Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Өмүр белегин баалагыла

Өмүр белегин баалагыла

1. Бизге өмүрдү ким берген?

ЖАХАБА КУДАЙ — «өмүрдүн булагы». (Окугула: Забур 36:9.) Ал — биздин Жаратканыбыз. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп жазылган (Аян 4:11). Ооба, Жахаба бизге өмүр тартуулоону каалаган. Өмүр — бул Кудайдын баа жеткис белеги.

2. Бактылуу болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

2 Жахаба бизге жашоого керектүү нерселерди, алсак, тамак-аш, суу берген (Элчилер 17:28). Бирок ал биздин тек гана тирүү жүрүшүбүздү эле эмес, жашоодон рахат алып, бактылуу болушубузду да каалайт (Элчилер 14:15—17). Ал эми бактылуу болуш үчүн Кудайдын мыйзамдарына баш ийишибиз керек (Ышая 48:17, 18).

КУДАЙДЫН ӨМҮРГӨ КАРАТА КӨЗ КАРАШЫ

3. Кабыл Абылды өлтүрүп койгондо, Жахаба эмне кылган?

3 Ыйык Китептен өзүбүздүн да, башкалардын да өмүрү Жахаба үчүн абдан баалуу экенин билебиз. Мисалы, Адам ата менен Обо эненин уулу Кабыл өзүнүн иниси Абылга абдан ачууланганда, Жахаба Кудай ага ачуусун тыйышы керектигин эскерткен. Бирок Кабыл Кудайдын айтканын укпай коюп, акыры «иниси Абылды өлтүрүп койгон» (Башталыш 4:3—8). Абылды өлтүргөндүгү үчүн Жахаба аны жазалаган (Башталыш 4:9—11). Мындан көрүнүп тургандай, ачуулануу, кимдир бирөөнү жек көрүү абдан кооптуу, анткени ал зордук-зомбулукка жана мыкаачылыкка алып барышы мүмкүн. Андай иштерди жакшы көргөндөр түбөлүк өмүргө ээ болбойт. (Окугула: 1 Жакан 3:15.) Кудайга жагыш үчүн башкаларды сүйүүгө үйрөнүшүбүз керек (1 Жакан 3:11, 12).

4. Кудайдын ысрайылдыктарга Муса аркылуу берген Он осуятынын биринен өмүргө байланыштуу эмнени биле алабыз?

4 Ошол окуядан миңдеген жылдар өткөндөн кийин Жахаба Муса пайгамбарга Он осуят берген. Жахабанын өмүрдү баалуу деп эсептээрин ошол осуяттардан да көрүүгө болот. Алардын биринде: «Киши өлтүрбө»,— деп жазылган (Мыйзам 5:17). Эгер кимдир бирөө атайлап киши өлтүрсө, өлүм жазасына тартылышы керек болчу.

5. Кудай бойдон алдырууга кандай карайт?

5 Ал эми бойдон алдыруу жөнүндө эмне деп айтууга болот? Кудай буга кандай карайт? Жахаба Кудай үчүн ал тургай төрөлө элек баланын өмүрү да баалуу. Анын ысрайыл элине берген мыйзамында кимдир бирөө кош бойлуу аялдын денесине зыян келтирип, курсагындагы баласы өлүп калса, ал киши өлүшү керектиги айтылган. (Окугула: Чыгуу 21:22, 23; Забур 127:3.) Мындан бойдон алдыруу Кудайдын көз алдында туура эмес экенин билүүгө болот. (28-тиркемени карагыла.)

6, 7. Өмүрдү баалаарыбыз эмнеден көрүнөт?

6 Өзүбүздүн да, башкалардын да өмүрүн баалай турганыбызды кантип көрсөтө алабыз? Эгер өмүрдү бааласак, өзүбүздүн жана башкалардын жашоосуна коркунуч туудурган нерселерди кылбайбыз. Маселен, тамеки тартпайбыз, насыбай же баңгизат колдонбойбуз. Анткени андай нерселер ден соолугубузга зыян келтирип, атүгүл өлүмгө себеп болушу ыктымал.

7 Биздин организмди да Кудайдын белеги деп айтууга болот. Кудай өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүшүбүздү каалайт. Ал эми денени булгаган жаман адаттар адамды Кудайдын көз алдында таза эмес кылып коёт (Римдиктер 6:19; 12:1; 2 Корунттуктар 7:1). Эгер өмүрдү баалабасак, бизге өмүр берген Жахаба Кудайга сыйына албайбыз. Албетте, жаман адаттарды таштоо абдан кыйын болушу мүмкүн. Бирок өмүрдү баалап, андай адаттардан арылууга бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба бизге сөзсүз жардам берет.

8. Өзүбүзгө жана башкаларга зыян келтирбеш үчүн эмне кылышыбыз керек?

