Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

Өмүрүңөрдү Кудайга арнап, чөмүлүшүңөр керекпи?

Өмүрүңөрдү Кудайга арнап, чөмүлүшүңөр керекпи?

1. Бул китепти кылдат изилдегенден кийин эмне жөнүндө ойлонушуңар мүмкүн?

БУЛ китепти кылдат изилдөөнүн аркасында Ыйык Китептен көп нерселерди, алсак, Кудайдын түбөлүк өмүргө байланыштуу убадасын, өлгөн адамдардын абалын жана алардын тирилерин билдиңер (Насаатчы 9:5; Лука 23:43; Жакан 5:28, 29; Аян 21:3, 4). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына да бара баштагандырсыңар жана алардын чыныгы динди тутарына көзүңөр жеткендир (Жакан 13:35). Ошондой эле Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөндүктөн ага кызмат кылууну чечкендирсиңер. Ушундан улам: «Кудайга кызмат кылыш үчүн кандай кадамдарды жасашым керек?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар.

2. Эфиопиялык киши эмне үчүн чөмүлгүсү келген?

2 Иса пайгамбардын убагында эфиопиялык бир киши да ушинтип ойлонгон. Иса пайгамбар тирилгенден көп өтпөй Исанын Филип деген шакирти менен ал киши сүйлөшүп, ага Исанын Машаяк экенин далилдеп берген. Ошондо ал ушунчалык таасирленгендиктен: «Мына суу, чөмүлтүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» — деген (Элчилер 8:26—36).

3. а) Иса пайгамбар жолдоочуларына эмне деп айткан? б) Кудайга кызмат кылууну каалагандар кантип чөмүлүшү керек?

3 Ыйык Китепте Жахабага кызмат кылгысы келгендердин баары чөмүлүшү керектиги так-даана айтылган. Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла... Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деп айткан (Матай 28:19). Ал аларга үлгү көрсөтүп, өзү да чөмүлгөн. Чөмүлгөндө анын башына жөн эле суу чачыратып коюшкан эмес, ал толугу менен сууга чумкутулган (Матай 3:16). Бүгүнкү күндө да Кудайга кызмат кылууну каалагандар чөмүлгөндө толугу менен сууга чумкутулушу керек.

4. Чөмүлүү менен эмнени көрсөткөн болосуңар?

4 Чөмүлгөнүңөрдө башкалар силердин Кудай менен жакын мамиледе болууну жана ага кызмат кылууну чындап каалап жатканыңарды көрүшөт (Забур 40:7, 8). Анда чөмүлүш үчүн кандай кадамдарды кылышыңар керек?

БИЛИМ АЛУУ ЖАНА ИШЕНИМ ӨРЧҮТҮҮ

5. а) Чөмүлөрдөн мурун эмне кылуу керек? б) Жыйналыштарга үзбөй баруу эмне үчүн маанилүү?

5 Чөмүлөрдөн мурун адегенде Жахаба менен Иса Машаякты таанып-билүү зарыл. Ыйык Китепти изилдей баштаганыңардын өзү эле ошол алгачкы кадамды шилтегениңерди көрсөтүп турат. (Окугула: Жакан 17:3.) Бирок билимиңерди улам тереңдете бергениңер маанилүү. Себеби Ыйык Китепте Жахабанын «эркин так таанып-билишибиз» керектиги айтылат (Колосалыктар 1:9). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары Кудай менен болгон мамилеңердин ого бетер бекем болушуна жардам берет. Ошондуктан аларга үзбөй баруу абдан маанилүү (Еврейлер 10:24, 25).

Чөмүлгөнгө чейин Ыйык Китепти изилдешиңер керек

6. Чөмүлгөнгө чейин Ыйык Китепти канчалык деңгээлде билишиңер керек?

6 Албетте, чөмүлүү үчүн Ыйык Китепте жазылгандардын баарын билүү талап кылынбайт. Мисалы, эфиопиялык киши деле чөмүлгөнгө чейин Ыйык Жазманы толугу менен билген эмес (Элчилер 8:30, 31). Кудай жөнүндөгү билимдин түбү жок, ал билимди түбөлүккө ала беребиз (Насаатчы 3:11). Бирок чөмүлүш үчүн, бери дегенде, Ыйык Китептеги негизги окууларды билип, кабыл алышыңар керек (Еврейлер 5:12).

