Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-САБАК

Кийинки алты жаза

Кийинки алты жаза

Муса менен Арун фараонго барып: «Жахаба: „Эгер элимди коё бербесең, жериңе көгөөн каптатам“,— деп жатат»,— дешкен. Мисирликтердин байларынын да, кедейлеринин да үйлөрүнө көгөөн толуп кеткен. Кыскасы, көгөөн жердин баарын каптап калган. Бирок ысрайылдыктар жашаган Гошен жеринде көгөөн болгон эмес. Ушул төртүнчү жазадан баштап мисирликтер гана жапа чеккен. Ошондо фараон: «Жахабадан көгөөндөрдөн арылтышын сурангылачы, анан баарыңар кете берсеңер болот»,— деген. Бирок Жахаба көгөөндөрдү жок кылгандан кийин, фараон кайра айнып кеткен. Ал ушул окуялардан бир нерсеге үйрөнгөнбү?

Жахаба: «Эгер фараон элимди коё бербей, дагы кармай турган болсо, мисирликтердин малынын баары оорудан өлөт»,— деп айткан. Эртеси, айткандай эле, алардын малы кырыла баштаган. Ал эми ысрайылдыктардын малы өлгөн эмес. Фараон болсо дагы деле көшөрүп тура берген.

Андан кийин Жахаба Мусага фараонго кайтып барып, асманга мештин күлүн чачышы керектигин айткан. Күл чаңга айланып, аба аркылуу бүт Мисир жерине тараган. Ал чаңдан адамдар менен малга ириңдүү жара чыга баштаган. Фараон ошого карабай ысрайылдыктарды бошотуудан баш тарткан.

Жахаба Мусаны фараонго кайра жиберип: «Сен элимди дагы эле коё бербей жатасыңбы? Анда эртең жериңе катуу мөндүр жаайт»,— деп айттырган. Эртеси Жахаба күн күркүрөтүп, мөндүр жаадырып, жерге от түшүргөн. Мисир жеринде андай катуу мөндүр эч качан жааган эмес эле. Мөндүр талаадагы өсүмдүктөр менен бак-дарактардын баарын талкалап кеткен, бир гана Гошен жеринде мөндүр жааган эмес. Фараон: «Жахабадан жалынгылачы, күндүн күркүрөгөнү менен мөндүр токтосун. Ошондо мен силерди коё берем»,— деп айткан. Бирок жамгыр менен мөндүр басылгандан кийин, фараон кайрадан жүрөгүн катууланткан.

Ошондо Муса: «Эми жериңди чегиртке каптайт. Ал мөндүрдөн калгандын баарын жеп кетет»,— деген. Жер бетин көрүнгүс кылып каптаган чегирткелер мөндүрдөн калгандын баарын, талаадагы бүт бак-дарактардын жалбырактарын жеп салган. Фараон: «Жахабадан бул чегирткелерди жоготушун сурангылачы»,— деп өтүнгөн. Бирок Жахаба чегирткелерди жок кылгандан кийин, фараон өжөрдүгүн кайра карматкан.

Жахаба Мусага: «Колуңду асманга көтөр»,— деп айткан. Анан ошо замат айлананы коюу караңгылык каптаган. Мисирликтер үч күн бою эч кимди, эч нерсени көрө албай калган. Ысрайыл эли жашаган жер гана жарык болуп турган.

Фараон Мусага: «Баргыла, кете бергиле. Бирок коюңар менен бодо малыңар бул жерде калсын»,— деген. Муса ага: «Кудайыбызга курмандык чалыш үчүн малыбызды да ала кетишибиз керек»,— деп айткан. Ошондо фараондун каары кайнап: «Жогол бул жерден! Экинчи көзүмө көрүнбө, көрүнө турган болсоң, өлтүрүп салам!» — деп кыйкырган.

«Кайрадан адил адам менен ыймансыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы көрөсүңөр» (Малаки 3:18)