Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-САБАК

Жахаба Жусупту унуткан эмес

Жахаба Жусупту унуткан эмес

Жусуп түрмөдө отурганда, Мисирдин падышасы фараон эч ким жоруп бере албаган түш көргөн. Ошондо анын бир кызматчысы түшүн Жусуп деген жигит жоруп бере аларын айткан. Фараон дароо Жусупту түрмөдөн алдырган.

Ал андан: «Түшүмдү жоруп бере аласыңбы?» — деп сураган. Жусуп ага: «Мисирде жети жыл түшүм көп болот, ал эми кийинки жети жылда ачарчылык болот. Ошондуктан элиңиз ачарчылыктан кыйналбашы үчүн, түшүмдү чогултуп, кампага жыйнаганга акылдуу бирөөнү дайындаңыз»,— деп айткан. Ошондо фараон: «Ал ишке сени дайындайм. Сен Мисирдеги менден кийинки эле адам болосуң!» — деген. Жусуп анын түшүн кантип жоруй алган? Ага Жахаба жардам берген.

Жети жыл бою Жусуп аябай көп түшүм чогулткан. Андан кийин, ал айткандай, жер бетин ачарчылык каптаган. Ар кайсы жерден элдер тамак сатып алыш үчүн Жусупка келе баштаган. Анын атасы Жакып да Мисирде эгин бар экенин угуп, он уулун эгин сатып келгени ал жакка жөнөткөн.

Жакыптын уулдары Жусупка келгенде, ал агаларын дароо эле тааныган. Бирок алар аны тааныган эмес. Агалары ага таазим кылганда, Жусуп кичинесинде көргөн түшүн эстеген. Жусуп алардын өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн билгиси келген. Ошондуктан аларга: «Силер чалгынчысыңар! Бул жерге кайсы жагынан кол салса болорун байкаганы келдиңер!» — деген. Агалары болсо: «Жок, мырзам. Биз Канаан жеринен келдик. Он эки бир тууган болчубуз, бирөөнөн айрылып калганбыз. Кенжебиз атасы менен калды»,— деп айтышкан. Ошондо Жусуп: «Мага кенже иниңерди алып келгиле, ошондо силерге ишенем»,— деген. Ошентип, алар азык-түлүк алып, атасынын үйүнө кайтышкан.

Эгин түгөнгөндө, Жакып уулдарын кайрадан Мисирге жөнөткөн. Ал жолкусунда кенже уулу Бенжеминди кошуп берген. Жусуп агаларын сынаш үчүн күмүш чөйчөгүн Бенжеминдин кабына салып коюп, аны уурдап кеттиңер деп айыптаган. Жусуптун кызматчылары чөйчөктү Бенжеминдин кабынан табышканда, агалары аябай коркуп кетишкен. Анан Бенжеминдин ордуна бизди жазала деп Жусупка жалбарышкан.

Ошондо Жусуп агаларынын оңолгонун түшүнгөн. Андан ары өзүн кармай албай ыйлап жиберген да, аларга: «Мен силердин иниңер Жусупмун. Атам тирүүбү?» — деген. Агалары таң калганынан эч нерсе дей албай туруп калышкан. Жусуп: «Мага мурда кылганыңар үчүн өзүңөрдү жемелебегиле. Анткени Кудай өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн мени бул жакка жиберген. Эми тезинен атамды бул жакка алып келгиле»,— деп айткан.

Алар үйүнө барып, атасына Жусуптун тирүү экенин сүйүнчүлөп, аны Мисирге алып келишкен. Ошентип, көп жылдардан кийин Жусуп менен Жакып табышышкан.

«Эгер алардын катасын кечирбесеңер, Атаңар да силердин катаңарды кечирбейт» (Матай 6:15)