Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-САБАК

Уулдуу болушкан

Уулдуу болушкан

Ыбрайым пайгамбар менен Сааранын баш кошконуна көп жыл болгон. Алар Ур шаарындагы ыңгайлуу шарты бар үйүн таштап, чатырда жашашкан. Бирок Саара эч качан наалыган эмес, анткени ал Жахабага таянчу.

Саара аябай балалуу болгусу келген, ошондуктан ал Ыбрайым пайгамбарга: «Эгер күңүм Ажар бала төрөп берсе, өз баламдай болмок»,— деп айткан. Убакыттын өтүшү менен Ажар уул төрөгөн. Анын атын Ысмайыл коюшкан.

Көп жылдар өтүп, Ыбрайым пайгамбар 99га, Саара 89 жашка келип калганда, үйүнө коноктор келген. Ыбрайым пайгамбар аларды үйүнүн жанындагы бактын көлөкөсүнө отуруп эс алууга чакырган. Анан аларга тамак-аш берип, коноктогон. Алар кимдер болгонун билесиңби? Периштелер болгон. Периштелер Ыбрайым пайгамбарга: «Кийинки жылы ушул убакта байбичең экөөңөр уулдуу болосуңар»,— деп айтышкан. Саара алардын сөзүн чатырдын ичинде угуп турган. Ал күлүп: «Мен карып калсам да, бала төрөй аламбы?» — деп ойлогон.

Кийинки жылы Жахабанын периштеси айткандай, Саара эркек бала төрөгөн. Ыбрайым пайгамбар уулуна Ыскак деген ат койгон. Ал «Күлкү» дегенди билдирет.

Ыскак 5терге чыгып калганда, Саара Ысмайылдын Ыскакты шылдыңдап жүргөнүн байкаган. Ал уулун коргогусу келгендиктен Ыбрайым пайгамбарга Ажар менен Ысмайылды кетирип жибериши керектигин айткан. Ыбрайым пайгамбар андай кылгысы келген эмес. Бирок Жахаба да Ыскакты коргогусу келген. Ошондуктан Ыбрайымга: «Сааранын айтканындай кыл. Ысмайылга мен кам көрөм. Мен айткан улуу эл Ыскактан тарайт»,— деген.

«Ишенимдин аркасында Саара да... кош бойлуу болгон, себеби ал убада бергенди ишенимдүү деп эсептеген» (Еврейлер 11:11)