Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-САБАК

Жахаба Жашыяны тандаган

Жахаба Жашыяны тандаган

Ысрайыл элин көп жыл жетектеген Муса пайгамбардын өлөрүнө аз калганда, Жахаба ага: «Ысрайыл элин мен убада кылган жерге сен жетектеп барбайсың. Бирок сага ал жерди көрсөтөм»,— деп айткан. Ошондо Муса пайгамбар андан элди жетектегенге бирөөнү дайындашын суранган. Жахаба ага: «Жашыяга барып, жол башчы болорун айт»,— деген.

Муса пайгамбар элге өзүнүн жакында өлөрүн, аларды Жахаба убада кылган жерге Жашыя жетектеп барарын айткан. Анан Жашыяга: «Коркпо. Жахаба сага жардам берет»,— деген. Ошондон көп өтпөй ал Небо тоосунун чокусуна чыккан. Жахаба ага Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарларга берем деп убада кылган жерди көрсөткөн. Ошентип, Муса пайгамбар 120 жашында көз жумган.

Жахаба Жашыяга мындай деген: «Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Канаан жерине бар. Мусага жардам бергенимдей эле, сага да жардам берем. Менин мыйзам китебимди күн сайын оку. Коркпо, кайраттуу бол. Барып, мен айтканды кыл».

Жашыя Жерихо шаарын чалгындап келгенге эки кишини жиберген. Ошондо кандай окуя болгонун кийинки аңгемеден көбүрөөк билебиз. Эки чалгынчы ошол убак Канаанды басып алууга эң ылайыктуу экенин айтып келишкен. Эртеси Жашыя элге чатырларын жыйып, жолго чыгышы керектигин айткан. Анан келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчыларды элден мурун Иордан дарыясына жөнөткөн. Дарыя жээгинен ашып-ташып турса да, дин кызматчылардын буту сууга тиери менен, агып келаткан суу токтоп, соолуп калган. Алар дарыянын ортосуна барып, бүт эл аркы өйүзгө өтүп бүткүчө, ошол жерде жылбай турушкан. Бул керемет Жахабанын мурун Кызыл деңизде эмне кылганын ысрайылдыктардын эсине салган деп ойлойсуңбу?

Ошентип, көп жылдан кийин ысрайылдыктар Кудай убада кылган жерге киришкен. Алар шаарларды, үйлөрдү курушкан. Жер иштетип, жүзүм отургузуп, мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүшкөн. Ал жер бал менен сүт аккан жер болгон.

«Жахаба сени ар дайым жетектеп, кагыраган жерде да жаныңды тойгузат» (Ышая 58:11)