Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-САБАК

Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей койгон

Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей койгон

Бир жолу Обо эне жалгыз жүргөндө, жылан сүйлөп, андан: «Кудайдын бардык дарактын жемишинен жегенге уруксат бербей койгону чынбы?» — деп сураган. Обо эне: «Биз бардык дарактардын жемишинен жей берсек болот. Бирөөнөн эле жебешибиз керек. Андан жесек, өлүп калабыз»,— деп жооп берген. Ошондо жылан: «Жок, өлбөйсүңөр. Эгер андан жесеңер, Кудайдай болуп каласыңар»,— деген. Анын айтканы чын беле? Жок, ал калп айткан. Бирок Обо эне ага ишенип калган. Ал жемишти караган сайын, жегиси келе берген. Ошентип, жемиштен жеп, Адам атага да берген. Адам ата Кудайга баш ийбей койсо, өлүп калышарын билсе да, жемиштен жеген.

Ошол эле күнү бир нече убакыттан кийин Жахаба Адам ата менен Обо энеден эмне үчүн баш ийбей коюшканын сураган. Обо эне жыланга, Адам ата болсо Обо энеге шылтаган. Кудай аларды баш ийбегени үчүн Эйден багынан чыгарып салган. Анан алар ал жакка такыр кире албашы үчүн, Эйден багынын оозуна периштелерди жана күйүп турган кылычты коюп койгон.

Ошондой эле Жахаба Обо энени ким алдаса, аны да жазалаарын айткан. Обо энеге, чынында, жылан сүйлөгөн эмес. Жахаба жыланды сүйлөй тургандай кылып жараткан эмес болчу. Обо энеге жылан аркылуу жаман периште сүйлөгөн. Ал Обо энени алдаш үчүн жыланды колдонгон. Ал периште Шайтан Ибилис деп аталат. Адамдарды азгырып келген Шайтанды Жахаба жакында жок кылат.

«Ибилис... башынан эле киши өлтүргүч болгон жана чындыктан четтеп кеткен, анткени анда чындык жок» (Жакан 8:44)