8 Буга чейин айтылгандай, өмүр — бул баа жеткис белек. Андыктан Жахаба бизден өзүбүздүн да, башкалардын да өмүрүнө зыян келтирбей, өмүрдү жогору баалашыбызды күтөт. Ошол себептен машине, мотоцикл же унаанын дагы башка түрүн айдаганда этият болуп, өмүрүбүзгө коркунуч туудурбашыбыз керек. Ошондой эле өмүргө коркунучтуу жана зордук-зомбулук менен коштолгон спорттун түрлөрүнөн качканыбыз абзел (Забур 11:5). Мындан сырткары, үйүбүздүн коопсуздугуна да тийиштүү кам көрүшүбүз керек. Жахабанын ысрайыл элине берилген мыйзамында: «Үй кура турган болсоң, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой»,— деп буйрук кылынган (Мыйзам 22:8).

9. Жаныбарларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

9 Жахаба үчүн атүгүл жаныбарларга кандай мамиле кыларыбыз да маанилүү. Кудай жаныбарларды тамак-ашка, кийим-кечеге колдонуу үчүн же өмүрүбүзгө коркунуч туудурганда коргонуу үчүн өлтүрүүгө уруксат берген (Башталыш 3:21; 9:3; Чыгуу 21:28). Бирок аларга мыкаачылык менен мамиле кылууга, спорт оюндары үчүн өлтүрүүгө же бири-бири менен согуштурууга болбойт (Накыл сөздөр 12:10).

ӨМҮРДҮ ЫЙЫК ТУТКУЛА

10. Кан өмүрдү билдирерин кайдан билүүгө болот?

10 Кан өмүрдү билдиргендиктен Кудай үчүн ыйык болуп эсептелет. Мына ошо себептен Жахаба Кабылды иниси Абылды өлтүрүп койгону үчүн жазалаган (Башталыш 4:10). Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суудан кийин Жахаба кан өмүрдү билдирерин дагы бир жолу айкын көрсөткөн. Ал Нух пайгамбарга жана анын үй-бүлөсүнө жаныбарлардын этин азык катары колдонууга уруксат берген. Жахаба: «Кыбыр эткен тирүү жандыктын баары силерге азык болсун. Өсүмдүктөрдү бергенимдей эле, алардын баарын силерге берем. Болгону, денени жаны [өмүрү] менен — каны менен — кошо жебегиле»,— деген (Башталыш 1:29; 9:3, 4). Ал этти каны менен жегенге тыюу салган, себеби кан жанды, тактап айтканда, өмүрдү билдирген.

11. Кудай ысрайыл элине канга байланыштуу кандай буйрук берген?

11 Нух пайгамбарга кан жегенге тыюу салынгандан 800 жылдай убакыт өткөндөн кийин Кудай ысрайыл элине кайрадан: «Эгерде Ысрайыл уулдарынан кимдир бирөө же араңарда жашаган келгин аңчылык кылып, этин жесе боло турган жаныбарды же канаттууну кармап алса, анын канын агызып, жерге көмүп койсун»,— деп буйрук кылган. Андан соң: «Эч кандай жандыктын канын жебегиле»,— деген (Лебилер 17:13, 14). Жахаба алардын да канды ыйык көрүшүн каалаган. Алар, эт жегени менен, канды жебеши керек болчу жана мал сойгондо канын агызып, жерге төгүп салышы керек болчу.

12. Исанын жолдоочуларынын канга карата көз карашы кандай?

12 Иса пайгамбар өлгөндөн бир нече жыл өткөндөн кийин элчилер менен жыйналыштагы аксакалдар Иерусалимге чогулушкан. Алар Исанын жолдоочулары ысрайылдыктарга берилген мыйзамдардын кайсынысына карманышы керектигин чечиши керек эле. (Окугула: Элчилер 15:28, 29; 21:25.) Ошондо Жахаба аларга кан анын көз алдында мурун кандай ыйык болсо, азыр да ошондой эле ыйык экенин жана алар да аны ыйык деп эсептеши керектигин түшүнүүгө жардам берген. Исанын алгачкы жолдоочулары канды ичпеши да, жебеши да керек болчу. Алар каны жакшы агызылбаган этти да жебеши керек болчу. Эгер ал мыйзамды бузушса, алардын кылганы, буркандарга табынуу же жыныстык адеп-ахлаксыздык сыяктуу эле, күнөө болмок. Ошондон тартып Исанын чыныгы жолдоочулары канды жешкен да, ичишкен да эмес. Ал эми биз жашап жаткан убак жөнүндө эмне деп айтууга болот? Жахаба бүгүнкү күндө да канды ыйык деп эсептешибизди каалайт.

13. Исанын жолдоочулары эмне себептен кан куйдурушпайт?

13 Бул Исанын жолдоочулары кан куйдуруудан да баш тартышы керектигин билдиреби? Ооба. Жахаба бизге да канды ичкенге жана жегенге тыюу салган. Эгер доктур силерге спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салса, бул аны ийне аркылуу венага куйса болот дегенди билдиреби? Албетте жок. Ошо сыяктуу эле, Кудайдын канды ичкенге жана жегенге тыюу салганы канды куйдурбашыбыз керектигин да билдирет. (29-тиркемени карагыла.)

