Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

Жахаба менен болгон мамилеңерди бекем сактагыла

Жахаба менен болгон мамилеңерди бекем сактагыла

1, 2. Бүгүнкү күндө коопсуз жайды кайдан таба алабыз?

ЖОЛДО баратканыңарды элестетсеңер. Бир убакта эле аба ырайы бузулуп, асман түнөргөндөн түнөрүп, чагылган чартылдап, күн күркүрөй баштайт. Жамгыр чакалап төгүп кирет. Силер баш корголой турган жер издейсиңер. Анан ошондой жерди тапканда аябай сүйүнөсүңөр.

2 Анын сыңарындай, биз да бүгүнкү күндө коогалаңдуу мезгилде жашап жатабыз. Дүйнөдөгү абал барган сайын начарлап баратат. Бирок биздин да, мындайча айтканда, баш калкалаар жайыбыз бар. Ал эмне болгон жай? Бир пайгамбар: «Мен Жахабага: „Сен баш маанамсың, сепилимсиң, таянып жүргөн Кудайымсың“,— дейм»,— деп жазган (Забур 91:2). Ооба, Жахаба бизге азыркы күндөгү кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берүүдө жана келечегибиздин кең болорун убада кылууда.

3. Жахаба бизди кантип калкалайт?

3 Жахаба бизди кантип калкалайт? Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, ал бизге аларды көтөрүп кетүүгө күч берет. Ал бизге зыян келтирүүнү каалаган душмандардын кимисинен болбосун күчтүү. Кандайдыр бир зыянга учурасак да, келечекте анын кесепетин толугу менен жоё алат. Ыйык Китеп бизди: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгыла»,— деп үндөйт (Жүйүт 21). Башыбызга мүшкүл түшкөндө Жахаба бизге жардам бериши үчүн, аны менен болгон мамилебизди бекем сакташыбыз керек. Ан үчүн эмне кылыш керек?

КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮН БААЛАГЫЛА

4, 5. Жахаба бизди сүйөрүн кантип көрсөтүүдө?

4 Жахаба менен болгон ынак мамилебизди бекем сакташ үчүн анын бизди канчалык жакшы көрөрүн баамдашыбыз керек. Анын бизге кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр. Ал ар түрдүү өсүмдүктөр менен жаныбарларга толгон ажайып кооз жерди жаратып, жегенге даамдуу тамак-аш, ичкенге таза суу берген. Ыйык Китеп аркылуу өзүнүн ысмын жана кереметтүү касиет-сапаттарын ачып берген. Баарынан маанилүүсү, сүйүктүү Уулу Исаны, ал биз үчүн өмүрүн бериши үчүн, жерге жиберип, зор сүйүүсүн көрсөткөн (Жакан 3:16). Ушунун аркасында жаркын келечекке жол ачылган.

5 Жахаба асманга Падышалык орнотуп, анын падышасы кылып Иса Машаякты дайындаган. Ал Падышалык жакында бүт азап-кайгыны жок кылат. Ошондой эле анын бийлиги астында жер бейишке айланат. Ал убакта адамдардын баары тынчтыкка бөлөнүп, жыргап-куунап түбөлүк өмүр сүрүшөт (Забур 37:29). Жахабанын бүгүнкү күндө жашообузга керектүү, пайдалуу кеңештерди берип жатканы — бизди сүйөрүнүн дагы бир далили. Булардан тышкары, ал бизди ага кайрылып турууга чакырат. Ал үнүбүздү угууга дайыма даяр. Ооба, Жахаба ар бирибизди жакшы көрөт.

6. Жахабанын сүйүүсүн баалаарыңарды кантип көрсөтө аласыңар?

6 Жахабанын сүйүүсүн баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Анын биз үчүн кылган бардык жакшылыктарына ыраазычылык билдирсек болот. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөр жакшылыкты билбейт. Иса Машаяктын күндөрүндө да ошондой болгон. Бир жолу ал пес оорулуу он кишини айыктырганда, алардын бири гана ыраазычылык билдирген (Лука 17:12—17). Анын сыңарындай, биз да Жахабага дайыма ыраазычылык билдирип тургубуз келет.

7. Жахабаны канчалык сүйүшүбүз керек?

7 Ошондой эле биз Жахабаны жакшы көрөрүбүздү көрсөтүшүбүз керек. Иса пайгамбар шакирттерине Жахабаны бүт жүрөгү, бүт жаны, бүт акылы менен сүйүшү керектигин айткан. (Окугула: Матай 22:37.) Бул эмнени билдирет?

8, 9. Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

8 Жахабаны сүйөбүз деп айтып коюу эле жетиштүүбү? Жок. Эгер Жахабаны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз менен сүйсөк, муну иш жүзүндө көрсөтөбүз (Матай 7:16—20). Ыйык Китепте Кудайды сүйгөндөрдүн анын осуяттарын аткарары айтылган. Ал эми «анын осуяттарын аткаруу оор эмес». (Окугула: 1 Жакан 5:3.)

