Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-САБАК

Лоттун аялын эстегиле

Лоттун аялын эстегиле

Лот агасы Ыбрайым менен бирге Канаан жеринде жашаган. Алардын малы көбөйүп, бир жерге батпай калышкан. Ошондо Ыбрайым пайгамбар Лотко: «Экөөбүз бөлүнөлү. Сен каалаган жериңди тандап, ошол жакта жаша, мен болсо башка жакта жашайын»,— деп айткан. Бул Ыбрайым пайгамбардын өзүмчүл болбогонун көрсөтүп турат, чынбы?

Лот айлананы карап, Содом деген шаарга жакыныраак жерди көргөн. Ал суусу кенен, жапжашыл, кооз жер болгон. Ошондуктан аны тандап, үй-бүлөсү менен ошол жакка көчүп кеткен.

Содомдо жана ага жакын жайгашкан Амор шаарында аябай жаман адамдар жашаган. Алар ушунчалык бузулуп кеткендиктен, Жахаба ал шаарларды жок кылууну чечкен. Бирок Кудай Лотту жана анын үй-бүлөсүн сактап калгысы келгендиктен аларга эскертиш үчүн эки периштесин жиберген. Периштелер аларга: «Тезинен шаардан чыккыла! Жахаба бул шаарды жок кылганы жатат»,— деп айтышкан.

Лот дароо чыгып кетпей, шашпай жүрүп алган. Ошондо периштелер аны, аялын жана эки кызын колдон алып, шаардын сыртына алып жөнөшкөн. Периштелер аларга: «Чуркагыла! Өмүрүңөрдөн айрылбаш үчүн артыңарды карабагыла. Карасаңар — өлүп каласыңар!» — дешкен.

Алар Соар деген шаарга жеткенде, Жахаба Содом менен Амор шаарына от менен күкүрт жаадырган. Ошентип, ал эки шаар талкаланган. Лоттун аялы Жахабаны укпай, артын караганы үчүн туз мамыга айланып калган. Ал эми Лот менен эки кызы Жахабанын тилин алгандыктан аман калышкан. Лоттун аялынын баш ийбей койгону үй-бүлөсүн капалантса керек. Анткен менен алар Жахабанын айткандарын укканы үчүн абдан сүйүнүшкөн.

«Лоттун аялын эстегиле» (Лука 17:32)