Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-САБАК

Биламдын эшеги сүйлөгөн

Биламдын эшеги сүйлөгөн

Ысрайылдыктардын чөл кезип жүргөнүнө дээрлик 40 жыл болуп калган. Буга чейин алар көп чоң-чоң шаарларды басып алган эле. Ошентип, алар Иордан дарыясынын чыгышындагы Маап түздүгүнө жетип, чатырларын тигишкен. Мааптын падышасы Балак ысрайылдыктар жерин тартып алат деп корко баштаган. Ошондуктан Билам деген кишини чакыртып, аларды каргап беришин суранган.

Бирок Жахаба Биламга: «Ысрайылдыктарды каргаба»,— деп айткан. Ошол себептен Билам Маап жерине барбай койгон. Балак аны дагы чакыртып, каалаганынын баарын берерин убада кылган. Билам ошондо да барбай койгон. Кудай ага: «Алар менен бара бер, бирок мен айтканды гана айтасың»,— деген.

Билам эшегин минип, түштүктөгү Маап жерин көздөй бет алган. Жахабанын эскерткенине карабай, ал ысрайылдыктарды каргайм деген ниетте бараткан. Бирок Жахабанын периштеси үч ирет жолду тороп туруп алган. Билам периштени көргөн эмес. Эшек болсо аны көрүп, адегенде жолдон бурулуп, талаага салган. Экинчи жолкусунда дубал жакка ыктап, Биламдын бутун кысып салган. Андан кийинкисинде такыр эле жолдун ортосуна жатып алган. Үч жолкусунда тең Билам аны кайра-кайра таяк менен сабаган.

Ошондо Жахаба эшекти сүйлөтүп койгон. Эшек Биламга: «Эмнеге мени сабап жатасың?» — деген. Билам ага: «Мени уят кылып жатпайсыңбы! Кылычым болсо, сени өлтүрүп салмакмын»,— деп жооп берген. Эшек: «Мени канча жылдан бери минип келатасың, буга чейин ушинткен күнүм болду беле?» — деген.

Ошондо Жахаба Биламдын көзүн ачкан. Периште ага: «Жахаба сага Ысрайылды каргаба деп айтпады беле»,— деген. Билам: «Туура эмес кылыптырмын, артка кайтайын»,— деп айткан. Периште ага: «Маапка бара бер, бирок Жахабанын айткандарын гана айтасың»,— деген.

Билам катасынан сабак алганбы? Жок. Ошондон кийин да ал ысрайылдыктарды үч жолу каргаганга аракет кылган. Бирок Жахаба үч жолкусунда тең аны ысрайыл элине бата бердиртип койгон. Убакыттын өтүшү менен ысрайылдыктар Маапты талкалап, анын эли менен бирге Биламды да өлтүрүшкөн. Эгер Билам башынан эле Жахабанын тилин алса, өмүрүнөн айрылат беле?

«Ач көздүктүн бардык түрүнөн сак болгула. Анткени адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт» (Лука 12:15)