9 Биз Жахабага баш ийгенде гана жашообуз маңызга толот жана бактылуу болобуз (Ышая 48:17, 18). Анда аны менен болгон ынак мамилебизди бекем сактоого эмне жардам берет?

ЖАХАБАГА ЖАКЫНДАЙ БЕРГИЛЕ

10. Эмне үчүн Жахабаны таанып-биле беришиңер керек?

10 Жахаба менен болгон достук мамилеңер кантип өрчүй баштады эле? Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында, чынбы? Жахабаны таанып-билген сайын ортодогу мамилеңер бекемделе берген. Андай мамилени күйүп турган отко салыштырууга болот. От өчпөй, жалындап күйүп турушу үчүн, отун салып туруу зарыл. Жахаба менен болгон достугуңар бекем болушу үчүн, аны мындан ары да таанып-биле беришиңер керек (Накыл сөздөр 2:1—5).

Жахабага болгон сүйүүңөр өчүп калбашы үчүн, отун салып туруу маанилүү

11. Ыйык Китепти изилдөө силерге кандай таасир этет?

11 Ыйык Китепти изилдей берсеңер, жүрөгүңөрдү козгой турган көп нерселерди билесиңер. Иса Машаяктын пайгамбарлардын сөздөрүн тереңирээк түшүндүрүп бергени эки шакиртине кандай таасир эткенине көңүл бурсаңар. Кийинчерээк алар: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— деп айтышкан (Лука 24:32).

12, 13. а) Кудайга болгон сүйүүңөр эмне болуп калышы мүмкүн? б) Канткенде Жахабага болгон сүйүүңөр муздабайт?

12 Иса пайгамбардын шакирттери Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгөндө жүрөктөрү козголгон. Ыйык Китепте жазылгандардын маани-маңызын түшүнө баштаганда силер да так ушундай сезимде болсоңор керек. Ошонун аркасында Жахабаны жакшыраак билип, ага болгон сүйүүңөр тереңдей берген. Ошол алгачкы сүйүүңөрдүн муздап калышын каалабай турганыңар күмөнсүз (Матай 24:12).

13 Андыктан Жахаба менен болгон достугуңарды бекем сактоого бүт күчүңөрдү жумшашыңар керек. Жахаба менен Иса Машаяк жөнүндө билим алганыңарды токтотпогула жана билгениңер тууралуу, аларды жашоодо кантип колдонсо болору тууралуу дайыма ой жүгүрткүлө (Жакан 17:3). Ыйык Китепти окуп же изилдеп жатканда: «Мындан Жахаба Кудай жөнүндө эмнелерди билдим? Аны бүт жүрөгүм, бүт жаным менен сүйүүгө дагы кандай себептер бар?» — деп ойлонгула (1 Тиметей 4:15).

14. Тиленүү Жахабага болгон сүйүүбүздү бекем сактоого кандайча жардам берет?

14 Достук мамиле бекем болуш үчүн дайыма сүйлөшүп туруу маанилүү. Ошо сыяктуу эле, Жахабага дайыма кайрылып турсак, ага болгон сүйүүбүздү бекем бойдон сактай алабыз. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:17.) Өзүнө кайрылууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн, Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Андыктан ага кайрылганда сөздөрүбүз чын жүрөктөн чыгышы кажет (Забур 62:8). Ошондой эле жаттап алган сөздөрдү эле кайталай бербей, жүрөгүбүздөгүнү айтышыбыз керек. Ырас, Ыйык Китепти мындан ары да изилдеп, Жахабага чын ыкластан кайрылып, тиленип турсак, ага болгон сүйүүбүздүн илеби кайтпайт.

БАШКАЛАРГА ЖАХАБА ЖӨНҮНДӨ АЙТКЫЛА

15, 16. Кабар айтуу ишине кандай карайсыңар?

15 Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сакташ үчүн башкаларга ал жөнүндө айтышыбыз керек. Жахаба жөнүндө башкаларга айтуу биз үчүн чоң сыймык! (Лука 1:74, 75) Ошондой эле бул — Иса Машаяк бардык жолдоочуларына арткан жоопкерчилик. Ар бирибиздин Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаганыбыз маанилүү. Силер да ал ишке катыша баштадыңарбы? (Матай 24:14; 28:19, 20).

16 Элчи Пабыл жакшы кабар айтуу ишин абдан баалап, аны баа жеткис «кенч» катары көргөн (2 Корунттуктар 4:7). Бүгүнкү күндө башкаларга Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндө айтуудан маанилүү иш жок. Бул ага кызмат кылуунун бир жолу болуп эсептелет. Ал ага кызмат кылыш үчүн жумшаган күч-аракетиңерди жогору баалайт (Еврейлер 6:10). Жакшы кабарды жарыялаганыңардын силер үчүн да, силерди уккандар үчүн да пайдасы чоң. Ошонун аркасында өзүңөр да, алар да Жахаба Кудай менен ынак мамиледе болуп, түбөлүк өмүргө ээ болушат. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:58.) Ооба, мындан артык канааттануу тартуулаган иш жок!

