Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-САБАК

Сыйынуу үчүн курулган ыйык чатыр

Сыйынуу үчүн курулган ыйык чатыр

Жахаба Синай тоосунда Муса пайгамбарга ыйык чатыр курууну айткан. Ал чатырда ысрайылдыктар Жахаба Кудайга сыйынышмак. Бир жерден экинчи жерге көчкөндө алар ыйык чатырды жыйып, өздөрү менен ала кетишмек.

Жахаба: «Элге айт, ыйык чатырды курууга жардам бериш үчүн колунан келген тартуусун алып келишсин»,— деген. Ысрайылдыктар алтын, күмүш, жез, кымбат баалуу таштарды, жасалгаларды алып келишкен. Ошондой эле жүн, зыгыр кездеме, жаныбарлардын терисин жана башка көптөгөн нерселерди беришкен. Алар ушунчалык көп тартуу алып келишкендиктен, Муса пайгамбар: «Бүттү, эч нерсе алып келбегиле. Баары жетиштүү»,— деген.

Жөндөмдүү эркектер менен аялдар ыйык чатырды курганга жардам беришкен. Жахаба аларга акылмандык берген. Айрымдары жип ийришкен, токушкан, сайма сайышкан. Башкалары кийимге асыл таштарды тагышкан, алтындан буюмдарды жасашкан, жыгач сомдошкон.

Жахаба ыйык чатырды кандай кур десе, эл так ошондой курган. Алар андагы Ыйык жай менен Ыйыктын ыйыгын бөлүп турган кооз көшөгө жасашкан. Ыйыктын ыйыгында келишим сандыгы турган. Ал акация жыгачы менен алтындан жасалган. Ыйык жайга болсо алтын чыракпая, үстөл, жыпарзат түтөткүч коюлган. Короодо жезден жасалган чоң казан менен чоң курмандык жайы турган. Келишим сандыгы ысрайылдыктарга Жахабага баш иебиз деп берген убадасын эстетип турчу. Келишим деген эмне экенин билесиңби? Ал — өзгөчө убада.

Жахаба Арун менен анын уулдарын ыйык чатырда дин кызматчы болууга дайындаган. Алар чатырга кам көрүшү, ал жерде Жахабага курмандык чалышы керек болчу. Ыйыктын ыйыгына башкы дин кызматчы Арун гана кире алган. Ал жакка Арун жылына бир жолу кирип, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана бүтүндөй ысрайыл элинин күнөөлөрү үчүн курмандык чалчу.

Ысрайылдыктар ыйык чатырды Мисирден чыккандан бир жыл өткөндөн кийин куруп бүтүшкөн. Ошентип, алардын Жахабага сыйына турган жайы пайда болгон.

Жахаба ыйык чатырды даңкына толтуруп, анын үстүнө булут пайда кылган. Булут ыйык чатырдын үстүндө турганда, ысрайылдыктар жолго чыкчу эмес. Ал эми жогору көтөрүлгөндө, жолун улантышы керектигин түшүнүшчү. Алар ыйык чатырды жыйып, булуттун аркасынан жөнөшчү.

«Тактыдан мындай деген катуу үндүн чыкканын уктум: „Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот“» (Аян 21:3)