Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-САБАК

Рахап эки чалгынчыны жашырган

Рахап эки чалгынчыны жашырган

Ысрайылдык эки чалгынчы Жерихого барып, Рахап деген аялдын үйүнө түнөгөнү калышкан. Муну уккан Жерихонун падышасы Рахаптын үйүнө жоокерлерин жиберген. Рахап болсо тиги экөөнү үйүнүн чатырына жашырып, жоокерлерди башка жолго салган. Ал эки чалгынчыга: «Жахабанын силер тарапта экенин жана бул жерди басып аларыңарды билем. Ошон үчүн силерге жардам берем. Суранам, үй-бүлөмдү аман алып калабыз деп ант бергиле»,— деген.

Чалгынчылар ага: «Үйүңдүн ичиндегилердин эч кимиси өлбөйт»,— деп убада беришкен. Анан: «Терезеңе кызыл жип байлап кой. Ошондо үйүңдөгүлөр аман калышат»,— дешкен.

Рахап чалгынчыларды аркан менен терезесинен түшүргөн. Алар тоолуу аймакка барып, Жашыяга кайтып баргыча үч күн ошол жакта болушкан. Анан ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтүп, ал шаарды басып алууга даярданышкан. Жерихо алар каратып алган шаарлардын биринчиси болгон. Жахаба аларга шаарды күнүнө бир жолу алты күн айланып чыгышы керектигин айткан. Жетинчи күнү болсо шаарды жети жолу айланып чыгышкан. Анан дин кызматчылар сурнай тартып, жоокерлер жер жаңырта кыйкырышкан. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урап калган. Бирок шаардын дубалында жайгашкан Рахаптын үйү эч нерсе болгон эмес. Рахап Жахабага таянгандыктан, өзү да, үй-бүлөсү да аман калган.

«Рахап да чалгынчыларга меймандостук көрсөтүп жана аларды башка жол менен узатып, иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле?» (Жакып 2:25)