Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-САБАК

Аюп деген ким болгон?

Аюп деген ким болгон?

Ус деген жерде Жахабага сыйынган бир киши жашаган. Анын аты Аюп эле. Ал абдан бай жашаган жана үй-бүлөсү чоң болгон. Аюп аябай боорукер болгон, кедейлерге, жесирлерге, жетимдерге жардам берген. Ал дайыма туура иш кылган. Бирок бул анын эч качан кыйналбаганын билдиреби?

Шайтан Ибилис ага байкоо салып турчу, бирок Аюп муну билчү эмес. Жахаба Шайтанга: «Менин кулум Аюпка көңүл бурдуңбу? Жер бетинде андай адам жок. Ал дайыма мени угат жана туура иш кылат»,— деген. Ошондо Шайтан: «Сен аны коргоп, батаңды берип жатсаң, сага баш иет да. Анын жерин, малын көбөйтүп жатасың. Булардын баарынан айрылтсаң, ал сага сыйынбай калат»,— деп айткан. Жахаба ага: «Мейли, аны сынап көр. Бирок өлтүрбө»,— деген. Жахаба эмне үчүн Шайтанга Аюп пайгамбарды сыноого жол берген? Анткени Аюп пайгамбардын андан баш тартпай турганына толук ишенген.

Шайтан Аюп пайгамбарды улам бир каргашага кабылткан. Алгач шебалыктар Аюптун бодо малын, эшектерин айдап кетишкен. Андан кийин койлорун от жалмап кеткен. Анан каздимдиктер төөлөрүн айдап кетип, аларды жайып жүргөн кулдарын өлтүрүп салышкан. Андан да жаманы, Аюптун уул-кыздары чогулуп, той өткөрүп жатканда, аларды үй басып, өлүп калышкан. Ошондо Аюп пайгамбар жүрөгү сыздап, аябай кайгырган. Бирок ошого карабай Жахабага сыйына берген.

Шайтан Аюпка андан да көп азап тарттыргысы келген. Ал аны жан чыдагыс ооруга туш кылган. Анын таманынан төбөсүнө чейин жара басып кеткен. Аюп эмне үчүн ушунун баары башына түшкөнүн билбесе да, Жахабага сыйына берген. Бул Кудайга абдан жаккан.

Шайтан Аюпту дагы сынаш үчүн үч кишини жөнөткөн. Алар Аюпка: «Сен күнөө кылсаң керек, ошол күнөөңдү жашырайын деп ойлогон окшойсуң. Бирок Кудай сени баары бир жазалап жатат»,— деп айтышкан. Аюп аларга: «Мен эч кандай жаман иш кылган эмесмин»,— деген. Ошентсе да ал тарткан азабына Жахаба күнөлүү деп ойлоно баштаган жана анын ага адилетсиздик кылып жатканын айткан.

Элиу деген жигит Аюп менен үч кишинин сүйлөшкөнүн унчукпай угуп отурган. Анан аларга: «Силер туура эмес айтып жатасыңар. Жахаба абдан кудуреттүү, биз анын иштерин толук түшүнө албайбыз. Ал эч качан жамандык кылбайт. Ал баарын көрүп турат жана кыйналган адамдарга жардам берет»,— деп айткан.

Андан кийин Жахаба Аюпка кайрылып: «Мен асман-жерди жаратканда, кайда элең? Эмне үчүн мени адилетсиз деп жатасың? Сен булардын баары эмне үчүн болуп жатканын түшүнгөн жоксуң»,— деп айткан. Ошондо Аюп туура эмес ойлогонун мойнуна алып: «Мен жаңылыптырмын. Сен тууралуу уккам, бирок сени эми чындап таанып-билдим. Сен баарын кыла аласың. Туура эмес сүйлөп алганыма өкүнөм»,— деген.

Сыноо бүткөндөн кийин, Жахаба Аюп пайгамбарды оорусунан айыктырган жана мурункудан эки эсе көп мал-мүлк берген. Аюп узак өмүр сүрүп, бактылуу жашаган. Абдан оор болгондо да тил алганы үчүн, Жахаба ага батасын берген. Сен да, Аюптай болуп, оор учурда да Жахабага сыйына бересиңби?

«Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар жана Жахабанын ага бата бергенин... билгенсиңер» (Жакып 5:11)