Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

1, 2. Кудай үй-бүлөлөрдүн кандай болушун каалайт?

ЭҢ БИРИНЧИ никени Жахаба Кудай негиздеген. Ыйык Китепте анын аялды жаратып, «адамга алып келгени» айтылат. Ошондо Адам ата: «Мына, бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, денемден алынган дене»,— деп сүйүнгөн (Башталыш 2:22, 23). Мындан Жахаба Кудайдын үй-бүлөлөрдүн бактылуу болушун каалаарын билүүгө болот.

2 Кейиштүүсү, көптөгөн үй-бүлөлөр бакыт эмне экенин татып көрүшкөн эмес. Бирок Ыйык Китепте үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин бактылуу болушуна жана үй-бүлөдө биримдик, сүйүү өкүм сүрүшүнө жардам берген көптөгөн принциптер бар (Лука 11:28).

ЖАКШЫ КҮЙӨӨ КАНДАЙ БОЛОТ?

3, 4. а) Күйөө аялына кандай мамиле кылышы керек? б) Жубайлардын бири-бирин кечиргени эмне үчүн маанилүү?

3 Ыйык Китепте күйөө аялына сүйүү жана урмат-сый менен мамиле кылышы керектиги айтылат. Эфестиктер 5:25—29-аяттарды окуп көрсөңөр. Бул жерде айтылгандарга ылайык, жакшы күйөө аялына дайыма жакшы мамиле кылат. Ал ага кам көрөт, аны коргойт жана эч качан аны кордобойт, уруп-сабабайт.

4 Ал эми аялы туура эмес иш кылып алса, күйөөсү буга кандай карашы керек? Ыйык Китепте күйөөлөргө: «Аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла, аларга каарданбагыла»,— деп айтылган (Колосалыктар 3:19). Күйөөлөр өздөрү да жаңыларын эстен чыгарбашы керек. Эгер алар Кудайдын аларды кечиришин кааласа, өздөрү да жубайларын кечириши зарыл (Матай 6:12, 14, 15). Жубайлар бири-бирин кечирүүгө даяр болсо, үй-бүлө бактылуу болот.

5. Күйөө аялын эмне үчүн кадырлап-баркташы керек?

5 Жахаба Кудай эркектердин өз жубайларын кадырлап-баркташын каалайт. Күйөө аялына бардык жагынан кам көрүшү керек. Буга олуттуу кароо зарыл, анткени аялына жакшы мамиле кылбаса, Кудай анын тиленүүсүн укпай коюшу мүмкүн (1 Петир 3:7). Кудай эркектерди аялдардан жогору көрбөйт. Анын көз алдында аны жакшы көргөн адамдардын баары баалуу.

6. Эркек менен аялдын «бир дене» болору эмнени билдирет?

6 Иса пайгамбар күйөө менен аялдын «эки эмес, бир дене» болорун, мындайча айтканда, экөө бир кишидей болуп каларын айткан (Матай 19:6). Алар бири-бирине берилгендигин сакташы жана эч качан бири-биринин көзүнө чөп салбашы керек. Эркектин бир эле аялы, аялдын бир эле күйөөсү болушу талап (Накыл сөздөр 5:15—21; Еврейлер 13:4). Ал эми жыныстык мамиледе күйөөсү да, аялы да өзүнүн кызыкчылыгын көздөбөй, бири-биринин муктаждыктарын ойлошу зарыл (1 Корунттуктар 7:3—5). Күйөөлөр «эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт» деген сөздөрдү эсинен чыгарбашы абзел. Андыктан алар аялын сүйүшү, бапестеши кажет. Аялдар баарынан да күйөөлөрүнүн жумшак болушун жана аларды сүйүшүн каалашат (Эфестиктер 5:29). Жубайлар никесин мамлекеттик мыйзамга ылайык каттатканы маанилүү, анткени бул үй-бүлөнүн бактылуу болушуна жана балдардын коопсуздугуна шарт түзөт. Кудайдын кызматчылары никеге турууга байланыштуу жергиликтүү мыйзамга баш ийиши зарыл (Лука 2:1, 4, 5).

ЖАКШЫ АЯЛ КАНДАЙ БОЛОТ?

