Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-САБАК

Бабыл мунарасы

Бабыл мунарасы

Топон суудан кийин Нух пайгамбардын уулдары көп балалуу болушкан. Алар көбөйүп отуруп, Жахаба айткандай, ар кайсы жерлерге тарай башташкан.

Бирок алардын айрымдары Жахабага баш ийишкен эмес. Алар: «Келгиле, шаар куруп, ошол жерде жашайбыз. Атагыбыз чыгышы үчүн, асманга жете тургандай бийик мунара курабыз»,— деп айтышкан.

Бул Жахабага жаккан эмес, ошондуктан ал алардын ишин токтотууну чечкен. Ал эмне кылганын билесиңби? Жахаба аларды ар кандай тилдерде сүйлөтүп койгон. Алар бири-бирин түшүнбөгөндүктөн мунараны андан ары кура албай калышкан. Алар курган шаар Бабыл деген ат менен белгилүү болуп калган. Бабыл «аралашуу» дегенди билдирет. Ошондон кийин адамдар ар кайсы жерге тарай башташкан. Бирок көчүп барган жерлеринде да Кудайга жакпаган иштерди кыла беришкен. Ошол учурда Жахабаны жакшы көргөн адамдар болду беле? Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн окуйбуз.

«Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт» (Лука 18:14)