7. Ыйык Китепти изилдөө эмнелерге ишенүүгө жардам берди?

7 Ыйык Китепте: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деп жазылган (Еврейлер 11:6). Ошондуктан чөмүлөрдөн мурун ишеним өрчүтүшүңөр керек. Ыйык Китепте айтылгандай, байыркы Корунт шаарында жашаган айрым кишилер Иса пайгамбардын жолдоочулары окуткан нерселерге «ишенип, чөмүлтүлүшкөн» (Элчилер 18:8). Ушу сыяктуу эле, Ыйык Китепти изилдөө силерге да Кудайдын убадаларына жана Иса Машаяктын өлүмү күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонушубузга жол ачканына ишенүүгө жардам берди (Жашыя 23:14; Элчилер 4:12; 2 Тиметей 3:16, 17).

ЖАКШЫ КАБАРДЫ БАШКАЛАРГА АЙТУУ

8. Билгениңерди башкаларга айтууга эмне түрткү берет?

8 Ыйык Китепти көбүрөөк билип, андагы кеңештерди колдонуунун пайдасын көргөн сайын ишенимиңер чыңдала берет. Натыйжада билгениңерди башкаларга айткыңар келери шексиз (Жеремия 20:9; 2 Корунттуктар 4:13). Анда кимдерге айтсаңар болот?

Ишеним Ыйык Китептен билгениңерди башкаларга айтууга түрткү берет

9, 10. а) Ыйык Китептен билгениңерди кимдерге айтсаңар болот? б) Жахабанын Күбөлөрү менен кабар айтыш үчүн эмне кылышыңар керек?

9 Балким, билгениңерди үйдөгүлөргө, досторуңарга, кошуналарыңарга жана жумуштагыларга айткыңар келеттир. Бул аябай жакшы, бирок муну жылуу-жумшак, сылыктык менен кылганыңар маанилүү. Ал эми убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөлөрүнө кошулуп кабар айтууну каалашыңар мүмкүн. Даяр болуп калганыңарда силер менен Ыйык Китепти изилдеген кишиге жыйналыш менен кабар айтууга катышкыңар келерин билдиргиле. Эгер ал да силерди даяр деп эсептесе жана Ыйык Китептеги талаптарга ылайык жашасаңар, экөөңөр жыйналыштагы эки аксакал менен сүйлөшөсүңөр.

10 Алар Ыйык Китептеги негизги окууларды түшүнөрүңөрдү, аларга ишенериңерди, Кудайдын талаптарына ылайык жашаарыңарды жана Жахабанын Күбөсү болууну чын жүрөктөн каалап жатканыңарды аныкташат. Аксакалдар жыйналыштын бардык мүчөлөрүнө, анын ичинде силерге, жан-дилден кам көрүшөт. Андыктан алар менен сүйлөшкөндөн коркпогула (Элчилер 20:28; 1 Петир 5:2, 3). Ошондон кийин аксакалдар жыйналыштагылар менен кабар айтсаңар болор-болбосун айтышат.

11. Кызматка катышардан мурун айрым жактарыбызды өзгөртүү эмне үчүн маанилүү?

11 Бирок айрым учурларда аксакалдар, кабар айтуу кызматына катыша алышыңар үчүн, жашооңордо дагы эмнелерди өзгөртүшүңөр керектигин айтышы мүмкүн. Андай өзгөрүүлөр эмне үчүн маанилүү? Биз башкаларга Жахаба жөнүндө айтып, өкүлдөрү катары кызмат кылгандыктан анын ысмын даңктагыдай жашашыбыз керек (1 Корунттуктар 6:9, 10; Галатиялыктар 5:19—21).

ӨКҮНҮҮ ЖАНА КАЙРЫЛУУ

12. Эмне үчүн бардык адамдар өкүнүшү керек?

