Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-САБАК

Нух пайгамбардын кемеси

Нух пайгамбардын кемеси

Убакыттын өтүшү менен жер бетинде адамдар көбөйө баштаган. Алардын көпчүлүгү жаман адамдар болушкан. Атүгүл асмандагы айрым периштелер да жаман болуп кетишкен. Алар асмандагы ордун таштап, жерге келишкен. Эмне үчүн келгенин билесиңби? Алар адамдарга окшош болуп, аялдарга үйлөнүш үчүн келишкен.

Ал периштелер менен аялдардан эркек балдар төрөлгөн. Алар чоңойгондо аябай күчтүү болушкан жана зордук-зомбулук кылышкан. Алар адамдарга көп жамандык кылышкан. Жахаба андай нерсенин улана беришине жол бермек эмес. Ошондуктан жаман адамдарды топон суу менен жок кылууну чечкен.

Бирок алардан айырмаланган жана Жахабаны жакшы көргөн бир киши болгон. Анын аты Нух болчу. Анын байбичеси жана Шем, Хам, Жапет деген үч уулу, үч келини болгон. Жахаба Нух пайгамбарга, үй-бүлөсү менен Топон суудан аман калышы үчүн, жашикке окшогон жана сууга чөкпөй турган чоң кеме курууну буйруган. Ошондой эле көптөгөн жан-жаныбарлар да аман калышы үчүн, Жахаба аларды да кемеге киргизиши керектигин айткан.

Нух пайгамбар создуктурбастан кеме кура баштаган. Ал үй-бүлөсү менен бирге кемени 50 жылдай убакыттын ичинде курган. Алар кемени, Жахаба кандай айтса, так ошондой курушкан. Кеме курулуп жаткан убакта, Нух пайгамбар адамдарга Топон суу болорун эскерткен. Бирок эч ким аны уккан эмес.

Ошентип, акыры кемеге кире турган убак келген. Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн билебиз.

«Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот» (Матай 24:37)