Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-САБАК

Кызыл деңиздеги керемет

Кызыл деңиздеги керемет

Фараон ысрайылдыктардын Мисирден чыгып кеткенин укканда аларды коё бергенине өкүнгөн. Ошондо аскерлерине: «Арабаларды даярдагыла! Алардын артынан кууп жөнөйбүз. Эч кимисин кетирбейбиз!» — деп айткан. Анан аскери менен ысрайылдыктарды кууп жөнөгөн.

Жахаба элине күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы аркылуу жол көрсөтүп турган. Ал аларды Кызыл деңизди көздөй алып бараткан. Деңиздин жанына жетишкенде, ошол жерге чатырларын тигиши керектигин айткан.

Андан кийин ысрайылдыктар фараон менен анын аскеринин кууп келатканын көрүшкөн. Ошондо алар деңиз менен мисирликтердин ортосунда калышкан. Алар Мусага: «Эми өлөт турбайлыбы. Бизди эмнеге Мисирден алып чыктың?» — деп кыйкырышкан. Муса аларга: «Коркпогула! Жахабанын бүгүн силерди кантип куткарарын карап тургула»,— деп айткан. Ооба, Муса Жахабага бекем ишенген.

Жахаба ысрайылдыктарга чатырларын чечип, жолун улантышы керектигин айткан. Анан Жахаба булут мамыны мисирликтер менен ысрайылдыктардын ортосуна коюп койгон. Ошондо мисирликтер жак караңгы болуп калган, ал эми ысрайылдыктар жак түнкүсүн да жарык болуп турган.

Жахаба Мусага: «Колуңду деңизге сун»,— деген. Андан кийин ал түнү бою катуу шамал соктурганда, суу экиге бөлүнүп, жол ачылып калган. Ошентип, миллиондогон ысрайылдыктар купкургак жол менен өтө башташкан. Суу болсо алардын эки жагында дубалдай болуп туруп турган.

Фараондун аскери ысрайылдыктардын артынан кууп, деңизге киришкен. Жахаба аларды дүрбөлөңгө түшүрүп, арабаларынын дөңгөлөктөрүн бошотуп салган. Ошондо алар: «Артка качалы! Жахаба булар үчүн согушуп жатат!» — деп кыйкырышкан.

Жахаба Мусага: «Колуңду деңизге сун»,— деп айткан. Ошондо суу кайра өз ордуна келип, мисирликтердин аскерин басып калган. Фараон жана анын бүт аскери суу астында калган. Эч кимиси аман калган эмес.

Суунун аркы өйүзүнө өткөн ысрайылдыктар: «Жахабага ырдаймын, анткени ал даңкка бөлөндү. Атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү» — деп, Кудайды даңктап ырдашкан. Эл ырдап, аялдар дап кагып бийлешкен. Чындап эркиндикке чыкканына баары абдан кубанган.

«Ошондуктан биз: „Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?“ — деп кайраттуулук менен айта алабыз» (Еврейлер 13:6)