7. Эмне үчүн үй-бүлөнүн башчысы болушу керек?

7 Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири өз милдетин тийиштүү түрдө аткарышы үчүн, үй-бүлөнүн башчысы болушу керек. Ыйык Китепте: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 11:3).

8. Аял күйөөсүнө канткенде терең урмат көрсөткөн болот?

8 Албетте, күйөөлөр деле жаңылышы мүмкүн. Бирок жубайы күйөөсүнүн чечимин колдоп, экөө эриш-аркак иш кылса, үй-бүлөсүнө жакшы болот (1 Петир 3:1—6). Ыйык Китепте: «Аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деп айтылган (Эфестиктер 5:33). Ал эми күйөөсү Жахаба Кудайга сыйынбаган киши болсочу? Ошондой болгон күндө да, аялы аны терең урматташы керек. Ыйык Китепте мындай делет: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин» (1 Петир 3:1, 2). Ооба, зайыбынын жакшы жүрүм-туруму күйөөсүнүн анын диний көз карашын сыйлашына шарт түзүшү мүмкүн.

9. а) Күйөөсүнүн оюна кошулбаган учурда аялы эмне кылышы керек? б) Тит 2:4, 5-аяттарда аялдарга кандай кеңеш берилген?

9 Кайсы бир нерсеге байланыштуу аялы күйөөсүнүн оюна кошулбаса, эмне кылышы керек? Ал өзүнүн оюн сылык-сыпаа билдирсе болот. Мисалы, бир жолу Ыбрайым пайгамбардын жубайы Саара да ага өзүнүн оюн айткан. Анын ою Ыбрайым пайгамбарга жаккан эмес. Анткен менен Жахаба ага: «Анын айтканын ук»,— деген (Башталыш 21:9—12). Бирок күйөөсүнүн чечими Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келбесе, жубайы аны колдошу кажет (Элчилер 5:29; Эфестиктер 5:24). Жакшы аял үй-бүлөсүнүн камын ойлойт. (Окугула: Тит 2:4, 5.) Үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн талыкпай эмгектенген аялды күйөөсү да, балдары да жакшы көрөт жана сыйлайт (Накыл сөздөр 31:10, 28).

Саара аялдарга кандай үлгү калтырган?

10. Бөлөк жашоого жана ажырашууга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делет?

10 Айрым учурларда жубайлар шашып, бөлөк жашоону же ажырашууну чечиши мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте «аял күйөөсүнөн кетпесин», «күйөөсү да аялын таштабасын» деген сөздөр жазылган (1 Корунттуктар 7:10, 11). Анткен менен белгилүү бир олуттуу жагдайларда жубайлардын бөлөк жашашына жол берилет. Бирок андай чечимге жеңил ойлуу мамиле кылууга болбойт. Ал эми ажырашуу тууралуу эмне деп айтууга болот? Ыйык Китепке ылайык, жубайлардын ажырашышына алардын биринин ойноштук кылганы гана себеп боло алат (Матай 19:9).

ЖАКШЫ АТА-ЭНЕ КАНДАЙ БОЛОТ?

Иса пайгамбар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө жакшы үлгү калтырган

11. Балдар баарынан да эмнеге муктаж?

11 Ата-энелер балдарына мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүшү керек. Балдар ата-энесине абдан муктаж. Бирок баарынан да ата-энесинин Жахаба Кудайды таанып-билүүгө жардам беришине муктаж (Мыйзам 6:4—9).

12. Ата-энелер балдарын коргош үчүн эмне кылышы керек?

12 Шайтан башкарган азыркы дүйнө ыймансыздыкка барган сайын белчесинен батып баратат. Ошондуктан айрымдар балдарга зыян келтирүүнү, атүгүл аларды жыныстык жактан бузууну көздөшү мүмкүн. Кээ бир ата-энелерге балдары менен бул жөнүндө сүйлөшүү кыйын болушу ыктымал. Бирок ата-энелер балдарына андай адамдар тууралуу айтып берип, алардан кантип коргонсо болорун үйрөтүшү кажет. Ооба, ата-энелер балдарын коргошу керек * (1 Петир 5:8).

13. Ата-энелер балдарына кандай мамиле кылышы керек?

