Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-САБАК

Ишеними сыналган

Ишеними сыналган

Ыбрайым пайгамбар уулу Ыскакты Жахабаны сүйгөн, ага бекем ишенген адам кылып чоңойткон. Бирок Ыскак 25ке чыкканда, Жахаба Ыбрайым пайгамбарга аябай оор тапшырма берген. Кандай тапшырма экенин билесиңби?

Кудай ага: «Жалгыз уулуңду ал да, Мориа тоосуна барып, аны курмандыкка чал»,— деп айткан. Ыбрайым пайгамбар Жахабанын эмне үчүн ушинтип айтканын түшүнгөн эмес. Ошентсе да анын тилин алган.

Эртеси эртең менен Ыбрайым уулу Ыскакты, эки кулун алып, Мориа тоосун көздөй жөнөгөн. Үч күн жол жүргөндөн кийин алыстан тоону көрүшкөн. Ыбрайым кулдарына ошол жерде күтүп турууну, ал эми Ыскак экөө курмандык чалып келерин айткан. Анан отунду Ыскакка көтөртүп, өзү бычакты алган. Ыскак атасынан: «Курмандыкка чалына турган кой кана?» — деп сураган. Ыбрайым ага: «Аны Жахаба өзү даярдап коёт, балам»,— деп жооп берген.

Алар Кудай айткан жерге жетип, курмандык жайын курушкан. Анан Ыбрайым пайгамбар Ыскактын колу-бутун байлап, курмандык жайынын үстүнө жаткырган.

Ал бычагын алып чыкканда, Жахабанын периштеси асмандан: «Ыбрайым! Балага тийбе! Кудайга болгон ишенимиң күчтүү экенин көрдүм, анткени уулуңду курмандыкка чалууга да даяр болдуң»,— деген. Анан Ыбрайым бадалга мүйүзү илинип калган кочкорду көргөн. Ошондо Ыскакты дароо чечип, ордуна кочкорду курмандыкка чалган.

Ошондон тартып Ыбрайым Жахабанын досу деп аталып калган. Эмне үчүн экенин билесиңби? Ыбрайым пайгамбар, Жахаба кандай айтса, так ошондой кылган. Атүгүл Жахабанын кайсы бир нерсени эмне үчүн кыл деп айтканын түшүнбөсө да, анын айтканындай кылган.

Жахаба Ыбрайымга берген убадасын кайталап: «Сага батамды берем. Балдарыңды, тукумуңду көбөйтөм»,— деп айткан. Бул Жахабанын жакшы адамдардын баарына Ыбрайым пайгамбардын үй-бүлөсү аркылуу батасын берерин билдирген.

«Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16)