Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-САБАК

Кудай биринчи эркек менен аялды жараткан

Кудай биринчи эркек менен аялды жараткан

Жахаба Эйден деген жерге бак өстүргөн. Ал бакта гүлдөр, бак-дарактар, жаныбарлар абдан көп болгон. Андан кийин Кудай топурактан биринчи адамды — Адам атаны — жаратып, анын таноосуна өмүр демин үйлөгөн. Ошондо эмне болгонун билесиңби? Ал тирүү жан болуп калган. Жахаба Адам атага Эйден багына кам көрүүнү жана жаныбарлардын баарына ат коюуну тапшырган.

Жахаба Адам атага бир маанилүү буйрук берген. Ага: «Бардык дарактардын жемишинен жесең болот, бирок бир эле дарактын жемишинен жебе. Эгер андан жесең, өлөсүң»,— деп эскерткен.

Кийинчерээк Жахаба: «Адамга жардамчы жаратайын»,— деген. Анан Адам атаны катуу уктатып, анын бир кабыргасын алган да, андан аял жараткан. Ал аял Обо эне болгон. Ошентип, Адам ата менен Обо эне биринчи жубайлардан болуп калышкан. Адам ата аялын көргөндө кандай сезимде болгон? Ал: «Жахаба кабыргамдан мага окшош кылып аял жаратып берди!» — деп аябай сүйүнгөн.

Жахаба Адам ата менен Обо энеге балалуу болуп, жер бетин толтурууну айткан. Кудай алардын чогуу эмгектенип, жердин баарын Эйден багындай кооз бейишке айлантышын каалаган. Бирок андай болбой калган. Эмне үчүн? Бул туурасында кийинки бөлүмдө айтылат.

«Жараткан... эң башында адамдарды эркек-аял кылып жараткан» (Матай 19:4)