Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-САБАК

Сегиз адам аман калган

Сегиз адам аман калган

Нух пайгамбар, анын үй-бүлөсү жана жаныбарлар кемеге киргенден кийин, Жахаба кеменин эшигин жапкан. Ошондо жамгыр жаап кирген. Жаан чакалап төккөндүктөн, кеме суунун үстүнө көтөрүлө баштаган. Жердин бетин суу каптап калган. Кеменин сыртындагы жаман адамдардын баары өлгөн. Ал эми Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү кеменин ичинде коопсуз болушкан. Алардын Жахабанын тилин алышканы үчүн аябай сүйүнүп жатканын элестете аласыңбы?

Жамгыр 40 күн, 40 түндөн кийин токтогон. Анан акырындык менен суу тартыла баштаган. Кеме болсо бир тоого барып, токтоп калган. Бирок бардык жерди дагы деле суу каптап турган, ошондуктан алар дароо сыртка чыга алышкан эмес.

Суу аз-аздан тартылган. Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен кемеде бир жылдан ашык убакыт болгон. Анан Жахаба аларга кемеден чыкса болорун айткан. Алар аман калганы үчүн Жахабага аябай ыраазы болуп, курмандык чалышкан.

Алардын курмандыгы Жахабага абдан жаккан. Жахаба жер бетиндегилерди экинчи топон суу менен жок кылбай турганын убада кылган. Убадасынын белгиси катары асманга эң биринчи асан-үсөндү пайда кылган. Сен асан-үсөндү көрдүң беле?

Жахаба Нух пайгамбар менен үй-бүлөсүнө балалуу болуп, жер бетин толтурууну буйруган.

«Нух кемеге кирген... Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, [адамдар] ойлонушкан эмес» (Матай 24:38, 39)