Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-САБАК

Кудайга баш ийген кул

Кудайга баш ийген кул

Жусуп Жакыптын он биринчи уулу болгон. Улуу агалары атасынын Жусупту абдан жакшы көрөрүн билишчү. Алар буга кандай карашчу деп ойлойсуң? Алардын Жусупка ичи күйө берчү жана аны жек көрүшчү. Бир жолу Жусуп адаттагыдан башкача түш көрүп, аны агаларына айтып берген. Ал түш бир күнү агаларынын баары Жусупка жүгүнөрүн билдирген. Ошондуктан алар аны ого бетер жек көрүп калышкан.

Бир жолу агалары Шекем шаарына жакын жерде кой кайтарып жүрүшкөндө, Жакып Жусупту алардан кабар алып келгенге жөнөткөн. Алар аны алыстан көрүп, бири-бирине: «Тигине, түш көргүч келатат. Келгиле, аны өлтүрүп салабыз!» — дешкен. Анан аны кармап, чуңкурга салып салышкан. Бирок Жүйүт деген агасы: «Аны өлтүрбөгүлө! Андан көрө, кулчулукка сатып салалы»,— деп айткан. Ошентип, аны Мисирге бараткан мидиандык соодагерлерге 20 күмүш тыйынга сатып жиберишкен.

Анан агалары анын кийимин текенин канына малып, атасына берип жиберишкен да: «Бул уулуңуздун кийими эмеспи?» — деп айттырышкан. Жакып Жусупту жырткыч жеп кеткен экен деп ойлоп, боздоп ыйлаган. Эч ким аны соорото албай койгон.

Мисирден Жусупту ак сарайда кызмат кылган Потипар деген киши сатып алган. Жахаба Жусупту дайыма колдоп турган. Потипар Жусуптун жумушту жакшы аткарарын көрүп, ага ишенип калган. Көп өтпөй Жусупка Потипарга таандык болгондун баары тапшырылган.

Жусуп келишимдүү, зыңкыйган жигит болгондуктан, аны Потипардын аялы жактырып калган. Ал күн сайын Жусупка: «Мени менен жат»,— дей берген. Ошондо Жусуп эмне кылган? Ал: «Жок! Бул туура эмес. Кожоюнум мага ишенет, сиз анын аялысыз. Эгер ушундай ишке барсам, Кудайга каршы күнөө кылган болом!» — деп, макул болчу эмес.

Бир күнү Потипардын аялы Жусуптун кийиминен тартып: «Мени менен жат»,— деген. Бирок Жусуп кийимин калтырган бойдон качып чыккан. Потипар үйүнө келгенде, аялы: «Жусуп мени зордуктайын деди»,— деп калп айткан. Потипар буга абдан каарданып, Жусупту түрмөгө каматып салган. Бирок Жахаба Жусупту унуткан эмес.

«Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула, ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт» (1 Петир 5:6)