12 Чөмүлгөнгө чейин дагы бир нерсени кылышыңар керек. Элчи Петир: «Күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, өкүнгүлө, Кудайга кайрылгыла»,— деп айткан (Элчилер 3:19). Өкүнүү деген эмнени билдирет? Бул мурун туура эмес иш кылып келгенибизге кайгырууну билдирет. Мисалы, адеп-ахлаксыз иштерди кылып жүргөндөр өкүнүшү керек. Атүгүл дайыма туура иш кылганга аракет кылып келгендер да өкүнүшү зарыл. Анткени баарыбыз күнөөкөр пенде болгондуктан Кудайдын кечиришине муктажбыз (Римдиктер 3:23; 5:12).

13. «Кудайга кайрылуу» деген эмнени билдирет?

13 Туура эмес иштериңер үчүн өкүнүп коюу эле жетиштүүбү? Жок. Элчи Петир: «Кудайга кайрылгыла»,— деп да айткан. Бул жаман жолдон кайтып, туура иштерди кыла баштоону билдирет. Бир жерге биринчи жолу баратасыңар дейли. Бир убакта туура эмес багытта кетип баратканыңарды түшүнөсүңөр. Андайда басыгыңарды жайлатып, токтоп, артка кайрыласыңар да, кайра туура жолго түшөсүңөр. Анын сыңарындай, Ыйык Китепти изилдеп жатканда айрым адаттарыңардан арылышыңар керектигин, жашооңордо кайсы бир нерселерди өзгөртүү талап кылынарын баамдайсыңар. Ошондо «кайрыласыңарбы»? Тактап айтканда, жашооңордун багытын өзгөртүп, туура иштерди кыла баштайсыңарбы?

ӨМҮРДҮ КУДАЙГА АРНОО

Жахабага ага кызмат кыларыңарды айтып убада бердиңерби?

14. Өмүрдү Кудайга арноо деген эмнени билдирет?

14 Чөмүлөрдүн алдында кылышыңар керек болгон дагы бир маанилүү кадам — өмүрүңөрдү Жахабага арноо. Өмүрүңөрдү Жахабага арноо — бул Жахабага кайрылып, ага гана сыйынарыңарды жана анын эркин жашооңордо биринчи орунга коёруңарды айтып убада берүү (Мыйзам 6:15).

15, 16. Өмүрүбүздү Кудайга арноого эмне түрткү бериши керек?

15 Жахабага убада бергениңерди жакшы көргөн адамыңарга өмүр бою чогуу болоруңарды айтып сөз бергениңерге салыштырууга болот. Сүйлөшүп жүргөн кыз-жигитти мисалга алалы. Жигит сүйлөшкөн кызын көбүрөөк билген сайын аны ого бетер сүйүп, аны менен баш кошкусу келет. Албетте, бул олуттуу чечим. Бирок жигит кызды аябай сүйгөндүктөн жоопкерчилик алуудан кымындай да коркпойт.

16 Жахаба Кудай тууралуу билген сайын да ага болгон сүйүүңөр арта берет жана ага жан-дилден кызмат кылгыңар келе баштайт. Бул ага кайрылып, ага кызмат кылам деп убада берүүгө түрткү берет. Ыйык Китепте Иса Машаяктын жолун жолдогусу келгендердин баары «өзүнөн баш тартышы» керектиги айтылган (Марк 8:34). Бул, кандай жагдай болбосун, Жахабага дайыма тил алууну билдирет. Жахаба туура көргөн нерселер өзүбүздүн каалоолорубуздан жана мүдөө-максаттарыбыздан жогору турушу кажет. (Окугула: 1 Петир 4:2.)

ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КОРКПОГУЛА

17. Айрымдар эмне үчүн өмүрүн Кудайга арнагандан коркушат?

17 Айрымдар сөзүмө тура албай калам деп корккондуктан өмүрүн Жахабага арнашпайт. Алар Жахабанын ишеничин актай албай калуудан коркушу же өмүрүмдү ага арнабасам, анын алдында эч кандай жоопкерчилигим болбойт деп ойлошу мүмкүн.

18. Жахабаны капалантып алам деген коркуу сезимин жеңгенге эмне жардам берет?

