Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-САБАК

Муса Жахабага сыйынууну тандаган

Муса Жахабага сыйынууну тандаган

Жакыптын үй-бүлөсү мисирликтерге ысрайылдыктар деп белгилүү болгон. Жакып менен Жусуптун көзү өткөндөн кийин, бийликке башка фараон келген. Ал ысрайылдыктардын мисирликтерден күчтүү болуп баратканын көрүп, корко баштаган. Ошондуктан аларды кулга айлантып, кыш куйдуруп, оор жумушка салган. Бирок мисирликтер канчалык кыйнаган сайын, ысрайылдыктар ошончолук көбөйө берген. Ошондо фараон алардын жаңы төрөлгөн эркек балдарынын баарын өлтүрүүгө буйрук берген. Муну укканда ысрайылдыктардын канчалык коркконун элестете аласыңбы?

Жохебет деген ысрайылдык бир аял эркек балалуу болгон. Ал абдан жакшынакай бала болчу. Апасы аны себетке салып, Нил дарыясындагы камыштын арасына жашырып койгон. Ымыркайдын эжеси Мириям болсо эмне болорун көрүш үчүн аны бери жактан карап турган.

Анан фараондун кызы сууга түшкөнү келген. Ал себетте ыйлап жаткан баланы көргөндө боору ооруп кеткен. Ошондо Мириям андан: «Баланы багып бере турган аял таап келейинби?» — деп сураган. Фараондун кызы макул болгондо, Мириям апасы Жохебетти чакырып келген. Фараондун кызы ага: «Баланы багып бер. Мен сага төлөп берем»,— деп айткан.

Бала чоңойгондо, Жохебет аны фараондун кызына алып келген. Фараондун кызы анын атын Муса деп коюп, өз уулундай кылып чоңойткон. Муса фараондун уулу катары чоңойгон жана каалаган нерсенин баарына ээ болгон. Ошентсе да Жахабаны эч унуткан эмес. Ал өзүнүн мисирлик эмес, ысрайылдык экенин билчү. Ошондуктан Жахабага кызмат кылууну тандаган.

Муса 40ка чыкканда өзүнүн элине жардам бергиси келген. Бир жолу мисирлик кишинин ысрайылдык кулду сабап жатканын көрүп калган. Анан ысрайылдык кишиге болушуп, аны катуу чаап жибергенде, ал өлүп калган. Муса аны кумга көмүп койгон. Фараон муну билгенде Мусаны өлтүрүүнү буйруган. Ошондо Муса алыс жактагы Мидиан жерине качып кеткен. Ал жакта жүргөндө да Жахаба ага кам көргөн.

«Ишенимдин аркасында Муса... фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тарткан. Ал... Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн» (Еврейлер 11:24, 25)