14, 15. Исанын жолдоочулары, өмүрдү баалаганы менен, өмүрүн сактап калыш үчүн Кудайдын мыйзамын бузабы? Түшүндүргүлө.

14 Эгер доктур кан куйдурбасак өмүрүбүздөн айрыла турганыбызды айтса, эмне кылабыз? Кудайдын канга байланыштуу берген мыйзамына баш иеби-жокпу, ар ким өзү чечет. Исанын жолдоочулары өмүр белегин жогору баалашат жана өмүрүн сактап калуу үчүн кан куйдуруудан башка ыкмаларды издешет. Бирок эч качан кан куйдурушпайт.

15 Биз ден соолугубуздун чың болушун каалайбыз жана өлгүбүз келбейт. Бирок кан өмүрдү билдиргендиктен жана Кудайдын көз алдында ыйык болгондуктан, аны куйдурбайбыз. Биз үчүн Кудайдын мыйзамын бузуп, өмүрүбүздү сактап калганга караганда Кудайга баш ийгенибиз маанилүү. Иса пайгамбар: «Ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, ал аны сактап калат»,— деп айткан (Матай 16:25). Биз Жахабага аны сүйгөндүктөн баш ийүүнү каалайбыз. Ал канткенде бизге жакшы болорун билет. Биз да, ага окшоп, өмүрдү баалуу жана ыйык деп эсептейбиз (Еврейлер 11:6).

16. Кудайдын кызматчылары эмне себептен ага баш ийишет?

16 Кудайдын берилген кызматчылары анын канга байланыштуу мыйзамына бек карманышат. Алар кан жешпейт жана аны медициналык максатта куйдурушпайт *. Бирок өмүрүн сактап калыш үчүн дарылануунун башка ыкмаларын колдонушат. Алар өмүр менен канды жараткан Кудай канткенде аларга жакшы болорун билерине шектенбейт. Силер да буга ишенесиңерби?

КАН ЖАНА КУРМАНДЫК ЧАЛУУ

17. Жахаба ысрайылдыктарга канды кантип колдонууга гана жол берген?

17 Кудайдын ысрайыл элине Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамында: «Тирүү жандыктардын өмүрү канда, күнөөдөн арылышыңар үчүн мен канды курмандык жайында колдонууга белгиледим. Силер кан аркылуу күнөөдөн арыласыңар»,— деп айтылган (Лебилер 17:11). Ысрайылдыктар күнөө кетирип алганда, Жахаба алардын күнөөсүн кечириши үчүн, дин кызматчыга курмандык чалуу үчүн мал алып барышчу. Дин кызматчы ал малдын канынан алып, ибадатканадагы курмандык жайына төкчү. Жахаба ысрайылдыктарга канды ошентип колдонууга гана жол берген.

18. Иса өз өмүрүн курмандыкка бергенинин аркасында эмнеге шарт түзүлгөн?

18 Иса жерге келгенде, биздин күнөөлөрүбүз кечирилиш үчүн, өз өмүрүн берип, канын төккөн. Ошондон кийин жаныбарларды курмандыкка чалууга байланыштуу берилген мыйзам жоюлган (Матай 20:28; Еврейлер 10:1). Исанын өмүрү өтө баалуу болгондуктан, Жахаба аны асманга рух катары тирилткенден кийин, анын өмүрүн курмандыкка бергенинин негизинде бардык адамдарга түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк бере алат (Жакан 3:16; Еврейлер 9:11, 12; 1 Петир 1:18, 19).

Өмүрдү жана канды ыйык деп эсептээриңерди кантип көрсөтө аласыңар?

19. Башкалардын канына забын болбош үчүн эмне кылышыбыз керек?

19 Өмүр белегин бергенине Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Ошондуктан биз башкаларга, эгер алар Иса Машаяктын өз өмүрүн биз үчүн курмандык катары бергенине ишенишсе, түбөлүк жашай аларын айтууну каалайбыз. Биз бардык адамдарды жакшы көрөбүз жана аларга түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүнүүгө жардам бериш үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз (Жезекиел 3:17—21). Элчи Пабыл: «Мен эч кимдин канына забын эмесмин, анткени силерге Кудайдын эркин толугу менен жарыялоодон баш тарткан жокмун»,— деп айткан (Элчилер 20:26, 27). Биз да башкалардын канына забын болууну каалабайбыз. Ошондуктан башкаларга Жахаба Кудай тууралуу жана анын өмүргө карата болгон көз карашы тууралуу айтуу менен өмүрдү жана канды ыйык деп эсептээрибизди көрсөтөбүз.

^ 16-абз. Кан куйдуруу жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» деген китептин 77—79-беттерин карагыла.