Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-САБАК

Жаңы жол башчы жана эки эр жүрөк аял

Жаңы жол башчы жана эки эр жүрөк аял

Жахабанын элине көп жыл бою жол башчы болгон Жашыя 110 жашында көз жумган. Анын көзүнүн тирүүсүндө ысрайылдыктар Жахабага сыйынышчу. Бирок ал өлгөндөн кийин, алар, канаандыктардай болуп, буркандарга сыйына башташкан. Ысрайылдыктар баш ийбей калгандыктан, Жахаба аларды канаандыктардын Жабин деген падышасынын колуна салып берген. Жабин ысрайыл элин ушунчалык катуу эзгендиктен, алар Жахабага жардам сурап жалбарган. Ошондо Жахаба аларга Барак деген жаңы жол башчыны дайындаган. Барак элге Жахабага кайрылып келүүгө жардам бермек.

Дебора деген пайгамбар аял Баракка киши жөнөтүп, Жахабанын мындай деген сөздөрүн айттырган: «Өзүң менен кошо 10 000 киши алып, Жабиндин аскери менен согушуш үчүн Кишон өзөнүнө бар. Ал жактан Жабиндин аскер башчысы Сисераны жеңесиң». Барак болсо Деборага: «Эгер мени менен барсаң, барам»,— деген. Дебора ага: «Мен сени менен барам. Бирок Сисераны сен өлтүрбөйсүң. Жахаба аны аял өлтүрөрүн айтты»,— деп жооп берген.

Дебора жана Барак менен анын аскери согушка даярдануу үчүн Табор тоосуна чыгышкан. Муну укканда Сисера дароо майдан арабалары менен жоокерлерин өрөөнгө чогулткан. Дебора Баракка: «Жахаба бүгүн сени жеңишке жеткирет»,— деп айткан. Сисеранын кубаттуу аскери менен беттешүү үчүн Барак 10 000 жоокерин баштап, тоодон түшкөн.

Жахаба кийлигишкендиктен, Кишон суусу ташкындап, Сисеранын майдан арабалары ылайга тыгылып калган. Ошондо ал арабасынан түшүп, качып жөнөгөн. Барак менен анын аскери Сисеранын аскерин кырып таштаган, бирок Сисера качып кеткен. Ал качып барып, Жаел деген аялдын чатырына жашынып калган. Жаел ага сүт берип, үстүнө жууркан жаап койгон. Сисера аябай чарчагандыктан катуу уктап калган. Жаел анын жанына акырын басып барып, чатырдын казыгын чыкыйына кагып, өлтүрүп койгон.

Анан Барак Сисераны издеп ошол жерге келген. Жаел чатырынан чыгып, ага: «Кир, мен сага издеп жүргөн кишиңди көрсөтөйүн»,— деген. Барак чатырга кирип, Сисеранын өлүп жатканын көргөн. Ал Дебора экөө ысрайылдыктарды жеңишке жеткиргени үчүн Жахабаны ыр менен даңкташкан. Ошентип, кийинки 40 жыл бою ысрайыл эли тынчтыкта жашаган.

«Жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт» (Забур 68:11)