Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-САБАК

Жакыптын мураска ээ болушу

Жакыптын мураска ээ болушу

Ыскак 40 жашында Ребекага үйлөнгөн. Ал Ребеканы аябай сүйчү. Кийин алар эгиз балалуу болушкан.

Улуусунун аты Эйсап, кичүүсүнүкү Жакып болгон. Эйсап үйүндө көп болчу эмес, ал кыйын аңчы болчу. Жакып болсо үйдө жүргөндү жакшы көрчү.

Ал кезде кимдир бирөө өлгөндө анын жеринин жана акчасынын көбү улуу баласына калчу. Ал мурас деп аталган. Ыскактын үй-бүлөсүнүн мурасына Жахаба Ыбрайым пайгамбарга убада кылган нерселерге ээ болуу да кирген. Эйсап Кудай убада кылган нерселерди анча баалаган эмес, ал эми Жакып алардын абдан маанилүү экенин түшүнгөн.

Бир жолу Эйсап аңчылыктан аябай чарчап келген. Жакып жасап жаткан тамактын буркураган жыты жыттанганда, ал: «Ачкадан өлөйүн деп жатам. Кыпкызыл болуп бышкан тамактан бере салчы!» — деген. Жакып: «Мейли, бирок алгач мурасыңды мага берем деп убада бер»,— деп айткан. Ошондо Эйсап: «Мага мурастын кереги жок. Ала бер. Мага тамак берчи»,— деген. Эйсаптын ушундай кылганы туура болду беле? Жок. Эйсап эң баалуу нерсени бир табак тамакка алмаштырып койгон.

Ыскак аябай карып, улуу баласына батасын бере турган убак келген. Бирок Ребека кичүү баласы Жакыпка ал батаны алууга жардам берген. Эйсап бул тууралуу билгенде абдан ачууланып, инисин өлтүрүүнү ойлогон. Жакып өлүп калбашы үчүн, Ыскак менен Ребека ага: «Эйсаптын ачуусу тараганча, таякең Лабандыкына барып, жашай тур»,— деп айтышкан. Жакып ата-энесинин тилин угуп, таякесиникине качып кеткен.

«Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда? Ал өз жанынын ордуна эмне бере алат?» (Марк 8:36, 37)