Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-СУРОО

Кысымга кантип туруштук берем?

Кысымга кантип туруштук берем?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Эгер кысымга туруштук берсең, башкалардын сени бийлеп алышына жол бербей, өз башыңа өзүң ээ болосуң.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Эки классташын көргөндө Арсендин жүрөгү лакылдай баштайт. Алар ушул жумада аны тамеки тартууга эки жолу мажбурлашкан. Эми дагы ошенткени жатышат.

Биринчиси мындай дейт:

«И, дагы жалгыз турасыңбы? Көңүлүңдү көтөргөнгө бир нерсе берейинби?»

Ал «бир нерсе» деген сөздү өзгөчө баса белгилеп айтат да, чөнтөгүнөн бирдеме алып чыгып, Арсенге сунат.

Анын колундагы тамекини көргөндө Арсендин жүрөгү ого бетер катуу сого баштайт.

«Кереги жок, өткөндө эле айтпадым беле...» — дейт ал.

Экинчи бала: «Эмне, эркек эмессиңби?» — деп сөзүн бөлөт.

«Эркек элемин»,— дейт Арсен.

Экинчи бала колун анын ийнине коюп: «Анда чегип көрбөйсүңбү»,— деп жумшак айтат.

Биринчиси болсо тамекини Арсендин оозуна жакындатып: «Коркпой эле кой, эч кимге айтпайбыз»,— деп шыбырайт.

Эгер Арсендин ордунда болсоң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Арсенди кысымга алган балдар эмне кылып жатышканын өздөрү түшүнөбү? Өздөрү каалагандыктан тамеки чегип калышканбы? Жок. Аларга да башкалар кысым көрсөткөн. Теңтуштарына жагууну көздөгөндүктөн алардын ою менен боло башташкан.

Сен да ушундай жагдайга туш болсоң, көпчүлүктү ээрчибей, кысымга кантип туруштук бере аласың?

  1. КЫРААКЫ БОЛ

    Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— делет (Накыл сөздөр 22:3).

    Көп учурда көйгөйдү алдын ала көрө билсе болот. Мисалы, классташтарыңдын топтошуп алып, тамеки тартып турганын көрдүң дейли. Эгер көйгөйдү көрө билсең, андан кача аласың.

  2. ОЙЛОН

    «Абийириңерди таза сактагыла»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Петир 3:16).

    «Көпчүлүктү ээрчисем, өзүмдү кийин кандай сезем?» — деп ойлон. Балким, теңтуштарыңа убактылуу жагаттырсың. Бирок кийин өкүнбөйсүңбү? Аларга жагынам деп жакшы атыңды булгап албайсыңбы? (Чыгуу 23:2).

  3. ЧЕЧИП АЛ

    Ыйык Китепте: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— делет (Накыл сөздөр 14:15).

    Эртеби, кечпи, ар бирибиз чечим чыгарып, же кесепетин тартабыз, же пайдасын көрөбүз. Ыйык Китепте Жусуптун, Аюптун, Исанын туура чечим чыгарганы, ал эми Кабылдын, Эйсаптын, Жүйүттүн туура эмес жолду тандаганы айтылат. Сен кандай чечим чыгарасың?

Ыйык Китептен: «Ишенимдүүлүк менен иш кыл»,— дегенди окуйбуз (Накыл сөздөр 12:22). Баарын таразалап, бир чечимге келип алсаң, көз карашыңды түшүндүрүү өзүң ойлогондон да оңой болот. Мунун сөзсүз акыбети кайтат.

Бирок аларга акыл айтышым керек деп ойлоп, тынчсызданба. Кээде чечкиндүү түрдө «ЖОК» дегениң эле жетиштүү болот. Же айтканыңдан кайтпай турганыңды көрсөтүш үчүн мындай десең да болот:

  • «Убара болбой эле койгула»

  • «Мен эч качан мындай ишке барбайм!»

  • «Мени жакшы билесиңер да...»

Эң негизгиси, эч буйдалбай, ишенимдүү түрдө жооп бер. Ошондо теңтуштарыңдын бат эле жайыңа койгонуна өзүң да таң каласың.

ШЫЛДЫҢДАШКАНДА

Кысымга алдырсаң, кимдир бирөө башкарган роботтой болуп каласың

Теңтуштарың шылдыңдаса, эмне кылсаң болот? Алар: «Мунун эмнеси жаман? Эмне, коркуп жатасыңбы?» — десечи? Мындай сөздөрдү кысымга алдырышың үчүн айтып жатышканын унутпа. Анда эмне кылсаң болот? Мунун, жок эле дегенде, эки жолу бар.

  • Алардын айтканына чычалаба. («Ооба, корком!» — деп айтып, анан себебин кыскача түшүндүр.)

  • Өздөрүнө «чабуул кой». Көз карашыңды түшүндүргөндөн кийин ойлондурарлык суроо бер. («Жакшы эле балдарсыңар, эмнеге тамеки чегесиңер?»)

Ошондон кийин деле шылдыңдай берсе, кетип кал. Анткени тура берсең, кысым күчөй берет. Ал эми кетип калсаң, башкалардын сени бийлеп алышына жол бербей турганыңды көрсөтөсүң.

Кысымга кабылбай коюу мүмкүн эмес. Бирок эмне кылууну өзүң чече аласың жана көз карашыңды түшүндүрүп, жагдайды колго ала аласың. Ооба, баары өзүңөн көз каранды (Жашыя 24:15).