Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-СУРОО

Сексуалдык асылуу деген эмне?

Сексуалдык асылуу деген эмне?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Жыл сайын миллиондогондор зордукталат же жыныстык зомбулуктун ар кандай түрүнөн жапа чегет. Алардын көбү жаштар.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Аннетти бирөө жерге жыгып, басып калганда, ал эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган. Ал мындай дейт: «Колуман келишинче каршылык көрсөттүм... Кыйкырганга аракет кылдым, бирок үнүм чыкпай калды. Түрткүлөп да, ургулап да, тепкилеп да, тыткылап да жаттым. Бир кезде муздак бычактын сайылганын сездим. Ошондо эч нерсе кыла албай калдым».

Ушундай жагдайга кабылсаң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Канчалык сак болсоң да, кээде, мисалы, караңгыда кетип баратканда балээге кабылып калышың мүмкүн. Ыйык Китепте: «Жарышта жеңишке шамдагайлар эле,.. урмат-сыйга билими барлар эле жете бербейт... Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат»,— делет (Насаатчы 9:11).

Айрымдарды, Аннетке окшоп, чоочун бирөө зордуктаса, башкаларды тааныштары, атүгүл үйүндөгүлөрү зордуктап коёт. Алсак, 10 эле жаштагы Наталини кошуна жашаган өспүрүм бала зордуктап койгон. Натали: «Аябай коркконуман, уялганыман ал тууралуу башында эч кимге айтпай жүрдүм»,— дейт.

СЕН КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕССИҢ!

Аннет болгон окуяга дагы деле өзүн күнөөлөй берет. Ал мындай дейт: «Ошол түнү болгон окуя такыр эсимден кетпейт. Аябай эле каршылык көрсөтсөм болмок экен дей берем. Ал мени бычак менен сайганда, коркконуман эч нерсе кыла албай калгам. Бирок баары бир деле бир нерсе кылышым керек болчу деп өзүмдү көп жемелейм».

Натали да өзүн күнөөлүү сезе берет. «Баары менин ишенчээктигимен болду,— дейт ал.— Ата-энем сиңдим экөөбүзгө эшикте жүргөндө дайыма чогуу жүргүлө деп көп айтчу, бирок мен тил албай койгом. Ошон үчүн кошуна баланын мени зордуктап койгонуна өзүм күнөөлүүмүн деп ойлой берем. Ата-энем ал жөнүндө укканда аябай кайгырышкан. Аларды азапка салганым үчүн да өзүмдү күнөөлөйм».

Эгер сен да, Аннет менен Наталидей болуп, өзүңдү күнөөлөп жатсаң, бир нерсени унутпа: сен ал ишке өз эркиң менен барган жоксуң. Айрымдар бирөөнү зордуктаган кишини: «Эми ал эркек да, эркектигин кылып койду»,— деп акташат. Дагы бирөөлөр: «Кыздын өзүндө да бар да»,— дешет. Бирок бирөөнү зордуктоого эч кимдин акысы жок! Мындайга сен да кабылган болсоң, буга сен күнөөлүү эмессиң!

Албетте, «сен күнөөлүү эмессиң» дегенди окуп коюш оңой, бирок ишениш кыйын. Айрымдар болгон окуяны эч кимге айтпай, өзүн-өзү күнөөлөп же дагы башка терс сезимдер менен күрөшүп, кыйнала беришет. Бирок жашырып жүрө берсең, кимге пайда болот: сагабы же сени зордуктаган кишигеби? Андыктан болгон нерсени жашырба.

ИЧИҢЕ КАТПА

Ыйык Китепте Аюп пайгамбардын: «Жаным кыйналганынан сүйлөйм!» — дегени жазылган (Аюп 10:1). Сенин да ошенткениң жакшы. Болгон окуяны өзүң ишенген адамга айтсаң, жагдайга башкача карап, жеңилдеп каласың, терс сезимдерден да арыласың.

Кайгыны жалгыз көтөрүү оор болушу мүмкүн. Андыктан кимдир бирөө менен бөлүш

Аннет буга толук кошулат. Ал мындай дейт: «Досума айтып бергенимде, ал мени аксакалдарга кайрылууга үндөдү. Ошенткениме аябай сүйүнөм. Аксакалдар мени менен бир нече жолу сүйлөшүп, мен муктаж болуп турган сөздөрдү, болгон окуяга күнөөлүү эмес экенимди, айтышты. Ошондо таптакыр күнөөлүү эмес экенимди түшүндүм».

Натали болсо ата-энесине айтып берген. «Алар мени колдоп, баарын коркпой айтууга үндөштү. Бул мага ичтен сызып, ачууланып жүрө бербегенге жардам берди»,— деп эскерет ал.

Наталиге тиленүү да жардам берген. Ал мындай дейт: «Кудайдан тиленүү, өзгөчө, ичимдегини эч кимге айта албай кыйналган учурларда аябай жардам берди. Тиленгенде жүрөгүмдөгүнүн баарын төгөм. Ошондо жан дүйнөм тынч алып, жеңилдеп калам».

Сен да айыга турган убак бар экенине ынана аласың (Насаатчы 3:3). Ан үчүн ден соолугуңа кам көр, жаман ойлор менен жашай бербе. Жетиштүү эс ал. Баарынан маанилүүсү, «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайга» таян (2 Корунттуктар 1:3, 4).

БОЙ ЖЕТКЕН БОЛСОҢ

Жигитиң сени ыпылас ишке азгырса: «Жолобо мага!» же «Тарт колуңду!» — деп айткандан коркпо. Андан айрылып калам деп коркуп, унчукпай койбо. Эгер ушинтип айтканың үчүн сени таштап кетсе, анда ал сага татыксыз. Сага сени жана карманган принциптериңди сыйлаган адам гана татыктуу.

СЕКСУАЛДЫК АСЫЛУУГА БАЙЛАНЫШТУУ ТЕСТ

«Ортоңку класста окуп жүргөндө, балдар бюстгальтеримден тартып тийише беришчү. Ар кандай уят сөздөрдү сүйлөп, алар менен жыныстык катнашта болсом, өзүмө жакшы болорун айта беришчү» (Коретте).

Алардын кылганы төмөнкүлөрдүн кайсынысына кирет?

  1. А. Тамашалоо

  2. Б. Тийишүү

  3. В. Сексуалдык асылуу

«Бир жолу автобуста баратканымда, бир бала уят сөздөрдү айтып, кармалай баштады. Анын колун кагып, ары турушун айттым. Ошондо мени келесоосуңбу дегендей карап койду» (Кэндис).

Ал баланын кылганы төмөнкүлөрдүн кайсынысына кирет?

  1. А. Тамашалоо

  2. Б. Тийишүү

  3. В. Сексуалдык асылуу

«Былтыр бир бала мени жактырарын айтып, жок дегениме карабай, аны менен жүрүшүмдү суранып, жанымды койбой жүрдү. Кээде, кой десем болбой, колумдан кармап алып, коё бербей койчу. Бир жолу болсо бут кийимимдин боосун байлап жатсам, жамбашка чаап кетти» (Бетани).

Анын кылганы төмөнкүлөрдүн кайсынысына кирет?

  1. А. Тамашалоо

  2. Б. Тийишүү

  3. В. Сексуалдык асылуу

Жогорудагы үч суроонун тең туура жообу — үчүнчүсү.

Сексуалдык асылуу тамашалоодон, тийишүүдөн эмнеси менен айырмаланат?

Сексуалдык асылуу бир тарапка гана жагат. Асылып жаткан киши сенин «жок» дегениңе карабайт.

Бул — зордуктоого алып бара турган олуттуу көйгөй.