Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-САБАК

Алар Жахабага каршы чыгышкан

Алар Жахабага каршы чыгышкан

Ысрайылдыктар чөл кезип жүргөндө, Корак, Датан, Абырам жана дагы башка 250 киши Муса пайгамбарга каршы чыгышкан. Алар ага: «Жетишет силердики! Эмне үчүн сен бизге башчы, Арун башкы дин кызматчы болушу керек? Жахаба, эмне, Арун экөөңөрдү эле колдойт бекен? Ал баарыбызды колдойт»,— дешкен. Бул Жахабага жаккан эмес. Ал муну өзүнө каршы чыккандай кабыл алган.

Муса пайгамбар Корак менен анын таламдаштарына: «Чок салгычтарыңарга жыпарзаттан толтуруп, эртең ыйык чатырга келгиле. Жахаба кимди тандаганын көрсөтөт»,— деп айткан.

Эртеси Корак менен 250 киши Муса пайгамбарга жолугуш үчүн ыйык чатырга барышкан. Анан, дин кызматчылардай болуп, жыпарзат түтөтүшкөн. Жахаба Муса пайгамбар менен Арунга: «Корак менен анын кишилеринен бөлүнүп, өзүнчө тургула»,— деген.

Корак ыйык чатырга барганда, Датан, Абырам жана алардын үй-бүлөсү барбай коюшкан. Ошондо Жахаба ысрайылдыктарга Корактын, Датандын жана Абырамдын чатырларынан алыс турууну айткан. Ысрайылдыктар дароо ошентишкен. Датан менен Абырам жана алардын үй-бүлөсү чатырларынын сыртында турушканда, жер экиге бөлүнүп, алардын баарын жутуп кеткен! Ал эми ыйык чатырга барган Корак менен 250 кишини асмандан от түшүп, жалмап кеткен.

Андан соң Жахаба Муса пайгамбарга мындай деген: «Ар бир тукумдун башчысынан бирден таяк алып, ар биринин атын өзүнүн таягына жазып кой. Бирок Леби уруусунун таягына Арундун атын жаз. Анан аларды ыйык чатырдын ичине кой. Мен кимди тандасам, ошонун таягы гүлдөйт».

Кийинки күнү Муса пайгамбар бардык таяктарды алып келип, башчыларга көрсөткөн. Арундун таягы гүлдөп, бадамдын бышкан мөмөлөрү пайда болуп калган экен. Ошентип, Жахаба башкы дин кызматчы кылып Арунду тандаганын ырастаган.

«Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле» (Еврейлер 13:17)