Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-САБАК

Күйүп жаткан бадал

Күйүп жаткан бадал

Муса Мидиан жеринде 40 жыл жашаган. Ал жактан үйлөнүп, балалуу болгон. Синай тоосуна жакын жерде кой кайтарып жүргөн күндөрүнүн биринде ал таң калыштуу бир нерсени көргөн. Тикенектүү бадал жалындап жаткан, бирок күйүп кеткен эмес. Муса жакшылап көрөйүн деп жакын барганда, бадалдын арасынан: «Муса! Бул жакка жакындаба. Бутуңдагы сандалыңды чеч, анткени сен турган жер ыйык»,— деген үндү уккан. Ага периште аркылуу Жахаба сүйлөгөн болчу.

Муса коркуп кетип, бетин жаап алган. Жахаба ага: «Мен ысрайылдыктардын тарткан азабын көрүп жатам. Мен аларды мисирликтердин колунан куткарам да, жакшы жерге алып барам. Сен менин элимди, Ысрайыл уулдарын, Мисирден алып чыгасың»,— деген. Буга Муса аябай таң калган деп ойлойсуңбу?

Ал Жахабадан: «Эл сени ким жиберди десе, эмне дейм?» — деп сураган. Жахаба ага: «„Мени Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы, Жакыптын Кудайы Жахаба жиберди“,— деп айт»,— деген. Муса болсо: «Мага ишенбей, мени укпай коюшса, эмне кылам?» — деп сураган. Ошондо Жахаба ага колундагы таягын жерге таштоону айткан. Муса таягын жерге таштаганда, ал жыланга айланып калган! Муса жыландын куйругунан кармаганда, ал кайра таяк болуп калган. Анан Жахаба ага: «Ушуну кылсаң, алар сени мен жибергениме ишенишет»,— деген.

Бирок Муса: «Мен жакшы сүйлөй албайм да»,— деген. Жахаба ага: «Эмнени айтыш керектигин мен сага айтып турам. Агаң Арунду да сага жиберем, ал жардам берип турат»,— деген. Муса Жахабанын аны колдоп турганын билгендиктен аялын, балдарын алып, Мисирге бет алган.

«Эмне айтарыңарды, кантип айтарыңарды ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эмне айтыш керектигин ошол учурда билесиңер» (Матай 10:19)