен жок. Ушундайча, Шайтандын айткандары калп экени далилденди. Чынында, адам баласы Кудайдын жетегине муктаж. Себеби, Сулайман пайгамбар айткандай, «адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (Насаатчы 8:9).

ЭМНЕ ҮЧҮН УШУНЧА УЗАК УБАККА ЧЕЙИН ЖОЛ БЕРҮҮДӨ?

15, 16. а) Жахаба азап-кайгынын ушунчалык көпкө созулушуна эмне үчүн жол берип келет? б) Жахаба Шайтандын айынан болуп жаткан көйгөйлөрдү эмнеге чечпейт?

15 Жахаба азап-кайгынын ушунчалык көпкө созулушуна эмне үчүн жол берип келет? Эмне себептен жамандыкты болтурбай койбойт? Шайтандын башкаруусу ийгиликтүү болбой турганы далилдениши үчүн убакыт керек болчу. Адамдар бийликтин бардык түрүн колдонуп көрүштү, бирок ийгиликке жеткен жок. Илимдин, техниканын абдан өнүккөнүнө карабай, адилетсиздик, жакырчылык, кылмыштуулук, согуш ого бетер күч алды. Ооба, биз Кудайсыз өзүбүздү ийгиликтүү башкара албайбыз.

16 Жахаба Шайтандын айынан болуп жаткан көйгөйлөрдү эмне үчүн чечпей келет? Себеби, эгер чечсе, Шайтандын бийлигин колдогон болуп калмак. Андан сырткары, адамдар өзүбүздү өзүбүз ийгиликтүү башкара алабыз деп ойлоп, Шайтандын калпына ишенип калышмак. Бирок Жахаба адамдардын Шайтандын калпына ишенип калышына себеп боло турган эч нерсе кылмак эмес. Анткени ал эч качан калп айтпайт (Еврейлер 6:18).

17, 18. а) Жахаба Шайтандын айынан болгон жамандыктын баарын эмне кылат? б) Жахабанын чыдамдуулугунун аркасында эмнеге шарт түзүлүүдө?

17 Жахаба Шайтандын жана Адам ата менен Обо эненин козголоңунун кесепетинен болгон жамандыктын баарын жок кыла алабы? Ооба. Кудайдын колунан баары келет. Шайтандын айткандары калп экени толугу менен далилденгенден кийин, Жахаба бизди бүт көйгөйдөн арылтат. Ошондон кийин, башында ниет кылгандай, жерди бейишке айлантат. «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары» тирилет (Жакан 5:28, 29). Адамдар эч качан оорушпайт жана өлүшпөйт. Иса Машаяк Шайтан келтирген зыяндын ордун толтурат. Жахаба Иса Машаяк аркылуу «Ибилистин иштерин кыйратат» (1 Жакан 3:8).

18 Ал эми учурда Жахаба, адамдар аны таанып-билип, ага баш ийүүнү тандай алышы үчүн, аларга «чыдамдуулук көрсөтүп жатат». (Окугула: 2 Петир 3:9, 10.) Ошол эле учурда башыбызга мүшкүл түшкөндө, бизге кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө жардам берет. (Жакан 4:23; окугула: 1 Корунттуктар 10:13.)

ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ЭРКИНДИГИҢЕРДИ КАНТИП КОЛДОНОСУҢАР?

19. Жахаба бизге кандай белек берген? Ал белекке эмне үчүн ыраазы болушубуз керек?

19 Жахаба бизди өзүнө баш ийүүгө мажбурлабайт. Ал бизге чечим чыгаруу эркиндигин берген. Жахабанын бул кереметтүү белеги бизди жаныбарлардан айырмалап турат. Жаныбарлар сокур сезимге жетектелет. Аларда туураны туура эместен айырмалоо жөндөмү жок. Ал эми биз жашообузду кандай өткөрөрүбүздү жана Жахабага жаккандай иш кылар-кылбасыбызды өзүбүз чече алабыз (Накыл сөздөр 30:24). Ошондой эле биз эмне кылышы керектиги программалаштырылган роботтордой эмеспиз. Жахаба Кудай жашоодон рахат алышыбызды каалайт, ошо себептен кандай адам болорубузду, кимдер менен достошорубузду жана эмне менен алектенерибизди өзүбүз чече алышыбыз үчүн эркиндик берген.

20, 21. Кандай жолду тандаганыңар туура болот?

20 Жахаба аны сүйүшүбүздү каалайт (Матай 22:37, 38). Кандай деп ойлойсуңар, атасына баласынын «сизди жакшы көрөм» деп кимдир бирөөнүн мажбурлоосу менен айтканы жагымдуубу же чын жүрөктөн айтканыбы? Анын сыңарындай, биздин Атабыз Жахаба да ага өз эркибиз менен кызмат кылышыбызды каалайт. Шайтан, Адам ата, Обо эне Жахабага баш ийбей коюшкан. Силер эмне кыласыңар?

21 Жахабага кызмат кылуу — эң туура жол. Андыктан ушул жолду тандагыла. Миллиондогон адамдар ушул жолду тандап, Шайтанга эмес, Жахабага жакканды кылууну чечишти (Накыл сөздөр 27:11). Жахаба Кудай азап-кайгыдан арылта турган жаңы заманда жашаш үчүн азыр эмне кылсаңар болот? Бул тууралуу кийинки бөлүмдө айтылат.