Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-САБАК

Ыбрайым пайгамбар менен Саара Кудайга баш ийген

Ыбрайым пайгамбар менен Саара Кудайга баш ийген

Бабылдан анча алыс эмес жерде Ур деген шаар жайгашкан. Анда жашагандар Жахаба Кудайга эмес, башка көптөгөн кудайларга сыйынышчу. Бирок ал шаарда Жахабага сыйынган Ыбрайым деген киши болгон.

Жахаба Ыбрайым пайгамбарга: «Жериңди, туугандарыңды калтырып, мен көрсөткөн жакка бар»,— деп айткан. Анан: «Сенден улуу эл чыгарам жана сен аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдерге батамды берем»,— деп убада берген.

Ал Жахабанын аны каякка жиберерин билбесе да, ага толук таянган. Ошентип, байбичеси Саараны, атасы Терахты жана бир тууганынын уулу Лотту алып, узак жолго чыккан.

Ыбрайым пайгамбар Жахаба айткан жерге барганда 75 жашка чыгып калган. Ал жер Канаан деп аталчу. Кудай Ыбрайым пайгамбарга: «Сен көрүп турган жердин баарын балдарыңа берем»,— деп убада кылган. Бирок Ыбрайым пайгамбар менен Саара карып калышкан жана балдары жок болчу. Анда Жахабанын бул убадасы кантип аткарылат эле?

«Ишенимдин аркасында Ыбрайым... баш ийип, өзү мурастай турган жерди көздөй жөнөгөн. Каякка баратканын билбесе да, ал өз жерин калтырып, жолго чыккан» (Еврейлер 11:8)