18 Жахабаны капалантып алам деген коркуу сезимин жеңгенге ага болгон сүйүүңөр жардам берет. Эгер аны сүйсөңөр, ага берген убадаңарды аткарууга бүт күчүңөрдү жумшайсыңар (Насаатчы 5:4; Колосалыктар 1:10). Ошондой эле анын эркин аткарууну оор жүк катары көрбөйсүңөр. Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп жазган (1 Жакан 5:3).

19. Өмүрүңөрдү Кудайга арнагандан эмне үчүн коркпошуңар керек?

19 Кудайга арналуу үчүн жеткилең болуу талап кылынбайт. Ал бизден эч качан колубуздан келбеген нерсени күтпөйт (Забур 103:14). Ал туура иш кылууга жардам берет (Ышая 41:10). Ыйык Китепте: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян,.. ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 3:5, 6).

ЧӨМҮЛҮҮ

20. Өмүрүңөрдү Кудайга арнагандан кийин эмне кылышыңар керек?

20 Өмүрүңөрдү Жахабага арнаган болсоңор, анда кийинки кадамды жасашыңар, тактап айтканда, чөмүлүшүңөр керек болот.

21, 22. Канткенде ишенимиңерди «эл алдында... жарыялаган» болосуңар?

21 Аксакалдар кеңешинин координаторуна өзүңөрдү Жахабага арнаганыңарды жана чөмүлгүңөр келип жатканын айтсаңар болот. Ал башка аксакалдардын Ыйык Китептеги негизги окууларды силер менен талкуулашына кам көрөт. Эгер алар силердин даяр экениңерге ынанса, Жахабанын Күбөлөрүнүн жакында боло турган жыйынында чөмүлсөңөр болорун билдиришет. Жыйында чөмүлүүнүн мааниси түшүндүрүлгөн баяндама айтылат. Баяндамачы чөмүлгөнү жаткандардан эки суроого жооп беришин суранат. Ал суроолорго жооп бергениңерде ишенимиңерди «эл алдында... жарыялаган» болосуңар (Римдиктер 10:10).

22 Андан соң чөмүлөсүңөр. Чөмүлгөндө сууга толугу менен чумкутуласыңар. Ошондо баары силердин өмүрүңөрдү Жахабага арнап, Жахабанын Күбөсү болгонуңарды билишет.

ЧӨМҮЛҮҮ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

23. «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан» чөмүлүү эмнени билдирет?

23 Иса Машаяк анын жолдоочулары «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан» чөмүлөрүн айткан. (Окугула: Матай 28:19.) Бул эмнени билдирет? Бул Жахабага Эгедер катары баш ийүүнү, Иса Машаяктын Кудайдын ой-ниетиндеги өзгөчө ролун кабыл алууну, ошондой эле Кудай өзүнүн эркин аткарыш үчүн ыйык рухун колдонорун түшүнүүнү билдирет (Забур 83:18; Матай 28:18; Галатиялыктар 5:22, 23; 2 Петир 1:21).

Чөмүлгөндө Кудайдын эркин аткарууну каалаарыңарды көрсөтөсүңөр

24, 25. а) Чөмүлүү деген эмнени билдирет? б) Кийинки бөлүмдөн кайсы суроого жооп алабыз?

24 Чөмүлүү терең мааниге ээ. Адамдын сууга чумкутулганы каймана мааниде анын өлгөнүн, ал эми суудан чыкканы Кудайдын эркин аткаруу үчүн жаңы жашоо баштаганын билдирет. Андай кадам өмүр бою Кудайга кызмат кылууга чечкиндүү экениңерди көрсөтөт. Чөмүлгөндө өзүңөрдү кайсы бир кишиге, уюмга же ишке эмес, Жахаба Кудайга арнай турганыңарды унутпагыла.

25 Кудайга арналганыңар аны менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам берет (Забур 25:14). Анткен менен чөмүлүү адамдын куткарыларына кепилдик болбойт. Элчи Пабыл: «Куткарылууңарга коркуп, титиреп жеткиле»,— деп жазган (Филипиликтер 2:12). Чөмүлүү — бул куткарылууга алып бара турган алгачкы эле кадам. Анда канткенде мындан ары да Жахаба менен болгон достугуңарды бекемдей аласыңар? Бул суроого кийинки бөлүмдөн жооп алабыз.