17. Кабар айтуу иши эмне үчүн шашылыш түрдө аткарылышы керек?

17 «Кудайдын сөзүн» «кийинкиге калтырбай», шашылыш түрдө жарыялашыбыз керек (2 Тиметей 4:2). Баары Кудайдын Падышалыгы жөнүндө билиши зарыл. Себеби Ыйык Китепте: «Жахабанын улуу күнүнө аз калды. Ал жакындап калды, абдан шашып келатат»,— деп айтылган. Ал күн «кечикпейт» (Сепания 1:14; Хабакук 2:3). Жахаба Шайтандын ыймансыз дүйнөсүн жок кыла турган убак тездик менен жакындап келатат. Ошондуктан башкалар Жахабанын тарабын ээлей алышы үчүн, бул туурасында аларга азыр эскертишибиз керек.

18. Эмне үчүн Жахабага ишенимдештерибиз менен бирге сыйынышыбыз керек?

18 Жахаба биздин ага ишенимдештерибиз менен бирге сыйынышыбызды каалайт. Ыйык Китепте мындай делет: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Еврейлер 10:24, 25). Колубуздан келишинче жыйналыштардын бирин да калтырбай барып турганыбыз маанилүү. Анткени ал жактан бири-бирибизди бекемдеп, кубаттай алабыз.

19. Ишенимдештериңерди жакшы көрүүгө эмне жардам берет?

19 Жыйналыштан Жахабага берилип кызмат кылууга түрткү бере турган жакшы досторду таба аласыңар. Ошондой эле ал жактан Жахабага жан-дили менен кызмат кылган тек жайы, кулк-мүнөзү ар кандай адамдар менен тааныша аласыңар. Алар деле, силер сыяктуу, кемчиликтери бар жеткилең эмес адамдар. Андыктан кечирүүгө даяр болгула. (Окугула: Колосалыктар 3:13.) Ишенимдештериңердин жакшы жактарына көңүл топтогула. Ошондо аларды көбүрөөк жакшы көрө баштайсыңар жана Жахабага ого бетер жакындай бересиңер.

ЧЫНЫГЫ ЖАШОО

20, 21. «Чыныгы жашоо» деген эмне?

20 Жахаба бардык кызматчыларынын бактылуу болушун каалайт. Ыйык Китепте келечекте биздин жашообуз азыркыдан кыйла айырмаланары айтылган.

Жахаба силердин «чыныгы жашоого» жетишиңерди каалайт. Силерчи?

21 Келечекте 70-80 жыл эле эмес, түбөлүк жашайбыз. Ажайып кооз бейиш заманда ден соолугубуз чың болот, эч кимден коркпойбуз жана чындап бактылуу болобуз. Ыйык Китепте ал убак «чыныгы жашоо» деп аталат. Жахаба бизге ошондой чыныгы жашоону убада кылууда, бирок ал жашоого «бекем карманыш» үчүн биз тараптан көп күч-аракет талап кылынат (1 Тиметей 6:12, 19).

22. а) Канткенде «чыныгы жашоого» «бекем кармана» алабыз? б) Түбөлүк өмүргө эмне үчүн өз аракетибиздин аркасында жетпейбиз?

22 Канткенде «чыныгы жашоого» «бекем кармана» алабыз? Биз «жакшылык кылып», «жакшы иштерге бай болушубуз» керек (1 Тиметей 6:18). Бул Ыйык Китептен билгендерибизди иш жүзүндө колдонууну билдирет. Анткен менен чыныгы жашоого өз аракетибиздин аркасында жетпейбиз. Түбөлүк өмүр — Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына зор ырайымынан улам берген баа жеткис белеги (Римдиктер 5:15). Асмандагы Атабыз берилген кызматчыларына ал белекти берүүнү абдан каалайт.

23. Азыр туура чечимдерди чыгаруу эмне үчүн маанилүү?

23 «Мен Кудайга ага жаккандай жол менен сыйынып жатамбы?» — деп ойлонуп көргүлө. Жашооңордо кайсы бир нерселерди өзгөртүшүңөр керектигин байкасаңар, дароо иш-аракет кылгыла. Жахабага таянып, ага толугу менен баш ийгенибизде гана ал биздин баш калкалаар жайыбыз болот. Кудай күнү бүтүп бараткан Шайтандын бузулган дүйнөсүндө жашап жаткан ишенимдүү кызматчыларын коргоп турат. Келечекте болсо өзү убада кылгандай, түбөлүк өмүр тартуулайт. Ооба, эгер бүгүн туура чечимдерди чыгарсаңар, чыныгы жашоого жете аласыңар!