Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-САБАК

Алгачкы үч жаза

Алгачкы үч жаза

Ысрайылдыктар кул болуп, аябай оор жумуштарды кылышкан. Жахаба Муса менен Арунду фараонго жөнөтүп: «Элим чөлдө мага сыйынышы үчүн, аларды коё бер»,— деп айттырган. Фараон текеберденип: «Мен Жахабаңарды укпайм, ысрайылдыктарды да коё бербейм!» — деп жооп берген. Анан ысрайыл элинен мурункудан да көп иштешин талап кылган. Ошондо Жахаба аны жазалайын деп чечкен. Кантип жазалаганын билесиңби? Ал Мисир жерине он жаза жиберген. Жахаба Мусага: «Фараон мени укпай жатат. Эртең менен ал Нил дарыясына барат. Сен да барып, ага элимди коё бербей жатканы үчүн Нил дарыясындагы суунун канга айланарын айт»,— деген. Муса тил алып фараонго барган. Анан Арун фараондун көзүнчө таягы менен Нил дарыясын чапканда, суусунун баары канга айланып калган. Ошондо дарыя сасып, балыктар кырылып, эч ким андан иче албай калган. Ошого карабай фараон ысрайыл элин коё бербей койгон.

Жети күндөн кийин Жахаба Мусаны фараонго дагы жиберип: «Элимди коё бербесең, Мисирге бака каптатам»,— деп айттырган. Бирок фараон укпай койгон. Ошондо Арун таягын сунганда, бакалар чыгып, бүт жерди каптай баштаган. Үйлөрдө, уктаган жерлерде, идиштерде бакалар жайнап кеткен. Жердин баары эле бака болуп калган. Бир нече убактан кийин фараон Мусага: «Бакаларды жок кылсын деп Жахабадан сурангылачы»,— деп жалдыраган. Ал ысрайылдыктарды коё берем деп убада бергендиктен, Жахаба жазасын токтоткон. Мисирликтер болсо өлгөн бакаларды чогултуп, додо-додо кылып үйүшкөн. Алар сасып, бүт жакка жыттана баштаган. Бирок фараон кайрадан өжөрлөнүп, ысрайылдыктарды бошотпой койгон.

Жахаба Мусага: «Арун таягы менен жерди чапсын, ошондо жердеги топурак кара чиркейлерге айланып, баарын талай баштайт»,— деп айткан. Анан заматта кара чиркейлер жайнап кеткен. Ошондо фараондун кишилеринин айрымдары ага: «Бул — Кудайдын каргышы!» — деген. Бирок фараон аларды уккан эмес.

«Мен аларга... колумду, кудуретимди көрсөтөм. Алар менин ысмым Жахаба экенин билишет» (Жеремия 16:21)