Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-САБАК

Онунчу жаза

Онунчу жаза

Муса фараонго экинчи келбей турганын убада кылган. Бирок чыгып кетерде ага: «Түндө мисирликтердин баарынын, анын ичинде сенин да, кулдарыңдын да туңгуч балдары өлөт»,— деген.

Жахаба ысрайылдыктарга өзгөчө тамак жасоону айткан. Аларга: «Бир жылдык козу же улак союп, анын канынан алып, эшигиңердин кашектерине сүртүп койгула. Этин бышырып, аны калама менен жегиле. Кийимиңерди, сандалыңарды кийип, даяр тургула. Ушул түнү силерди Мисир жеринен алып чыгам»,— деп айткан. Ошондо ысрайылдыктар абдан кубанышкан.

Түн ортосунда Жахабанын периштеси Мисирди аралап өткөн. Ошондо кашектерине кан сыйпалбаган үйлөрдүн баарындагы туңгуч балдар өлгөн. Ал эми кашектерине кан сыйпалган үйлөрдөгү балдарга периште тийген эмес. Мисирдеги байлардын да, кедейлердин да тун балдары өлгөн. Ысрайылдыктардын балдары эчтеке болгон эмес.

Ошол түнү атүгүл фараон да уулунан ажыраган. Анын аргасы түгөнгөндүктөн, дароо Муса менен Арунду чакыртып: «Баарыңар бул жерден чыгып кеткиле! Барып, Кудайыңарга сыйынгыла, малыңарды да ала кеткиле!» — деп айткан.

Ай толуп турган түнү ысрайылдыктар уруу-уруу болуп Мисирден чыгышкан. Аялдар менен балдарды кошпогондо, эркектердин саны 600 000 эле. Алар менен бирге ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар жөнөгөн. Алар да Жахабага сыйынып калышкан. Ошентип, ысрайылдыктар акыры эркиндикке чыккан.

Жахаба аларды кантип куткарганын унутпаш үчүн жыл сайын ысрайылдыктар ошол өзгөчө тамакты жасап турушкан. Ал Пасах деп аталган.

«Сен аркылуу күчүмдү көрсөтүш үчүн жана ысмым бүт жер жүзүнө жарыяланышы үчүн, сени тирүү калтырдым» (Римдиктер 9:17)