13 Ата-энелер балдарын өздөрүн кантип алып жүрүшү керектигин үйрөтүүгө милдеттүү. Аларды кантип үйрөтө аласыңар? Балдар оңдоп-түзөөгө муктаж, бирок ата-энелер аларды оңдоп-түзөөдө эч качан орой же катаал болбошу керек (Жеремия 30:11). Ошондуктан балаңарды эч качан ачууланып жатканыңарда тартипке салбагыла. Анткени андай учурда айткан сөзүңөр балаңардын жүрөгүн оорутуп, «кылычтай жаралашы» мүмкүн (Накыл сөздөр 12:18). Балдарыңарга эмне үчүн тил алышы керектигин түшүнүүгө жардам бергиле. (Эфестиктер 6:4; Еврейлер 12:9—11; 30-тиркемени карагыла.)

ЖАКШЫ БАЛА КАНДАЙ БОЛОТ?

14, 15. Балдар ата-энесине эмне үчүн тил алышы керек?

14 Иса Машаяк Атасына — Жахаба Кудайга — дайыма, атүгүл оңой эмес болгон учурларда да тил алган (Лука 22:42; Жакан 8:28, 29). Жахаба балдардын да ата-энесине тил алышын каалайт (Эфестиктер 6:1—3).

15 Эгер балдарга ата-энесине тил алуу кыйын болуп жатса, алардын тил алганы Жахабаны да, ата-энесин да кубантарын эсинен чыгарбашы керек * (Накыл сөздөр 1:8; 6:20; 23:22—25).

Жаман иш кылууга азгырылганда балдарга Кудайга баш ийүүгө эмне жардам берет?

16. а) Шайтан жаштарды туура эмес иштерди кылууга кантип азгырат? б) Эмне үчүн Жахабаны сүйгөндөр менен достошуу жакшы?

16 Шайтан балдарды алардын достору же дагы башкалар аркылуу туура эмес иштерди кылууга азгырышы мүмкүн. Ал андай азгырыкка туруштук берүү өтө кыйын экендигин жакшы билет. Маселен, Жакып пайгамбардын кызы Дина Жахаба Кудайга сыйынбагандар менен дос болгонунун айынан өзүн да, үй-бүлөсүн да азапка салган (Башталыш 34:1, 2). Балдар, эгер силер Жахабага сыйынбагандар менен достошсоңор, алар силерди Жахабага жакпаган нерселерди кылууга азгырышы ыктымал. Андай иштерди кылсаңар, өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да кайгыга батырып, Кудайдын жүрөгүн оорутасыңар (Накыл сөздөр 17:21, 25). Ошо себептен Жахабаны сүйгөндөр менен достошконуңар жакшы (1 Корунттуктар 15:33).

БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨН БОЛО АЛАСЫҢАР

17. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн милдети кандай?

17 Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири Кудайдын жетекчилигине ылайык иш кылса, көптөгөн кыйынчылыктардан алыс боло алат. Күйөөлөр, жубайыңарды сүйүп, ага жумшак мамиле кылгыла. Зайыптар, күйөөңөрдү терең урматтап, ага баш ийгиле жана Накыл сөздөр 31:10—31-аяттарда сүрөттөлгөн аялдан үлгү алгыла. Ата-энелер, балдарыңарды Жахаба Кудайды сүйүүгө үйрөткүлө (Накыл сөздөр 22:6). Аталар, үй-бүлөңөрдү «жакшы башкара билгиле» (1 Тиметей 3:4, 5; 5:8). Балдар, ата-энеңердин тилин алгыла (Колосалыктар 3:20). Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү туура эмес иш кылып алышы мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек. Андыктан момун болгула жана бири-бириңерден кечирим суроого даяр болгула. Ооба, Ыйык Китепте үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө пайдалуу боло турган Жахаба Кудай берген жетекчилик бар.

^ 12-абз. Балдарды кантип коргосо болору жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Улуу Окутуучудан үйрөн» китебинин 32-бөлүмүн карагыла.

^ 15-абз. Бала ата-энесине алар Кудайдын кайсы бир мыйзамын бузууну талап кылганда гана тил албай койсо болот (Элчилер 5:29).